Киргизско-русский словарь Юдахина
Перевод КЫЗЫЛ в русско-кыргызском онлайн переводчике Эл-Создук

1. красный;
ураандар жазылган кызыл туулар красные знамёна с лозунгами;
кызыл көйнөк красная рубашка; красное платье;
кыздын көзү кызылда погов. девка любит красное (букв. глаза девицы на красном);
кызыл-тазыл разного рода красные предметы;
2. румяный (о человеке); румянец;
бетине кызыл жүгүрдү у него на лице появился румянец;
кызылым кетти өңүмдөн румянец сошёл с моего лица;
ак бетимдин кызылын арман, кайгы кетирди фольк. румянец с белого лица моего согнали печаль и горе;
3. (о масти) сивый;
көк кызыл сивый с тёмно-серыми пятнами;
кара кызыл сивый с заметными чёрными крапинками;
сары кызыл сивый с жёлтым (прожелть по белому фону);
ак кызыл светло-сивый;
кызыл буурул тёмно-сивый;
кызыл ооз (о коне) красногубый, с розоватыми губами;
4. ист. красный;
Кызыл Армия Красная Армия;
Кызыл гвардия Красная гвардия;
кызылдар красные;
5. (о чае) крепкий;
6. перен. обмолоченные и отвеянные хлебные злаки, чистое зерно (когда оно на току);
кызыл сапыр- веять (обмолоченное) зерно;
кызылга береке! пожелание работающим на току, соответствует русскому: "хорошего умолота!";
7. перен. мясо;
бир тиштем кызыл кусочек мяса (только откусить);
кызылга кароо любитель мяса, любитель мясного;
кызылды көрсө, кыя өтпөгөн если он видит мясо, то мимо не пройдёт;
8. южн. название паразита зерновых посевов;
9. (чаще кызылдай) выражает сильную степень чего-л.;
кызылдай мас пьян вдрызг;
мени кызылдай союп урду он меня избил всего в кровь; он меня исколошматил;
кызылдай тоно- отобрать всё; ограбить начисто;
кызылдай кыргын кровавая резня;
кызылдай зордук неслыханное насилие;
кызылдай эле жаздым я здорово ошибся;
кызыл камчы (о человеке) жестокий;
кызыл чөл безжизненная пустыня;
кызыл уурулар ворюги;
кызыл-кыйма салгылаш общая свалка; отчаянная потасовка;
кызыл чок
1) красная шишечка (на шапке);
2) ист. китайский чиновник;
кызыл кыз красная девица (красивая и скромная);
кыз экенде - кызыл кыз, жаман катын кайдан чыкты? погов. все девицы - ангелы, а откуда жёны-черти берутся? (букв. в девицах - скромная девица, откуда же появилась дурная жена?);
кызыл бут холостяк;
кызыл кабык южн. дикий лук;
кызыл кийик южн. название дикого парнокопытного животного;
кызыл тебетей см. тебетей;
кызыл уук см. уук I;
кызыл жүгүрүк см. жүгүрүк;
кызыл май см. май I;
кызыл кулак см. кулак I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Кандын ыраңындай түс. Алдынкы кызыл желектүү машинадагылар тоону жаңыртып ырдашты (Сасыкбаев).
  1. 2.           Революциялык кыймылга тийиштүү, совет өкмөтүнө, советтик түзүлүшкө байланыштуу адамдар (көбүнчө көптүк санда). Кызылдар да карап турбай, .. душмандын мизин кайтарууга чамдашты (Сасыкбаев).
  2. 3.           Көбүнчө көгүш түстөгү, ак түс аралаш жылкыга карата айтылат. Бир күнү куландан соо кетип баратып,.. кызыл ат шылк этип кулап түштү (Элебаев).
  3. 4.           өт. Эт. Кайда чыкса кызылга, Кайкып учуп сабалап, Кайран жору конуптур (Каралаев).
  4. 5.           өт. Бастырылып, бөлүнүп алынган эгин, таза дан. Кырмандын ортосундагы кызылдын жанында Эркин отурат (Жантөшев). Жутабай карыя.. кызылдарды желге сапырууда (Баялинов).

