Киргизско-русский словарь Юдахина
кыр I
1. горный хребет; гребень горы;
2. холмистая степь; возвышенность;
3. грань;
таштын кыры грань камня;
кыр таш камень с острыми гранями;
4. чуйск. то же, что кыршап;
5. мат. ребро; грань;
кубдун кырлары грани куба;
көп кырдыктын кыры ребро многогранника;
6. верх, поверхность;
эгин кыр жаап калды всходы (зеленя) покрыли почву;
аштык текши кыр жапты всходы сплошь и ровно покрыли землю (выросли настолько, что закрыли землю);
кыр арка позвоночный столб;
жаралуу болду кыр аркам фольк. я ранен в позвоночник;
кыр мурун тонкий прямой нос (без горбинки и не приплюснутый);
кыр мурундуу
1) имеющий прямой (без горбинки) нос;
2) вид беркута;
кырынан түшүп жаткан он (человек) лежал на боку;
кырынан ташта- бросить (напр. борясь, человека на землю) так, чтобы (он) упал на бок;
кырктын кырына келгенде когда ему только-только исполнилось сорок (лет);
ал кезде мен араң жыйырманын кырында болчумун тогда я едва достиг двадцати (лет);
жумурткадан кыр таап придираясь к мелочам, копаясь в подноготной; придирчиво (букв. отыскивая грань у яйца);
алар жумурткадан кыр табууга аракет кылышат они стараются найти повод для придирок, стараются хотя бы к чему-нибудь придраться;
көз кырын сал-
1) взглянуть одним глазком;
2) присматривать, проявлять заботу;
кез-кезде келип, менин ал-жайыма көз кырыңарды сала жүргүлө вы время от времени (иногда) приходите и справляйтесь о моём состоянии;
көз кырын үз- перестать заботиться;
көзүңдүн кырын үзбөгүн ажал жетип өлгөнчө фольк. до самой смерти не оставляй своим вниманием;
көңүлүнүн кырын да жиберген жок он не проявил никакой заботы, совершенно не удостоил вниманием;
кырды кыдырган, сырды сыдырган тот, кто прошёл огонь и воду, пролаза;
кырына чык- сесть кому-л. на шею;
анын алдында уяңдык кылсаң, ал кырыңа чыгып алат если ты его будешь стесняться, то он тебе на шею сядет;
мага кыр көрсөтөйүн дедиңби? ты намерен меня запугать?
кыр көрсөтүү полит. уст. демонстрация;
кыр алды первым, прежде всех;
сары кыр то же, что сарыгыр.
кыр II
звукоподражание хрипению;
көкүрөгү кыр этип, кирпикке кирпик илинип фольк. в груди у него раздался хрип, ресницы за ресницы зацепились (глаза закрылись).
кыр- III
1. скоблить, соскабливать;
казанды кыр- выскабливать котёл;
сөзүк - кургак казанды кыргандай слова твои (столь же неприятны), будто выскабливают пустой котёл;
кырып-жышып скобля и чистя (напр. коня скребницей);
2. брить;
устара менен сакалымды кырып таштады он бритвой сбрил мне бороду;
3. перен. уничтожить; изничтожить;
карышкыр койду кырды волк зарезал овцу;
тамак кыр- см. тамак 2.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Тоонун кырка тартып, жондонуп чыгып турган бөлүгү, тоонун көтөрүлүп чыгып турган жону. Аттуулар кыр өйдө келип жакындаганда Алыбек Темировду тааныды (Жантөшев). Жамгырым, жамгырым, Көгөрт тоонун ой, кырын (Осмонов).
  1. 2.           Бир нерсенин чети, кырданып чыгып турган бөлүгү. Атай суудан секирип, арыктын кырына чыкты (Бейшеналиев). Жер тамдын кырында.. кара чыйырчыктар олтурат (Сасыкбаев).
  2. 3.           Каптал. Көмөрөсүнөн жаткан Каныбек сол жаккы кырына оодарылды (Жантөшев).
  3. 4.           Жал, жал-жал, жон-жон кылып үйүлгөн үйүндү. Батыйманын көзүнө кырманга додолоп койгон, кыр-кыр кызыл буудайларга окшоп көрүндү (Убукеев). Эчен кыр данга толгон кырманында, Чамынып молотилка турган чагы (Маликов).

Кыр жабуу — эгин көйкөлүп текши чыгып, жердин карасын көрсөтпөй жаап калуу. Буудайы кыр жаап келгенде, Арпасын эрте сугарган (Токтогул). Кыр көрсөтүү к. көрсөт. Көз кырын салуу — кайрылышып туруу, жардам берүү, карай жүрүү, көңүл бөлүү. Кырына чыгып алуу — үстөм болуу, үстөм келүү. Эми Мамбет да.. [Мамбеткулдун] кырына чыгып алды (Каимов).
