Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандын ыраңындай түс. Алдыңкы кызыл желектүү машинадагылар тоону жаңыртып ырдашты (Сасыкбаев). 2. тар. Революциялык кыймылга тиешелүү, кеңеш өкмөтүнө, кеңештик түзүлүшкө байланыштуу адамдар (көбүнчө көптүк санда). Кызылдар да карап турбай, душмандын мизин кайтарууга чамдашты (Сасыкбаев). 3. Көбүнчө көгүш түстөгү, ак түс аралаш жылкыга карата айтылат. Бир күнү куландан соо кетип баратып, кызыл ат шылк этип кулап түштү (Элебаев). Кайда чыкса кызылга, Кайкып учуп сабалап, Кайран жору конуптур (Каралаев). 4. өт. Бастырылып, бөлүнүп алынган эгин, таза дан. Кырмандын ортосундагы кызылдын жанында Эркин отурат (Жантөшев). Жутабай карыя кызылдарды желге сапырууда (Баялинов).