Кызыл-тазыл — кызыл аралаш ар түрдүү түс. Кызыл-тазыл кийинип, Кыздар үкү сайынган («Курманбек»). Кызыл чийкил — кызылдуу агыш (өң, түс жөнүндө). [Алексеевдин] купкуу өңү кызыл чийкилге айланган (Жантөшев). Кызыл жаян к. жаян II. Кызыл Армия —Советтик Армиянын 1918-жылдан 1946-жылга чейинки аты. Кызыл гвардия к. гвардия. Кызыл аскер к. аскер. Кызыл үй же кызыл бурч — маданий-агартуу иштери үчүн бөлүнгөн үй же бөлмө. Көчмө кызыл үйү бар (Үсөнбаев). Кызыл бурчтарда агитаторлордун дежурствосу коюлган («Коммунист»). Кызыл такта — бетине иштин алдынкылары, жакшы иштегендер белгиленүүчү кызыл түскө боёлгон, көрүнөө жерде туруучу такта. Райондо, областта, союзда Кызыл такта кызматыңды жаздыбы (Нуркамал). Кызыл кулак — алып сатар, нерселерди өз пайдасы үчүн ашык баада сатуучу. Кызыл кулак, сүткорго, Пайда чыгар мал жакшы (Жантөшев). Кызыл чок к. чок II. Кызыл ашык к. ашык II. Кызыл жүгүрүк к. жүгүрүк. Кызыл май болуу к. май I. Кызыл камчы к. камчы. Кызыл чеке болуу к. чеке. Кызыл кекиртек к. кекиртек. Бетинде кызылы бар — уяттуу. Кызыл кереге кылуу к. кереге. Кызыл болуу — кызыгуу, эңсөө. Кызыл кырман к. кырман.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
кызыл (өң, түс)
кызыл ала
кызыл-ала кылуу
кызыл аскер
кызыл ашык
кызыл багымдат
кызыл балык (зоол.)
кызыл боор
кызыл бөрк (зоол.)
кызыл бүлдүркөн (бот.)
кызыл бурч
кызыл бут (бойдок)
кызыл буурул
кызыл гвардия
кызыл жаян
кызыл жүгүрүк
кызыл жүк
кызыл жылышуу (физ.)
кызыл кабык (жапайы
пияз)
кызыл калтар
кызыл камчы
кызыл канаттар (зоол.)
кызыл карагай (а. ч.)
кызыл кекиртек
кызыл кереге
кызыл кетмен
кызыл кийик
кызыл китеп (ук.)
кызыл койдой союу
кызыл көйнөк
кызыл көчүк көпөлөк
(зоол.)
кызыл күзөн (зоол.)
кызыл кулак
кызыл кулактык
кызыл курт (сөөлжан)
(диал.)
кызыл кыз
кызыл кыргын
кызыл кырман
кызыл май болуу
кызыл мыя (бот.)
кызыл өңгөч
кызыл өңү саз болуу
кызыл өрүк (а. ч.)
кызыл сызык (иск.)
кызыл сымак
кызыл-тазыл
кызыл такта
кызыл тебетей (эск.)
кызыл тил
кызыл топурак (а. ч.)
кызыл тору
кызыл төштөр (зоол.)
кызыл туу
кызыл уук болуу
кызыл уук кылуу
кызыл үй
кызыл фигуралуу стиль
(иск.)
кызыл чеке
кызыл чеке ажыдаар
(зоол.)
кызыл чеке болуу
кызыл чеке кашкалдак-
тар (зоол.)
кызыл чие
кызыл чиедей
кызыл чок (эск.)
кызыл шуру (зоол.)
кызыл эт
кызыл ээк
кызыл ээк чал

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде кызыл сөзү кыз+ыл бөлүктөрүнөн турат. Анын кыз уңгусунун өзү эле азыркы «кызыл» сөзүнүн маанисин берген. Андай экени кызар этишинин кыз+ар морфемаларынан турушу аркылуу далилденет. Кошумча далил катары алтай тилинде йажар этиши кыргыз тилиндеги «жашыл түскө кел» дегенге барабар келишин, анын уңгусу йаш экенин, -ыл мүчөсү экенин келтирүүгө болот. Башкача айтканда, кызыл, жашыл сөздөрүнүн уңгусу -кыз, -жаш, -ыл мүчөсү деп билүүгө болот. Болжолу, бул -ыл мүчөсү азыркы кыргыз тилиндеги чийки деген сын атоочтон чийкил сын атооч сөзү жасалган сыяктуу кыз деген уңгудан кайра эле сын атоочтук маани берген кызыл сөзү жасалышы мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандын ыраңындай түс. Алдыңкы кызыл желектүү машинадагылар тоону жаңыртып ырдашты (Сасыкбаев). 2. тар. Революциялык кыймылга тиешелүү, кеңеш өкмөтүнө, кеңештик түзүлүшкө байланыштуу адамдар (көбүнчө көптүк санда). Кызылдар да карап турбай, душмандын мизин кайтарууга чамдашты (Сасыкбаев). 3. Көбүнчө көгүш түстөгү, ак түс аралаш жылкыга карата айтылат. Бир күнү куландан соо кетип баратып, кызыл ат шылк этип кулап түштү (Элебаев). Кайда чыкса кызылга, Кайкып учуп сабалап, Кайран жору конуптур (Каралаев). 4. өт. Бастырылып, бөлүнүп алынган эгин, таза дан. Кырмандын ортосундагы кызылдын жанында Эркин отурат (Жантөшев). Жутабай карыя кызылдарды желге сапырууда (Баялинов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЗЫЛБАШ — этноним. Эпосто Көкөтөйдүн ашына чакырылган элдердин бири катары эскерилет:
Күн батыштын жагында
Кызылбаш бар, тарса бар,
Ашка келсе анча көп
Алакандай Анжыян
Ага буруш кандай кеп (Сагымбай Орозбаков, 3. 75).