КЫР I этиш. 1. Жок кылуу, өлтүрүү. Жыргалга кастык кылганды, Жыландай жанчып кырамын (Бөкөнбаев). Кырамын өзү келген ач көз жоону, Колхоздун адырынан чөп чапкандай (Үмөталиев).
2. Бир нерсени сүргүлөп тегиздөө, сүргүлөп тазалоо, сүрө тартып ажыратуу, бөлүү. Табак-аяк кырат, кашык жасайт (Аалы). Айран калдым мен көрүп, Апийимди кырганын (Осмонкул). [Аттын] жанына барып, мойнунан сылап, каткан терлерин кырды (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көрөгөчтүк, алдын ала билүүчүлүк, байкагычтык. Каныбек чалдын кыраакылыгына кубангандай карап турду (Жантөшев). Ата-бабаларыбыз эзелки тарыхый мекенине Ала-Тоо коюнуна кайтып келишип зор кыраакылык кылышкан.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. 1. Алгыр. Кыраан бүркүт. Кыраан куш.
2. Мыкты, кыйын, өткүр. Бизден чыкты өсүп жаштын кырааны, Эркек, аял, бир катарда туралы! (Барпы).
КЫРААН II: кыраан-каткы — жапырт, катуу күлүү аябай каткыра күлгөн күлкү. Алардын кыраан-каткы күлкүлөрү алда кайда угулат (Жантөшев). Олтурган элдер кыраан-каткы күлүштү (Баялинов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
чтение нараспев (как читают коран); благозвучное, мелодичное чтение;
кырааты менен оку- читать нараспев;
сүрөөнү кыраатка салып окуду он суру (корана) прочитал мелодично.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кубулжута, үнүн созолонто окуу ыгы, жолу (көбүнчө куран окууга карата). Билбеген кишилер кыраат менен куран окуп баратат дечү (Аалы). Буга жага түшкөнбү деп ойлодум, жогорудагы эки сапты кырааты менен кайталап бердим («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кубулжута, үнүн созолонто окуу ыгы, жолу (көбүнчө куран окууга карата). Билбеген кишилер кыраат менен куран окуп баратат дечү (Токомбаев). Буга жага түшкөнбү деп ойлодум, жогорудагы эки сапты кырааты менен кайталап бердим («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кыран I
то же, что куран II 2.
кыран II
1. ловкий, хваткий; прозорливый, зоркий;
кыран бүркүт хваткий беркут;
кыран тайган хваткая борзая;
борбаш канчалык кыран болсо да, боз торгойчолук алы жок погов. как ни хваток сорокопут, но сил у него (даже) на жаворонка не хватит;
ургаачынын кыранысың-ээ! да ты ведь прозорливица среди женщин!;
кыран мерген меткий стрелок;
кыраңга кулжа тургузбас, кыран мерген жыргалым (из заплачки) услада моя - мой меткий стрелок, который не давал горному козлу стоять на хребте (сбивал);
2. ловчая птица, бьющая без промаха, лучший сокол, кречет; быстролётный;
кандай кыран болсо да, канаты менен учат, куйругу менен конот фольк. как бы ни был быстролётен (сокол), он (всё же) летает крыльями, садится хвостом (есть предел возможностям);
кырандай чалып быстро облетая;
канаттуунун баарысы кыран эмес, сойлогондун баарысы жылан эмес стих. не все крылатые - соколы, не все ползучие - змеи;
3. часто встречающийся эпитет богатыря;
кырк кыран сорок храбрецов; сорок храбрых витязей;
тепкенин жазбас тынар бар, кыздан чыккан кыран бар стих. бывает ястреб, бьющий без промаха, бывают и богатырши из девиц;
кыштын кыран чилдеси период самой сильной зимней стужи; период лютых морозов.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кыраң I
то же, что кыр I 1;
кыраңдан аша бергенче кырк теке атып сулаткан стих. пока горные козлы переваливали через горный хребет, он застрелил сорок;
кыраңы бийик бел перевал с высоким гребнем.
