КЫЗЫЛ КУЛАК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бир нерселерди өз пайдасы үчүн ашык баада сатуучу алып сатар, чайкоочу. Борбордогу кымызга көптөн бери арам акча, оңой олжо тапкан кызыл кулактар ээ болуп келатышат («Советтик Кыргызстан»). Ушул унутчаак жеңебиз кызыл кулактын кызы болуп жүрбөсүн (Тойбаев). Кызыл кулак, сүткорго, Пайда чыгар мал жакшы (Жантөшев).