Тарыхта (16-к.) Ирандагы ислам дининин бир багытын түзгөн шийиттер сунниттер менен согушкан учурда айырмаланып туруш үчүн кызыл баш кийим кийип жүргөндүктөн «Кызылбаш» деп аталган. 16-кылымда Орто Азия элдерине (өзбек, түркмөн, тажик, каракалпак) да диний согуштарды жүргүзүп келген. Ошондуктан, бул элдерде «Кызылбаш» деп жалпы эле түндүк чыгыш ирандыктарды атап, душман катары эсептешкен. Оозеки чыгармаларда да ошондой эле мааниде чагылдырылган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЗЫЛ-БЕЛ — топоним. Манастын Орго кан менен болгон согушунда: «Кызыл-Белден ашыңар, Кыйыныраак шашыңар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 74),— деп айтылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай, катуу токмоктоо, кызыл-ала кылуу. Ушундай дагы эр болобу, жыйырма-отуздай киши кызылдай сабап жатса, башы-көзүн жашырып да койгон жок (Токтогул). В.: Кызылдай союу. Жиндердин ачуусу аябай келди, ошентип, мени кызылдай соё башташты («Жомоктор»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЗЫЛ ДӨӨ — мифтик кейипкер. «Буттары бар мунардай, Колдору бар чынардай» жомоктук элдин башчысы (Сагымбай Орозбаков, 3. 13). Көкөтөйдүн ашына кабар берилип, чакырылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 99—100).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. имеющий в своём составе сивых (коней) или что-либо красное;
кызылдуу жылкы лошади, среди которых много сивых (ср. кызыл 3);
2. румяный, краснощёкий;
өңү кызылдуу жаш келин румяная молодуха;
бети кызылдуу, сепкили жок лицо у неё румяное, веснушек нет;
кызылдуу жигит совестливый, надёжный парень;
кызылдуу жер место, поросшее хорошей растительностью.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЗЫЛ-ЖАР — топоним. Эпосто Семетей баатыр чоролорунан: «Шемей калаа, Кызыл-Жар, Аны көргөн барсыңбы?» (Радлов жазып алган вариант 312),— деп сураганда эскерилет. Казакстандагы Семей (Шемей) калаасы менен катар айтылганына караганда ага жакыныраак жайгашкан мурдагы К.-Ж. (азыркы Петропавловск) шаары жөнүндө баяндалып жатканын айтууга болот.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЗЫЛ ЖИЙДЕ — топоним. Кырк чоро биринчи жолу качканда Семетей артынан кууп жетип элдешип, Таласка кайра алып келген жер. Географиялык реалия катары Иленин боюндагы жерлердин бири.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ырайымсыз, аялга катаал. Кызыл камчы шыпайдар («Семетей» С. К.). – О, кызыл камчы зулум, мен саа аяш белем?! Мындай каардуу кызыл камчыны ким көргөн (Сыдыкбеков). – О кудай урган келесоо, деле камчысынын кызылын кантесиң (Акматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай сабоо, уруу, таяктоо. Шадыбек анын колу-бутун таңдырып көйнөкчөн көмөрөсүнөн жаткырып коюп, өзү чарчаганча кызыл камчыга алды (Каимов). Кыз да болсо аябай, Жигиттер, кызыл камчыга алгыла («Олжобай менен Кишимжан»),

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай сабоо, уруу, таяктоо. Шадыбек анын колу-бутун таңдырып көйнөкчөн көмөрөсүнөн жаткырып коюп, өзү чарчаганча кызыл камчыга алды (Каимов). Кыз да болсо аябай, Жигиттер, кызыл камчыга алгыла («Олжобай менен Кишимжан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Куру кыйкырыкты жакшы көргөн, жөнү жок жерден, орунсуз эле бир нерселерди талаша кызууланып сүйлөй берме. Кээ бир кызыл кекиртек адамдар оозуңду ача электе эле айтышууга даяр болуп турат («Ала-Тоо»). Көрчү тигил кызыл кекиртек старчын да байдын таламын талашып, жан-алы калбай жагынып жатат (Абдукаримов). 2. Алдым-жуттум, жегич-ичкич, жеп-ичкенди жакшы көргөн. «Менин чыгармамды жылдырсаң, сеникин учурабыз», - деп ачык соодалашкан кээ бир кызыл кекиртектер чыкты («Кыргызстан маданияты»). 3. Ичип-жей турган тамак-аш деген мааниде. Азыр эл кызыл кекиртектин гана айласын ойлоп калган (Абдукаримов). Кызыл кекиртектин айынан мында келдим (Абдукаримов). Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Куру кыйкырыкты жакшы көргөн, жөнү жок жерден, орунсуз эле бир нерселерди талаша кызууланып сүйлөй берме. Кээ бир кызыл кекиртек адамдар оозуңду ача электе эле айтышууга даяр болуп турат («Ала-Тоо»). Көрчү тигил кызыл кекиртек старчын да байдын таламын талашып, жан-алы калбай жагынып жатат (Абдукаримов). 2. Алдым-жуттум, жегич-ичкич, жеп-ичкенди жакшы көргөн. «Менин чыгармамды жылдырсаң, сеникин учурабыз», – деп ачык соодалашкан кээ бир кызыл кекиртектер чыкты («Кыргызстан маданияты»). 3. Ичип-жей турган тамак-аш деген мааниде. Азыр эл кызыл кекиртектин гана айласын ойлоп калган (Абдукаримов). Кызыл кекиртектин айынан мында келдим (Абдукаримов). Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Боз үйдүн үзүк, туурдугун сыйыруу, жалгыз кереге-уугу калуу. Тезинен боз үйдү кызыл кереге кылып сыйрып жиберишти (Касымбеков). Ал эми ортодогу алты канат ак үйдү эл кызыл кереге кылып, токсон тогуз курчап турушту (Көчкөнов). 2. Кыргын салуу, үй мүлкүн талоо, талкалоо, эч нерсесин калтырбай олжолоп кетүү. Акарат кылган сасыткылардын өздөрүн жүндөй сабап, айылын кызыл кереге кылып, талап келгиле (Токомбаев). В.: Кызыл уук кылуу. – Кана, батаңарды бергиле, мен азыр жигиттеримди баштап, букараны кызыл уук кыламын (Үмөталиев). Жер дүңгүрөткөн күчкө биригип, душманын кызыл уук кылып, катуудан казан калтырбады (Көчкөнов). «Биз кол көтөрбөсөк да, казан-аякты талкалап, үйдү астын-үстүн кылып, кызыл уук кылып кетишти!» деп, улукка чуркурап ыйлап арыздангыла! (Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Боз үйдүн үзүк, туурдугун сыйыруу, жалгыз кереге-уугу калуу. Тезинен боз үйдү кызыл кереге кылып сыйрып жиберишти (Касымбеков). Ал эми ортодогу алты канат ак үйдү эл кызыл кереге кылып, токсон тогуз курчап турушту (Көчкөнов). 2. Кыргын салуу, үй мүлкүн талоо, талкалоо, эч нерсесин калтырбай олжолоп кетүү. Акарат кылган сасыткылардын өздөрүн жүндөй сабап, айылын кызыл кереге кылып, талап келгиле (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
эск. Баатырдын, кандын, эл башында турган адамдын үстүнө кызыл кийип, сары менен башын ороосу, согуштун белгиси, жоого аттанып жортуулга чыгуунун белгиси. Кызылды Манас кийиптир – Кыргызга кылар каары бар, Кызылды эндей жамынып, Кылар иши дагы бар. Сарыны башка чалган соң, Бир шумдук кылар чагы бар! Муну айтышып баарысы, Муңайышып калышты («Манас» С. О.). Кызыл кийип үстүнө, сары селде чалынып («Манас» С. О.).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫЗЫЛ КИТЕП – өзгөчө коргоо тартибин киргизип, андан ары башын көбөйтүү максатында белгиленген мыйзам тартиби аркылуу бекитилүүчү жоголуп бараткан же жоголуу алдында турган сейрек жаныбарлар тууралуу маалыматтардын жыйындысы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сейрек жолугуучу жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн таралуусу, саны, биологиясы жана аларды коргоо чаралары жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган китеп. Кызыл китепке жок болуу алдындагы, азайып бараткан, сейрек кезигүүчү, толук изилденген, калыбына келген жаныбар, өсүмдүктөрдүн түрлөрү катталган.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерселерди өз пайдасы үчүн ашык баада сатуучу алып сатар, чайкоочу. Борбордогу кымызга көптөн бери арам акча, оңой олжо тапкан кызыл кулактар ээ болуп келатышат («Советтик Кыргызстан»). Ушул унутчаак жеңебиз кызыл кулактын кызы болуп жүрбөсүн (Тойбаев). Кызыл кулак, сүткорго, Пайда чыгар мал жакшы (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерселерди өз пайдасы үчүн ашык баада сатуучу алып сатар, чайкоочу. Борбордогу кымызга көптөн бери арам акча, оңой олжо тапкан кызыл кулактар ээ болуп келатышат. Ушул унутчаак жеңебиз кызыл кулактын кызы болуп жүрбөсүн (Тойбаев). Кызыл кулак, сүткорго, Пайда чыгар мал жакшы (Жантөшев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЗЫЛ-КУМ — топоним. Алооке кандын жери. Ал Манаска колго түшүп калганда:
Агала чап, Кызыл-Кум,
Аңчы барса жыргаган.
