Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаңы төрөлгөн баланы, айбандардын балдарынын жаңы туулган кездегисин, канаттуулардын балапандарынын жүнү чыга электигисин билдирүүдө колдонулат. Кантип ошо кудайдын жиберген алааматы кызынын мобу кызыл эт болуп турган күнөөсүз периштедей наристе балдарына келип тийсин (Абдукаимов). Кызыл эт кезинде эле комуз менен ушунчалык ынак болгон баланы башка кесипке бурууга болобу? (Каимов).