кыраң II
кыраң-каткы см. каткы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кичирээк кыр, анча бийик эмес тоонун кыры. Айгүл менен Абылбек аттарды кыраңдын ылымта жакы бетине байлаштырып коюшуп, Алыбек менен Темировдун артынан жүрүштү (Жантөшев). Салкын төр, жашыл кыраңдан, Төрт түлүк малы жайылган (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кичирээк кыр, анча бийик эмес тоонун кыры. Айгүл менен Абылбек аттарды кыраңдын ылымта жаккы бетине байлаштырып коюшту (Жантөшев). Салкын төр, жашыл кыраңдан, Төрт түлүк малы жайылган (Элебаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРАҢ-КЫР — топоним. Коңурбай капыстан Таласка чабуул жасаганда чек кайтарып жүргөн Кардыгач калың жоо менен катуу кармашып жатып колго түшөт. Жоонун артынан кууп жеткен Манастын колу ушул жерден Кардыгачты туткундан бошотуп алышат. Эпос боюнча К.-К. Иленин боюндагы жерлердин бири.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРБАШЕВ Кеңеш (1931, Ысык-Көл району, Темир айылы) — адабиятчы, «Манас» изилдөөчү, жыйноочу. Филология илиминин кандидаты (1968). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1956). Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын ТАИде лаборант (1958), кенже илимий кызматкер (1959—69), улук илимий кызматкер (1969), жетектөөчү илимий кызматкер (1990). К. «Манас» эпосуна арналган бир нече эмгектердин автору. Ал ««Манас» эпосунун стили» (Фр., 1983) деген монографиясын, «Эл акындарынын чыгармачылыгынын тарыхынын очерки» (1988) деген коллективдүү эмгекте манасчы Сагымбай Орозбак уулунун, Шапак Рысменде уулунун, Мамбет Чокмор уулунун, Жакшылык Сарык уулунун, Жаңыбай Кожек уулунун, Акмат Рысменде уулунун чыгармачылыгы боюнча портреттик баптарды жазган. Мамбет Чокмор уулунун «Семетей» эпосуна арналган «М. Чокморовдун айтуусундагы «Семетей» эпосунун өзүнчөлүгү» аттуу эмгеги ««Манас» эпосунун варианттары» (1988) деген коллективдүү эмгекке жарыяланган. Сагымбай Орозбаков варианты, Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манас» эпосунун тексттерин орус жана кыргыз тилинде даярдоо, чыгаруу жумушуна да активдүү катышкандардын бири.
Ж. Төлөев

Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. кыйгак)
1. повязка из хорошей материи (обычно из шёлка, иногда с металлическими украшениями), идущая в виде широкой ленты вокруг элечек'а (см.);
2. то же, что кыйгак;
кыргагы темир, жез айза - кыска кармап туруптур фольк. медную пику с железными ножами он взял накоротке;
3. перен. кыргагым опора, верный соратник (так эпический богатырь именует отдельных своих витязей);
кыргактай болгон худенький, тоненький.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жээк; бир нерсенин жээгине тартылуучу кооздолуп жасалган тасма. Кыргагына калпактын Ноколоп сайма сайдырган («Мендирман»). Кызыл кыргак тагынган, Келин аман барсыңбы? (Токтогул). Кызыл-тазыл кырмызы, Кыргагын тартсам бөлүнбөйт («Манас»).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Кооз буюмдардын бир түрү. Бул шөкүлөнүн, такыяны, элечектин эң сырткы кырчоосу. Азем буюм-тайымдар ушул кыргагы менен көрктүү көрүнөт. Алар ар кыл эндүүлүктө, ар кандай кездемелерден кооз саймаланып жана кештеленип да жасалат. Кымбат баалуу металлдар менен чөгөрүлүп да кармалат. Элечекти кооздоо-көркөмдөө менен анын жанып, чубалып калуусунан да сактаган. Кыргак кооздолушуна жана жердигине жараша: «алтын кыргак», «күмүш кыргак», «сайма кыргак», «кеште кыргак», «оймо кыргак», «бермет кыргак», «шуру кыргак», «жибек кыргак», «кымкап кыргак» деп айтылат да, устанын-уздун устаттыгы менен уздугуна жараша укмуштай чырайланат. Алтын же күмүш жипчелер чырашталган кыргактардын кырка этегине түрдүү формадагы (узундугу бир эличе) алтын, күмүштөн кыюуланган майда желбирөөчтөр аркылуу «төкмө чачыланган».
      Күмүш кыргактын күмүш шөкөттөрү томпок, төрт чарчы туташ көрүнөт да, ага түшкөн кооздуктар «айчык», «карга тырмак», «куш канат» сымал көркөм оюм элементтеринен турат. Мунун жээктери да желбирөөчтөрдөй, бой тумардай, күбөктөрдөй майда күмүш калакчалар аркылуу төкмөлөнөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жээк, бир нерсенин жээгине тартылуучу кооздолуп жасалган тасма. Кыргагына калпактын Ноколоп сайма сайдырган («Мендирман»). Кызыл кыргак тагынган, Келин аман барсыңбы? (Токтогул). Кызыл-тазыл кырмызы, Кыргагын тартсам бөлүнбөйт («Манас»). Кызылдан экен кыргагың, Кыйчалыш келдиң ырдадым.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кыргыз I
киргиз;
кыргыз эли киргизский народ;
кара кыргыз в значении киргиз, киргизы, киргизский народ встречается в эпосе "Манас"; в некоторых местах на юге Киргизии старики до сих пор себя называют кыргыз, а северных киргизов - кара кыргыз.