Ойнобой бенде турбаган,
Кымбат баа жерим бар (Саякбай Каралаев, 1. 211), жанымды аман калтыр, ушул жеримдин баарын берейин деп жалынып турганда айтылат. Географиялык реалияда Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын аралыгындагы чөл.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандуу кагылыш, кан төгүлгөн катуу согуш, уруш. Төрт жыл бою кызыл кыргында жүрүп, алты санынын кыпындай жерин окко чырпытпай, уруш бүткөндө «Даңк» орденинин үчөөн катар тагынып келет (Жигитов). Турдубай мерген Калчаны жетелеп, Мусакожону артка калкалап, кызыл кыргынды окчун сак-сактоодо (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандуу кагылыш, кан төгүлгөн катуу согуш, уруш. Төрт жыл бою кызыл кыргында жүрүп, алты санынын кыпындай жерин окко чырпытпай, уруш бүткөндө «Даңк» орденинин үчөөн катар тагынып келет (Жигитов). Турдубай мерген Калчаны жетелеп, Мусакожону артка калкалап, кызыл кыргынды окчун саксактоодо (Бейшеналиев). В.: Кызыл кыргын, кара сүргүн. Ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен (Акматов). Дүйнөлүк алаамат болуп, өмүр менен өлүм айыгышып жаткан кызыл кыргын, кара сүргүндү аралап өтсөң, бирок өлбөй тирүү чыксаң, анан а киши кантип адалдык менен арамдыкты билбей чыксын (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КЫЗЫЛ КЫРГЫН Ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен (Акматов). Дүйнөлүк алаамат болуп, өмүр менен өлүм айгышып жаткан кызыл кыргын, кара сүргүндү аралап өтсөң, бирок өлбөй тирүү чыксаң, анан а киши кантип адалдык менен арамдыкты билбей чыксын (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Абдан катуу урушуу, аябай салгылашуу. Кызыл кыргын, сары сүргүн болуп, эки уруу үч күн беттешти («Ала-Тоо»). 2. Абдан катуу уу-дуу болуу, аябай талашып-тартышуу. Сенин айыңдан атаң экөөбүз кызыл кыргын, сары сүргүн болуп калдык деди апам («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан катуу урушуу, аябай салгылашуу. Кызыл кыргын, сары сүргүн болуп, эки уруу үч күн беттешти («Ала-Тоо»). 2. Абдан катуу уу-дуу болуу, аябай талашып-тартышуу. «Сенин айыңдан атаң экөөбүз кызыл кыргын, сары сүргүн болуп калдык» деди апам («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бышыкчылык болуп, кырманга эгин толуп турган кез, кырман бастырып, эгин жыйнап алуунун кызуу учуру. Кызыл кырман маалы келди жаңырып, Эркек-аял эмгек нурун жамынып (Калык). Жакшы убак. Кызыл кырман, темин маалы Көңүлдү кубандырып жаңы даны (Осмонов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЗЫЛ-КЫЯ — топоним. Эпос боюнча Манас адеп Кошойго жолугаардын алдында К.-К. аттуу жолдон өткөндүгү айтылат:
Жер байкаган сыягы,
Үч-Каркыра басты дейт.
Кызыл-Кыя кымбат жол,
Кылт этип ашып түштү дейт (Курама вариант, 1. 74).

