Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Жашылча, тоют катары колдонулуучу же кант чыгаруу максатында иштетилүүчү техникалык өсүмдүк жана ушул өсүмдүктүн кызыл, ак түстөгү тамыры, түбү. Кызылча казуу кызуу жүрө баштаган учур («Ала-Тоо»). Кызылчаны көп алып, Эмгегиң менен шаттандың (Үмөталиев). Алтын пахта, кант кызылча айдалган (Калык).
КЫЗЫЛЧА II зат. Кызамык, кызамык оорусу. Быйыл жазга жуук айылды кызылча каптап, жыйырма бир баланы алып кетти (Жантөшев).