кыргыз- II
то же, что кырдыр-.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Орхон-Енисей жазууларында кыркыз, орто кылымдагы арабча маалыматтарда хырхыз түрүндө берилип келген сөз азыркы кезде кыргыз болуп өзгөргөн. Сөздүн этимологиясы анын байыркы кездеги формасына жараша аныкталат. Ошондуктан кыргыз деген аттын келип чыгышы жөнүндө айтылган толуп жаткан ар түрдүү пикирлердин ичинен Д. Банзаровдун кыргыз сөзү кырк+ыз формаларынан келип чыгат деген пикири туура дешке болот (Банзаров, 184). Азыркы кыргыз тилиндеги жалкы, эки сөздөрү өз бетинче турганда каткалаң к тыбышы менен айтылат. Ага -з мүчөсү уланганда к тыбышы жумшарып, г тыбышына өтөт. Мисалы: жалкы – жалгыз, эки – эгиз. Дал ушул сыяктуу кубулуш кырк//кырык деген сөзгө -з мүчөсү уланган учурда да болуп өткөн. Натыйжада кырык+ыз сөзүнөн кыргыз түрүнө келген. Байыркы кезде каткалаң к тыбышы жумшарбай, кыркыз түрүндө айтылышы басымдуу болгон. Мындагы -з мүчөсү байыркы кездеги көптүк санды билдире турган мүчө. Ошондо кыргыз сөзү кырктар дегенге жакын маани берген сөз болуп чыгат. Болжолу, байыркы кыргыздар кырк уруунун биригишинен түзүлгөн эл болгон, ошондуктан алар ушундай аталып калган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КЫРГЫЗ АКЫН-ЫРЧЫСЫ САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ (18671930) ЖАНА «МАНАС» ЭПОСУ» — америкалык түрколог окумуштуу Ильзе Лауде-Циртаутастын макаласы (орусчасы — «Советская тюркология», 1987, № 3; кыргызчасы — «Ала-Тоо», 1989, № 5, 52— 56-б.). Макалада Сагымбай Орозбак уулунун кыскача өмүр таржымалы берилип, манасчылык өнөр менен акындык өнөрдүн ширелишкен катышы тууралуу сөз болот. Акындык даремет, талант күтүү болгондо гана эпостун өзгөчө нускасы (варианты) жараларына басым коюлат. Манасчылардын түш көрүү аркылуу Манастын, анын чоролорунун бирөөнүн же Семетей, Сейтектердин аян беришинен кийин гана айта баштагандык салтын изилдөөчү эпостун зоболосун андан ары арттыруудагы айтуучулардын аракети катары баалаган. Сагымбайдын «Манастан» башка да санат-насыят ырларын, майда дастандарды аткаргандыгы, дарым ырларын билгендиги, санжырачы да экендигин айтып келип, кыргыз акын-ырчылары менен «Манас» эпосунун ортосуна биз али аңдап биле элек байланыштын болгондугу анык деген тыянак чыгарылган.
И. Абдувалиев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРГЫЗДАР — этноним. «Манас» эпосун жараткан эл. Бул эпопеяда кыргыз элинин нечен кылымдар бою башынан өткөргөн окуялары сүрөттөлгөн. Ушуга байланыштуу К-дын байыркы жана ошондой кылымдардагы тарыхына кыскача токтолууга болот. «Кыргыз» аты биринчи жолу орхон-эне-сайлык түрк эстеликтеринде кездешет. Ал эми кытай тилиндеги китептерде бул этноним андан мурун ар түрдүү иероглифтер (тамга) менен жазылып келген. Алардын транскрипциялары (чечмеленген) цяьгунь, хягас, хагас, сяцзясы, хэгасы, хэхэ, хякя, цилицисы, хэлецзы, циэргайсы жана киэрцзис. К. байыркы доордо Моңголиянын түндүк батышындагы Кыргыз-нур көлүнүн айланасында көчүп жүрүшкөн. Андан кийин алар биздин заманга чейинки доордун аяк чендеринде гунн урууларынын кысымынын натыйжасында Саян тоолорун ашып Миң-Суу (минусин) ойдуңуна көчүп барышып, жергиликтүү динлин уруулары менен аралаш жашашкан. Орхон-эне-сай рун жазуулары жана кытай китептеринде 6—9-кылымда Миң-Суу өрөөнүндө жашаган. К. жөнүндө маалыматтар көп кездешет. Бул мезгилдерде алар түрк кагандыгына (6—7-к.) баш ийишкен, бирок кандайдыр бир деңгээлде саясий өз алдынчалыгын сактап калышкан. Түрк кагандыгы узакка созулган согуштардын жана ич ара келишпес жаңжалдын кесепетинен начарлай баштаган. Бул абалдан пайдаланып, 745-ж. уйгур башкаруучусу Моюн-чур Саян-Алтайда жашаган уруулардын колдоосу менен түрк кагандыгын жеңип, Борбордук Азиядагы саясий бийликти колуна алган. Моюн-чурдун төңкөрүшүнө эне-сайлык К. да активдүү катышкан. Бирок, бир аз убакыттан кийин алар, Түштүк Сибирдеги башка уруулар сыяктуу эле уйгур кагандыгына күч менен бириктирилген. Бул абал деле көпкө созулган эмес. К. түндүк тараптан уйгур кагандыгына тез-тез