Географиялык реалияда Ысык-Көлдүн түндүк чыгышындагы тоо, ашуу.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Семиз малдын (көбүнчө жылкынын) кыйналуу, табынан жануу, дартка чалдыгуу, арыктоосуна карата айтылат. Үйүрдөгү айгыры кызыл май болгон (Осмоналиев). 2. Кыйналгандан каруусу кетүү, алсыроо, чарчоо, зоругуу. Чаржайыт чарпып күч качып, Кызыл май болдук, тер басып (Элебаев). Жөндөн-жөн эле далбастап, кара жаныңарды карч уруп, кыйналып, тоо коюнун бүтүндөй тинтип, кызыл май боло бербегиле (Мавлянов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Семиз малдын (көбүнчө жылкынын) кыйналуу, табынан жануу, дартка чалдыгуу, арыктоосуна карата айтылат. Үйүрдөгү айгыры кызыл май болгон (Осмоналиев). 2. Кыйналгандан каруусу кетүү, алсыроо, чарчоо, зоругуу. Чаржайыт чарпып күч качып, Кызыл май болдук, тер басып (Элебаев). Жөндөн-жөн эле далбастап, кара жаныңарды карч уруп, кыйналып, тоо коюнун бүтүндөй тинтип, кызыл май боло бербегиле (Мавлянов). В.: Кызыл май кылуу. Кыпчактын Ак-Шыйрагын семизинде тер алдырып алып, кызыл май кылып алыптыр (Көчкөнов). Өзүңөрдү убара кылып, атыңарды кызыл май кылып... деп жасоолдорду аяган киши болду (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катуу кыйналтуу, зоруктуруу. Кыпчактын Ак-Шыйрагын семизинде тер алдырып алып, кызыл май кылып алыптыр (Көчкөнов). Өзүңөрдү убара кылып, атыңарды кызыл май кылып... деп жасоолдорду аяган киши болду (Осмоналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.

КЫЗЫЛ-ОМПОЛ — топоним. Манастын Орго кан менен болгон согушунда:
Кызыл-Омпол дөбөсү, Кароолго чыгып келгени Кызыталак капырдын Шамың шаа деген төрөсү (Сагымбай Орозбаков, 2. 102),— деп кароол караган дөбө катары берилет. Экинчи бир жерде «Омполдун кызыл тоосу» (Сагымбай Орозбаков, 2. 101) деп айтылат. Географиялык реалияда Кызыл-Омпол Кыргыз Ала-Тоонун чыгыш уландысы, Ысык-Көл өрөөнүнүн батышындагы тоо.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЗЫЛ-СУУ — топоним. Манастын Орго кан менен болгон согушунда:
Кызыл-Суунун башына Кызматыңа бардык деп, Кыжылдаган кол көрүп Кыргын таап калдык деп (Сагымбай Орозбаков, 2. 125 — 126) айтылат. К.-С. шаар катары да сүрөттөлөт:
Ырамандын баласы
Кызыл-Сууда калаасы
Атын уксаң Каратай
Акындыгы бир далай (Сагымбай Орозбаков, 2. 92).

Географиялык реалияда К.-С. Ысык-Көлдүн тескейиндеги жер, суу.

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«кызыл аралаш ар түрдүү түс» (КТС 2010:860); «разного рода красные предметы» (Юдахин 1965:478). Мындагы тазыл деген компонент азыр өз алдынча колдонулбайт жана мааниси да унутулуп калган. Сыягы, бул сөздүн төркүнү байыркы тилибиздеги тат (азыркы дат, темирдин даты) (ДТС 1969:541) деген сөзгө барып такалат. Буга –ар мүчөсүнүн жалганышы менен татар этиши пайда болуп, «дат баскан түскө келүү» маанисин туюндурган. Якут жана уйгур тилдеринде бүгүнкү күндө да өз алдынча колдонулат. Ал эми кыргыз тилинде кызарып-татарып, көгөрүп-татарып деген кош сөздөрдүн курамынан кездешет. К.Сейдакматовдун ою боюнча, бул компоненттин көг-өр жана кыз-ар деген эки башка түстү билдирген атоочтордон уюшулган этиштер менен бирге колдонулушу металлдардын дат басканда ар башка түскө ээ болушу менен түшүндүрүлөт. (Сейдакматов 1988:216). Кызыл сын атоочу кыз-ар деген этиш сыяктуу кызы деген уӊгуга –ыл мүчөсүнүн жалганышы менен жаралганына таянып, тазыл сын атоочу да адегенде тат-ыл шекилинде пайда болуп, кийинчерээк чогуу колдонулуп жүргөндүктөн кызылдын таасири менен тазыл болуп калса керек болжолдоого болот. Жогоруда кызыл-тазыл кош сөзүнүн «кызыл аралаш ар түрдүү түс» деп чечмеленип жатышы да металлдардын дат басканда ар башка түскө ээ болушу менен байланыштуу болсо керек. Кызыл-тазыл кырмызы, Кыргагын тартсам бөлүнбөйт, Кыжылдаган манжуудан Сага кылчаяр адам көрүнбөйт. («Манас»)

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
