кызыл-тазыл
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды«кызыл аралаш ар түрдүү түс» (КТС 2010:860); «разного рода красные предметы» (Юдахин 1965:478). Мындагы тазыл деген компонент азыр өз алдынча колдонулбайт жана мааниси да унутулуп калган. Сыягы, бул сөздүн төркүнү байыркы тилибиздеги тат (азыркы дат, темирдин даты) (ДТС 1969:541) деген сөзгө барып такалат. Буга –ар мүчөсүнүн жалганышы менен татар этиши пайда болуп, «дат баскан түскө келүү» маанисин туюндурган. Якут жана уйгур тилдеринде бүгүнкү күндө да өз алдынча колдонулат. Ал эми кыргыз тилинде кызарып-татарып, көгөрүп-татарып деген кош сөздөрдүн курамынан кездешет. К.Сейдакматовдун ою боюнча, бул компоненттин көг-өр жана кыз-ар деген эки башка түстү билдирген атоочтордон уюшулган этиштер менен бирге колдонулушу металлдардын дат басканда ар башка түскө ээ болушу менен түшүндүрүлөт. (Сейдакматов 1988:216).
Кызыл сын атоочу кыз-ар деген этиш сыяктуу кызы деген уӊгуга –ыл мүчөсүнүн жалганышы менен жаралганына таянып, тазыл сын атоочу да адегенде тат-ыл шекилинде пайда болуп, кийинчерээк чогуу колдонулуп жүргөндүктөн кызылдын таасири менен тазыл болуп калса керек болжолдоого болот. Жогоруда кызыл-тазыл кош сөзүнүн «кызыл аралаш ар түрдүү түс» деп чечмеленип жатышы да металлдардын дат басканда ар башка түскө ээ болушу менен байланыштуу болсо керек. Кызыл-тазыл кырмызы, Кыргагын тартсам бөлүнбөйт, Кыжылдаган манжуудан Сага кылчаяр адам көрүнбөйт. («Манас»)