кол салып турган. Мына ошондуктан Моюн-чурдан кийинки кан Мочжо Голе 758-ж. К-га каршы жортуул уюштуруп, алардын 50 миң жоокерин талкалаган. Буга карабастан уйгур каны К-га саясий өз алдынчалыгын берүүгө аргасыз болгон. Алардын ортосундагы күрөш 820-жылдардан баштап өтө күч алган. Жыйырма жылдык кармашуудан кийин уйгур канын жеңип алуусуна көзү жеткен кыргыз ажосу ага төмөнкүчө кабар берген: «Сенин өмүрүң бүттү. Мен жакында сенин алтын ордоңду алып, анын алдында атымды байлайм, туумду саямын. Эгерде мени менен күч сынаша алсаң тез кел, анте албасаң тезирээк кет». Мына ушул мезгилдерде уйгур кагандыгынын ички жана тышкы абалы начарлай баштаган. 839-ж. эпидемия тараган, кышында кар калың түшүп, малдар ири чыгашага учураган, ачарчылык күчөгөн. Кандын ордосунда ич ара келишпөөчүлүк күч алган, сарай төңкөрүштөрү көбөйгөн. Чыгыш Түркстанда тибеттер менен болгон узакка созулган согуш өлкөнүн экономикалык абалын кыйындаткан. 840-ж. уйгур аскер башчысы Күлү Бага козголоң чыгарып, кыргыз канын жардамга чакырган. Ал болсо ушул жагдайдан пайдаланып, 100 миң аскер менен Эне-Сай өрөөнүнөн Моңголияга карай жортуулга чыгып, Орхон дарыясынын боюндагы уйгур кагандыгынын борбору Орду-Балыкты курчаган. Тарыхый маалыматтар боюнча кыргыз каны өзү уйгур башкаруучусунун ордосун талап, өрттөөгө катышкан. Акыркы уйгур каны Хэси Дэлэ өлтүрүлгөн. Уйгур каншасы (кытай принцессасы) Тай-хо колго түшүрүлгөн. Орду-Балыктын калдыгын археологиялык изилдегенде, анын К. тарабынан талкалангандыгы далилденди. Аны казганда «кыргыз вазалары» табылган. Ал буюм жумуртка формасында, ичке моюндуу, түбү жалпак, кооздолуп жасалган. Мындай вазалар К. жашаган Миң-Суу өрөөнүндөгү көрүстөндөрдөн табылган. Алардын Эне-Сай ойдуңунун башка райондорунан табылышы, К-дын 840-жылдары ал жерлерди каратып алгандыгын далилдейт. Мурун кыргыз канынын ордосу Миң-Суу өрөөнүндө болгон, 840-ж. кийин ал Танну-Ола тоосунун түштүгүнө, уйгур кагандыгынын борборунан 15 күндүк аралыктагы жерге көчүрүлгөн. Аны Батыш Моңголиядагы Улуу көлдөр айланасындагы кыргыз көрүстөндөрү ырастайт. Эне-Сайлык К. 9-кылымда саясий жактан күчөп турган мезгилде Түш. Сибирди жана Борбор Азияда көп райондорду каратып алышкан. Аны ошол жерлерден табылган археологиялык буюмдар аныктайт. К-дын өзүлөрүнө тиешелүү маданий, үрп-адат калдыктары эң алгач Хакассиянын Тюхтят өрөөнүнөн казылып алынган. Алардын өзгөчөлөнгөн белгилери төмөнкүдөй: өлгөн адамдардын сөөгүн өрттөп, анын калдыктарын бир жылдан кийин көрүстөнгө алып келип көмүшкөн. Көрүстөндөрдүн үстү боз үй формасында курулган. Кыргыздардын бул адаты кытай китептеринде да жазылып калган. Алардын көмүү адаттарынын мындай калдыктары Миң-Суу өрөөнүнөн алыс аймактардан да табылды. Бул археологиялык фактылардын жана китептердеги маалыматтардын негизинде 9—10-кылымда К-дын кайсы территорияга чейин барышкандыгын аныктоого болот. Эне-Сай К-ы түндүк тарапта Кызыл-Жарга чейин барышкан. Аларга тиешелүү көрүстөндөр ушул шаардын жанынан табылган. Уйгурлардын Кечжили тегин башчылык кылган бир бөлүгү азыркы Якутия-Байкал тарапты көздөй качып кетишкен. Алардын артынан К-дын баргандыгын Төмөнкү Иволга жана Хойцегордогу археологиялык табылгалар айгинелейт. Тегин Хэуче башчылык кылган уйгурлардын экинчи бир бөлүгү Моңголиянын чыгышында жашаган кидандарга качып кетишкен. Алардын артынан К-дын кууп барышын археологиялык табылгалар далилдейт. Чыгыш Моңголиянын Суджи аттуу жеринен кыргыз акимине (мүмкүн аскер башчысына) арналган эстелик биздин заманга чейин келип жетти. Анда мындай жазуу бар: «Уйгур жерине Йаглакар кан ата келдим. Кыргыз уулумун. Мен Бойла, даражалуу сотмун. Куттуу Бага таркандын буйрук берүүчүсүмүн. Атак-даңкым (кабарым) күн чыгышка, батышка тийди (жетти). Бай (бар) элем. Асылым (короом) он, жылкым сансыз эле. Иним жети, уулум үч, кызым үч эле. Уулумду үйлөндүрдүм. Кызымды калыңсыз бердим. Фкутуучума жүз эр, турак (жай) бердим. Жээнимди, неберелеримди көрдүм. Эми өлдүм. Уулум эр жеткенде окутуучуңдай бол. Канга кызмат кыл, кайраттан».