тар. 1. Хандын белгиси катары өзгөчө тигилген баш кийим. Кыргызда ар элдин бир кызыл тебетейи бар деген сөз калетсиздей (Бейшеналиев). 2. Хан, бек. Булар кызыл тебетей болгон Казатты өлтүрүшкөн (Осмоналиев). Байымбет уулубуз азуусун айга жаныган чоң болушка, ыман, чоронун мүлдө кызыл тебетейлерине жакты (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
тар. 1. Хандын белгиси катары өзгөчө тигилген баш кийим. 2. өт. Хан, бек. Кыргызда ар элдин бир кызыл тебетейи бар деген сөз калетсиздей (Бейшеналиев). Булар кызыл тебетей болгон Казатты өлтүрүшкөн (Осмоналиев). Байымбет уулубуз азуусун айга жаныган чоң болушка, ыман, чоронун мүлдө кызыл тебетейлерине жакты (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чукугандай сөз тапкан, чечендиктин, мыкты ырдай билүүнүн, сүйлөй билүүнүн белгиси, символу катары колдонулат. Өнөр алды - кызыл тил (макал). Өзүнүн кызыл тилин кыябы менен безеп, сөз талашканда алдына жан салбайт (Нурпеисов). Жетимиштен ашканча, Кызыл тилиң безеди (Тоголок Молдо).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чукугандай сөз тапкан, чечендиктин, мыкты ырдай билүүнүн, сүйлөй билүүнүн белгиси, символу катары колдонулат. Өнөр алды – кызыл тил (макал). Өзүнүн кызыл тилин кыябы менен безеп, сөз талашканда алдына жан салбайт (Нурпеисов). Жетимиштен ашканча, Кызыл тилин безеди (Тоголок Молдо).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КЫЗЫЛ КЕРЕГЕ КЫЛУУ - Кана, батаңарды бергиле, мен азыр жигиттеримди баштап, букараны кызыл уук кыламын (Үмөталиев). Жер дүңгүрөткөн күчкө биригип, душманын кызыл уук кылып, катуудан казан калтырбады (Көчкөнов). «Биз кол көтөрбөсөк да, казан-аякты талкалап, үйдү астын-үстүн кылып, кызыл уук кылып кетишти!» деп, улукка чуркурап ыйлап арыздангыла! (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Жашылча, тоют катары колдонулуучу же кант чыгаруу максатында иштетилүүчү техникалык өсүмдүк жана ушул өсүмдүктүн кызыл, ак түстөгү тамыры, түбү. Кызылча казуу кызуу жүрө баштаган учур («Ала-Тоо»). Кызылчаны көп алып, Эмгегиң менен шаттандың (Үмөталиев). Алтын пахта, кант кызылча айдалган (Калык).
КЫЗЫЛЧА II зат. Кызамык, кызамык оорусу. Быйыл жазга жуук айылды кызылча каптап, жыйырма бир баланы алып кетти (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашылча, тоют катары колдонулуучу же кант чыгаруу максатында иштетилүүчү техникалык өсүмдүк жанаушул өсүмдүктүн кызыл, ак түстөгү тамыры, түбү. Кызылча казуу кызуу жүрө баштаган учур («Ала-Тоо») Кызылчаны көп алып, Эмгегиң менен шаттандың (Үмөталиев). Алтын пахта, кант кызылча айдалган (Калык).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Талашып-тартышып, кызаңдашкан абалга жетүү, катуу урушуп калуу. Алар менен кызыл чеке болушпай, жөндүү мамиледе болуңуз (Егиналиев). Коомдук жерде кызыл чеке болуп, итче тытышып жатышса тим коймок беле, тиешелүү жерге алып барышты («Чалкан»). Бул шылдың Аскардын сай сөөгүн сыздатып, чатак кызыл чеке болуп мушташууга чейин ырбады (Исмаилов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Талашып-тартышып, кызаңдашкан абалга жетүү, катуу урушуп калуу. Алар менен чеке болушпай, жөндүү мамиледе болүңуз (Егиналиев). Коомдук жерде кызыл чеке болуп, итче тытышып жатышса тим коймок беле, тиешелүү жерге алып барышты («Чалкан»). Бул шылдың Аскардын сай сөөгүн сыздатып, чатак кызыл чеке болуп мушташууга чейин ырбады (Исмаилов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КЫЗЫЛ ЧИЕДЕЙ Биринен бири кичине кызыл чие беш бала көздөрүн бажырайта, улам бири мурдун шуу тартып, ата айткан жомокту кулакка куюп отурушчу (Сыдыкбеков). Казак уук матап, кереге көктөп, адал эмгек менен кызыл чие балдарын ырыскысыз калтырчу эмес (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кичинекей, өтө жаш, чөбүрөгөн майда, боорун жерден көтөрө элек. Ал азыр мына бул кызыл чиедей жаш балалуу, суру качкан аялды көргөндө зээни кейип кетти (Жантөшев). Эптеп алып кел, Садыке, кызыл чиедей жаш балдар турат (Бердикеев). Кызыл чиедей жетим калган