Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Куру кыйкырыкты жакшы көргөн, жөнү жок жерден, орунсуз эле бир нерселерди талаша кызууланып сүйлөй берме. Кээ бир кызыл кекиртек адамдар оозуңду ача электе эле айтышууга даяр болуп турат («Ала-Тоо»). Көрчү тигил кызыл кекиртек старчын да байдын таламын талашып, жан-алы калбай жагынып жатат (Абдукаримов). 2. Алдым-жуттум, жегич-ичкич, жеп-ичкенди жакшы көргөн. «Менин чыгармамды жылдырсаң, сеникин учурабыз», – деп ачык соодалашкан кээ бир кызыл кекиртектер чыкты («Кыргызстан маданияты»). 3. Ичип-жей турган тамак-аш деген мааниде. Азыр эл кызыл кекиртектин гана айласын ойлоп калган (Абдукаримов). Кызыл кекиртектин айынан мында келдим (Абдукаримов). Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет (макал).