Орду-Балыкты К. алгандан кийин уйгурлардын ири бөлүгү түштүккө, Кытай чек арасына карай качып кетишкен. Алардын башында кан болуп шайланган принц Уцзе тегин турган. Ушул мезгилде кытай императору Уцзе кандын тобун К-дын күчү менен жок кылууга көп аракет кылган. Тарыхый маалыматтарга караганда 843-ж. кыргыз кошундары Эдзин-Гол өрөөнүндө жайгашкан уйгурларга ийгиликтүү чабуул жасашкан. Уцзе, андан кийин Энянь башчылык кылган уйгурлардын тобу Чоң Хинганга жана анын түштүк-батыш тарабындагы аймактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Кыргыз каны аларга каршы 848-ж. жортуул уюштурган. Биринчи министр Або башчылык кылган 70 миң кыргыз жоокерлери Гоби чөлү аркылуу өтүп, шивейлерди жеңип, уйгурларды туткундап кайтып келишкен. Моңголиянын Чыгыш-Гови аймагындагы Барун бигичт жергесинде аскага чегерилген атчан жоокердин сүрөтү табылган. Анын чегерүү ыкмасы, аттын жабдыктары Эне-Сай К-нын эстеликтерине өтө окшош экен. Б. В. Вольков Гобидеги бул сүрөттү К-дын уйгурлар менен күрөшүнө байланыштырат. Балким Барун бичигтеги аскага чегерилген атчан жоокер Або башчылык кылган кыргыз кошуну Гоби чөлүнөн өтүп бара жатканда тартылгандыр. 9—10к-да Эне-Сай К-ры түндүк-батышта Новосибирск, Томскиге чейин барышкан. Аны Кемеров жана Новосибирск областтарындагы К-дын тюхтях сыяктуу көрүстөндөрү айгинелейт. Томскинин жанында жана Жогорку Обдо өлгөндөрдү жөн эле көмүлгөн жана алардын өрттөө адаттарынын калдыктары табылган. Ал эми Новосибирскинин айрым райондорунан «кыргыз вазалары» казылып алынган. Эне-Сай К-ры 9—10к-да саясий жактан күчөп турган мезгилде Тоолуу Алтай аймагына да кирип барышкан. Ага Усть-Кан районунундагы Мөндүр-Соккон кыштагындагы Тарпак аттуу даңктуу кыргызга арналган руникалык жазуу далил боло алат. Ушул эле мезгилде Эне-Сай К-ы батышта Иртыш дарыясына чейин барышкан. Археолог Ф. X. Арсланова бул суунун боюндагы Бобров кыштагынан өрттөлүп же жөн эле көмүлгөн көрүстөндөрдү жолуктурган. Мындан тышкары ал Чыгыш Казакстандын Шемонайхинск районунан 14 сөөгү өрттөлүп көмүлгөн көрүстөндөрдү изилдеген. Айрым мүрзөлөрдө өрттөлбөй ат менен кошо көмүлгөн калдыктар да табылган. Ал эми кээ бир көрүстөндөрдүн ичинен өрттөлгөн жана аны менен бирге жөн эле көмүлгөн адамдардын калдыктары да кездешкен. Окумуштуулардын пикири боюнча мындай адаттар көчүп келген К. менен жергиликтүү кимактардын же башка уруулардын арала шып кетишинен пайда болгон.
Чыгыш авторлорунун маалыматтары боюнча Эне-Сай К-ы 840-жылдары канзада Пан-Тегин башчылык кылган уйгурлардын артынан Тянь-Шань жана Жети-Сууга чейин келишкен. 843-ж. алардын Кытай императоруна барган элчиси Табу Хэцзу мындай кабарды айткан: «Кыргыздар Аньси (азыркы Куча), Бэйтин (Бешбалык, урандысы Үрүмчү шаарынын жанында), дада (татар) жана беш аймакты (урууну) баш ийдирип алышты». Бул кабар кытай тилиндеги дагы бир эмгекте кайталанат. 843-ж. кыргыз ажосунун (башкаруучусунун) ордосуна барып келген кытай элчиси Чжао Фан да К-дын Куча менен Бешбалыкка чабуул коюп жаткандыгын кабарлаган. Перс тилинде белгисиз автор (10-к.) жазган «Дүйнөнүн чек арасы» аттуу китепте төмөнкүдөй мазмундагы маалымат жазылган: «Пенчул (азыркы Үч-Турфан) карлук өлкөсүндө жайгашкан, аны мурун тогуздар ээлеп турушкан, азыр кыргыздар басып алышты». Ушул эле эмгекте К-дын Жети-Суу, Чыгыш Тянь-Шандын аймагында жашап тургандыгы баяндалган. Анда карлук, ягма, тухси, чигил жана уйгурларды жогоруда аталган региондорго жана Орто Азиянын территориясында жайгаштырылган. Ал эми К. болсо алардын коңшусу катарында көп жерде эскерилет. Маселен, К. карлук менен чигилдердин түндүгүндө, тухсилердин чыгышында жайгаштырылган. Карлуктар Чу-Талас өрөөнүндө, тухси, чигилдер Ысык-Көлдүн айланасында жашашкандыгын билебиз. Демек, «Дүйнөнүн чек арасынын» автору К-ды Жети-Суу жана Чыгыш Тянь-Шань тоолоруна жайгаштырат.