биздин тагдырыбыз менен эсептешкилери келбейт экен да! («Кыргыз Туусу»). В.: Кызыл чие. Биринен бири кичине кызыл чие беш бала көздөрүн бажырайта, улам бири мурдун шуу тартып, ата айткан жомокту кулакка куюп отурушчу (Сыдыкбеков). Казак уук матап, кереге көктөп, адал эмгек менен кызыл чие балдарын ырыскысыз калтырчу эмес (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кичинекей, өтө жаш, чөбүрөгөн майда, боорун жерден көтөрө элек балдар. Ал азыр мына бул кызыл чиедей жаш балалуу, суру качкан аялды көргөндө зээни кейип кетти (Жантөшев). Эптеп алып кел, Садыке, кызыл чиедей жаш балдар турат (Бердикеев). Кызыл чиедей жетим калган биздин тагдырыбыз менен эсептешкилери келбейт экен да! («Кыргыз Туусу»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫЗЫЛ-ЧОК — кытай жана калмак башкаруучуларынын баш кийиминдеги мансабын көрсөтө турган атайын белги. Мисалы, эпосто « Кызыл чок кытай журтунан» (Сагымбай Орозбаков, 1. 80), «Кызыл чоктуу көп ойрот, Мени кытай кайдан соо коёт?!» (Сагымбай Орозбаков, 1. 115) — деген сыяктуу саптар көп жолугат. Радлов жазып алган вариант боюнча ата-энеси жана эли мусулман болууну каалабаган соң Алмамбет кыргыздарды көздөй «кызыл чоктуу ойроттун канын өлтүрүп» (Радлов жазып алган вариант 19) качат. «Кызыл чоктуу ойротту өрт күйгөн эмедей сапырып», күн чыгышка сүрөт да, «Каапырдын каны болгончо мусулман кулу болоюн,» — деп кыргыздарга келет.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. тар. Кытай кызматкери, атка минери. Кызыл чок, ак эшикчи, үйөздөрүм, Эл урган жаман эле мүнөздөрүң (Тоголок Молдо). 2. тар. Жергиликтүү башкаруу уюмдарынын чабарманы. Биз барганда кызыл чоктор бирөөнү ортого алып, өлөрчө тепкилеп жаңы тургузду (Элебаев). Келди да Мамбетти «аттан түшкүн» деди, «Кызыл чок деген мен бир күчмүн» деди (Турусбеков). Шертай мындай кызыл чоктон канча адамды сактап калбады (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
тар. Жергиликтүү башкаруу органдарынын чабарманы. Келди да Мамбетти «аттан түшкүн» деди, «Кызыл чок деген мен бир күчмүн» деди (Турусбеков). Шертай мындай кызыл чоктон канча адамды сактап калбады (Бердикеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Татынакай, жакшынакай, бардыгы келишкен (аялга карата айтылат). Шамбеттин тирүү кезинде Калыйпа кызылы кызыл, агы ак, балкыйган ак-саргыл аял эмес беле (Бердикеев). «Кайни?! Мендей бозала абышканы кантип кайним дейт бу кызылы кызыл, агы ак буралган жаш келин?!» деди бир ою... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Татынакай, жакшынакай, бардыгы келишкен (аялга карата айтылат). Шамбеттин тирүү кезинде Калыйпа кызылы кызыл, агы ак, балкыйган аксаргыл аял эмес беле (Бердикеев). «Кайни?! Мендей боз ала абышканы кантип кайним дейт бу кызылы кызыл, агы ак буралган жаш келин?!» деди бир ою... (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаңы төрөлгөн баланы, айбандардын балдарынын жаңы туулган кездегисин, канаттуулардын балапандарынын жүнү чыга электегисин билдирүүдө колдонулат. Кантип ошо кудайдын жиберген алааматы кызынын мобу кызыл эт болуп турган күнөөсүз периштедей наристе балдарына келип тийсин (Абдукаимов). Кызыл эт кезинде эле комуз менен ушунчалык ынак болгон баланы башка кесипке бурууга болобу? (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаңы төрөлгөн баланы, айбандардын балдарынын жаңы туулган кездегисин, канаттуулардын балапандарынын жүнү чыга электигисин билдирүүдө колдонулат. Кантип ошо кудайдын жиберген алааматы кызынын мобу кызыл эт болуп турган күнөөсүз периштедей наристе балдарына келип тийсин (Абдукаимов). Кызыл эт кезинде эле комуз менен ушунчалык ынак болгон баланы башка кесипке бурууга болобу? (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан карыган, карылыгы жеткен, оозунда тиши жок (кемпир-чалга карата). Токтогулдун айрым обон, күүлөрүн кызыл ээк болсо да, таңдана кагазга түшүрүптүр (Бейшеналиев). Кызыл ээк кемпир. Кызыл ээк абышка.