Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кичинекей, өтө жаш, чөбүрөгөн майда, боорун жерден көтөрө элек. Ал азыр мына бул кызыл чиедей жаш балалуу, суру качкан аялды көргөндө зээни кейип кетти (Жантөшев). Эптеп алып кел, Садыке, кызыл чиедей жаш балдар турат (Бердикеев). Кызыл чиедей жетим калган биздин тагдырыбыз менен эсептешкилери келбейт экен да! («Кыргыз Туусу»). В.: Кызыл чие. Биринен бири кичине кызыл чие беш бала көздөрүн бажырайта, улам бири мурдун шуу тартып, ата айткан жомокту кулакка куюп отурушчу (Сыдыкбеков). Казак уук матап, кереге көктөп, адал эмгек менен кызыл чие балдарын ырыскысыз калтырчу эмес (Сыдыкбеков).