КЫЗЫЛ ЧОК I
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. тар. Кытай кызматкери, атка минери. Кызыл чок, ак эшикчи, үйөздөрүм, Эл урган жаман эле мүнөздөрүң (Тоголок Молдо). 2. тар. Жергиликтүү башкаруу уюмдарынын чабарманы. Биз барганда кызыл чоктор бирөөнү ортого алып, өлөрчө тепкилеп жаңы тургузду (Элебаев). Келди да Мамбетти «аттан түшкүн» деди, «Кызыл чок деген мен бир күчмүн» деди (Турусбеков). Шертай мындай кызыл чоктон канча адамды сактап калбады (Бердикеев).