КЫЗЫЛ-ОМПОЛ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КЫЗЫЛ-ОМПОЛ — топоним. Манастын Орго кан менен болгон согушунда:
Кызыл-Омпол дөбөсү, Кароолго чыгып келгени Кызыталак капырдын Шамың шаа деген төрөсү (Сагымбай Орозбаков, 2. 102),— деп кароол караган дөбө катары берилет. Экинчи бир жерде «Омполдун кызыл тоосу» (Сагымбай Орозбаков, 2. 101) деп айтылат. Географиялык реалияда Кызыл-Омпол Кыргыз Ала-Тоонун чыгыш уландысы, Ысык-Көл өрөөнүнүн батышындагы тоо.