Киргизско-русский словарь Юдахина
кызуу I
горячий
прям. , перен.;
разгорячённый;
темирди кызуусунда сок погов. куй железо, пока горячо;
кызуу киши горячий человек;
кызуу кубатташты горячо поддержали;
жазгы жумуштардын кызуу мезгили период разгара весенних работ;
кызуу түрдө энергично;
кызуу кандуу возбуждённый;
кызуу элем я был под хмельком;
кызуу иштин аягы сууганча см. суу- III.
кызуу II
и. д. от кызы-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Ысык. Темирди кызуусунда сок (макал). Кызуусунда алдагыны бери тарт, Кыя чапчу кыйын уста оңунда (Осмонов)
  1. 2.           Өнүгүп-өрчүгөн, дүркүрөп күчөп турган , сууй элек, кызыган (сезим, көңүл, кубулуш, окуя ж. б. жөнүндө). Жаштыктын кызуусунда, күчүң барда Тартынбай табың үчүн түш майданга (Элебаев). Татыбек кызуу уйкуда (Байтемиров). Кыз-келин кызуу орокто (Мидин). Чогулушта кызуу талкуу башталды (Каимов).
  2. 3.           Кызымтал, анча мас эмес. Ал [Жолбунов] ичип алып кызуу келген экен (Убукеев).

Кызуу кандуу же каны кызуу — ачуусу чукул, кыялы чорт, чапчаң мүнөздүү. Любанын каны кызуу эле (Аалы). [Кебек карыянын] катын-баласы өлгөндөн бери каны эң эле кызуу болуп кетти (Байтемиров).
КЫЗУУ II кызы этишинин кыймыл атоочу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ысык. Темирди кызуусунда сок (макал). Кызуусунда алдагыны бери тарт, Кыя чапчу кыйын уста оңунда (Осмонов) 2. Өнүгүп-өрчүгөн, дүркүрөп күчөп турган, сууй элек, кызыган (сезим, көңүл,кубулуш, окуя ж. б. жөнүндө). Жаштыктын кызуусунда, күчүң барда, Тартынбай табың үчүн түш майданга (Элебаев). Татыбек кызуу уйкуда (Байтемиров). Кыз-келин кызуу орокто (Мидин). Чогулушта кызуу талкуу башталды (Каимов). 3. Кызымтал, анча мас эмес. Жолбунов ичип алып кызуу келген экен (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүн-өзү токтото албаган, ачуусу чукул, токтомдуу эмес, мүнөзү чапчаң, чогоол. Кызуу кандуу кишиге кол тийгизсе же бир жаман сөз айтса, иштин бүткөнү (Жантөшев). Кызуу кандуу, каардуу киши Эдигей, ошо мүнөзү үчүн Борондуу деп аталып калган (Айтматов). В.: Каны кызуу. Каны кызуу жаш жигит чапса чаап койгондур (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүн-өзү токтото албаган, ачуусу чукул, токтомдуу эмес, мүнөзү чапчаң, чогоол. Кызуу кандуу кишиге кол тийгизсе же бир жаман сөз айтса, иштин бүткөнү (Жантөшев). Кызуу кандуу, каардуу киши Эдигей, ошо мүнөзү үчүн Борондуу деп аталып калган (Айтматов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
горячиться, возбуждаться, приходить в азарт;
сөздөр кызуулап кетти разговор разгорелся, принял страстный характер;
жумуш кызуулап турган кез время самого разгара работы;
кызуулап айт- сказать возбуждённо.