Эне-Сай К-нын бир бөлүгү Тянь-Шань, Жети-Суу аймагына келгендигин археологиялык табылгалар да далилдейт. 1961-ж. Иле өрөөнүндөгү Текели шаарынын жанынан 76 темир жана коло буюмдары табылган. Алар 8—10к-да жасалыптыр. Бул буюмдар Чыгыш Казакстандагы кыргыз көрүстөндөрүнөн казылып алынган табылгалар менен өтө окшош экен. А. Н. Бернштам Нарын дарыясынын боюндагы көрүстөнү менен Эне-Сай өрөөнүндөгү 8—9-кылымдарга тиешелүү мүрзөлөрдүн көмүү адаттары окшош экендигин аныктады.
Талас өрөөнүнөн табылган 9—10-кылымдарга тиешелүү таштардагы «отуз огдан» рун жазуусунун Эне-Сай К-нын Тянь-Шань тоолоруна көчүп келиши менен түздөн-түз байланышы бар. 9-кылымда Эне-Сай К-нын бир бөлүгү Орто Азия, Чыгыш Тянь-Шанга көчүп келишип жашап калышкандыгын араб, перс, кытай тилинде жазылган китептердеги маалыматтар да далилдейт. 981—983-ж. кытай элчиси Ван Яньдэ уйгурлардын Турфан княздыгына барган. Ал ишине байланыштуу батышта Бешбалык шаарына чейин саякат жасап, көргөн, уккандары жөнүндө жазып калтырган. Анда К. ягма, чигил жана башка уруулар менен бирге Турфан мамлекетчесинин аймагында жашагандыгы баяндалган. Мүмкүн К. Ван Яньдэнин убагында Бешбалык калаасынын айланасында көчүп жүрүшкөн чыгар. Алардын 843-ж. ушул шаарды каратып алгандыгын эстен чыгарбоо керек. К-дын Бешбалыктын батыш тарабындагы көчүп жүргөндүгүн ошондой кылымдардагы башка авторлор да маалымдайт. Ал жөнүндө төмөндө сөз болот. 11 — 12-кылымдын аралыгында жашаган араб автору ал-Марвази да К-ды чыгыш Тянь-Шандын аймагына жайгаштырат. Анын маалыматы боюнча К. кимактардын түштүгүндө, ягма менен карлуктардын чыгышында, Куча жана Карашардын түндүк-чыгышында орун алышкан. Эгер бул кабарларды иликтесек К. 11-кылымда Чыгыш Тянь-Шандын Манас өрөөнүнүн ары-бери жагын мекендеп турганына шек кылууга болбойт. Маселен, ал-Марвазинин өзүнүн маалыматы боюнча карлуктар Алтай тоолорунан көчүп келип Или, Чүй жана Талас өрөөндөрүнө отурукташып калышкан. Мындан алардын чыгыш кошунасы К. экендиги айгинелеп турат. Окумуштуулардын пикири боюнча кимак уруулары 10-кылымда Иртыш дарыясынын Жуңгар тоолоруна чейин көчүп жүрүшкөн. Демек, ал-Марвази жазгандай К. алардын түштүк кошунасы болушкан. Жогоруда Эне-Сай К-ы өлгөндөрдү өрттөп көмгөндүгү жөнүндө археологиялык фактыларды келтирдик. Ал-Марвази бул алардын мурунку салты болгон, ал эми К. мусулмандардын кошунасы болгондон баштап өлгөндөрдү көмүү салтына өттү деп жазган. Чындыгында эле ислам караханийлер кагандыгынын мамлекеттик дини болуп, 11-кылымда чыгыш тарапта Черчен, Куча, Ала-Көлгө чейин тараган. Демек, ошол мезгилде Чыгыш Тянь-Шанда жашаган К. мусулмандардын кошунасы болгондуктан алардын таасири астында өлгөндөрүн көмүү салтына өтүшкөн. Перс автору Джувейнинин маалыматы боюнча кара кытайлардын гурханы Елюй Даши 1120-ж. чыгыштан Орто Азия тарапты карай келе жатып К-га жолуккан, алар катуу каршылык көрсөткөндүктөн Эмиль өрөөнүнө келип токтогон. Андан бир аз убакыт өткөндөн кийин гурхан Баласагунду, Кашкарды жана Хотанды каратып К-га каршы жоокерлерин жиберип, аларды жана Бешбалыкты жеңип алган. Бул маалымат К-дын 12-кылымда Бешбалык шаарынын жанында көчүп жүрүшкөндүгүн далилдейт. Моңгол каны Үгедейдин небереси Хаиду 13-кылымдын 2-жарымында Азия, Жети-Суу жана Чыгыш Түркстандын аймагында өз алдынча мамлекет түзгөн. Ал өлгөндөн кийин анын мурасчыларынын жана чагатаид канзаадаларынын ортосунда бийлик үчүн күрөш жүргөн. Мунун натыйжасында өлкөнүн экономикалык абалы начарлаган. 