КЫЗЫЛ КЫРГЫН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кандуу кагылыш, кан төгүлгөн катуу согуш, уруш. Төрт жыл бою кызыл кыргында жүрүп, алты санынын кыпындай жерин окко чырпытпай, уруш бүткөндө «Даңк» орденинин үчөөн катар тагынып келет (Жигитов). Турдубай мерген Калчаны жетелеп, Мусакожону артка калкалап, кызыл кыргынды окчун сак-сактоодо (Бейшеналиев).