КЫЗЫЛ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАзыркы кыргыз тилинде кызыл сөзү кыз+ыл бөлүктөрүнөн турат. Анын кыз уңгусунун өзү эле азыркы «кызыл» сөзүнүн маанисин берген. Андай экени кызар этишинин кыз+ар морфемаларынан турушу аркылуу далилденет. Кошумча далил катары алтай тилинде йажар этиши кыргыз тилиндеги «жашыл түскө кел» дегенге барабар келишин, анын уңгусу йаш экенин, -ыл мүчөсү экенин келтирүүгө болот. Башкача айтканда, кызыл, жашыл сөздөрүнүн уңгусу -кыз, -жаш, -ыл мүчөсү деп билүүгө болот. Болжолу, бул -ыл мүчөсү азыркы кыргыз тилиндеги чийки деген сын атоочтон чийкил сын атооч сөзү жасалган сыяктуу кыз деген уңгудан кайра эле сын атоочтук маани берген кызыл сөзү жасалышы мүмкүн.