КЫЗ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ата-эненин ургаачы жыныстуу баласы, ургаачы жыныстуу, бойго жете элек же бойго жеткен жаш адам. Машинада бара жаткан инженер Лиза аттуу кызын эсине түшүрүп, терең күрсүндү (Сасыкбаев). Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз (Осмонов). Сабак убактысы кандай өткөнүн кыздар сезбей да калды (Сасыкбаев). Жигит менен кыздарга жээгинде ойнор көл жакшы (Жантөшев). Басып өтсөң, жолуңдан гүл ачылып, Жетпей калчу кыз, келин кулач уруп (Мамазаирова). 2. Аялдын кайын сиңдисине (күйөөсүнүн карындашына) карата тергөө катары колдонуучу сөзү.