16-кылымдагы автор Махмуд ибн Вали бул жөнүндө мындай деп жазган: 1307—08-ж. Хайдунун мурасчысы Чапардын элчилери чагатаид Кенжеке келип, ич ара жаңжалдан пайдаланып кыргыз жана кытайлар талоончулук жолуна түшкөндүгүн айтышкан. Бул кабар 13—14-кылымда Хайду мамлекетинин аймагында К. жашап тургандыгын айгинелейт. Ошондой азиялык автор Абдар-Раззак Самаркандинин эмгегинде Тимурдун небереси Искендердин 14—15-кылымдын аралыгында Могулистанга жасаган жортуулу жөнүндө баяндалган. Андагы маалыматтар боюнча Искендер Или өрөөнүндөгү Алмалыктан жана Хотандан ондогон сулуу айымдарды, К-дан жана Бешбалыктан сүйкүмдүү кыздарды чоң атасына тартууга жиберген. Бул тарыхый факт К-дын 14—15-кылымда Бешбалык шаарына чектеш көчүп жүрүшкөндүгүн далилдейт.
1450-жылдардын аяк чендеринде Ак ордонун каны Барактын балдары Жаныбек жана Гирей башчылык кылган казактар Абу-алХайрдан качып Моголстанга көчүп келишкен. Ошол убактагы Моголстандын каны Эсен-Бука аларды Талас, Чүй жана Или өрөөндөрүнө орноштурган Махмуд ибн Валинин маалыматы боюнча бир аз убакыттан кийин эле Жаныбек, Гирейдин адамдары кыргыз, калмак урууларын талап-тоноого киришкен. Талоонго учурагандардын бири калмактар Иртыш-Или аралыгында жана Жуңгарияда көчүп жүргөндүгү белгилүү. Ал эми К. болсо Алмалык менен Бешбалык шаарынын ортосундагы райондордо жашап турушу ыктымал.
Махмуд ибн Валинин эмгегинде 1468-ж. Абу-ал-Хайрдын калмак, К-га каршы жасаган жортуулу жөнүндө маалымат бар. Ал армиясы менен Талас, Чүй өрөөнү аркылуу өтүп, азыркы Алматы шаарынан алыс эмес жерде ооруп каза болгон. Абу-ал-Хайрдын жүргөн бул жүрүшү калмак, К-дын биз жогоруда атаган аймактарда көчүп жүрүшкөндүгүн дагы бир жолу айгинелейт. 1541—47-жылдарда жазылган Мухаммед Хайдердин эмгегинде К-дын азыркы отурукташкан жерлерде жашап тургандыгы жөнүндө көп маалыматтар бар. Демек чыгыш авторлорунун маалыматтары жана археологиялык табылгалар Эне-Сай К-ы 9-кылымда саясий жактан күчөп турган доордо чыгышта Чоң-Хинганга, түштүктө Эдзин-Гол өрөөнүнө чейин барышкандыгын далилдейт. Алар батышта Иртыш дарыясына чейинки жерлерди каратып алышкан. Кытай китептериндеги фактылар Эне-Сай К-нын эң алгачкы бөлүгү Чыгыш Тянь-Шань тоолоруна 840-ж. келгендигин айгинелейт. Алардын 9—10-кылымда ушул региондо жана Жети-Сууда ири этникалык топ болуп жашап калышкандыгын айрым археологиялык материалдар, Ван-Яньдэнин жана «Дүйнөнүн чек арасы» китебиндеги маалыматтар далил боло алат. Ал эми ал-Марвази, Джувейни, Абдхар-Раззак Самарканди жана Махмуд ибн Валинин маалыматтары боюнча К. 11 — 15-кылымда ошол аталган аймактарда көчүп жүрүшкөн. Алардын негизги массасы Бешбалык менен Алмалыктын ортосунда жайгашкан. Мухаммед Хайдердин маалыматы боюнча чыгыш Тянь-Шандык К. 15—16-кылымда бара-бара Борбор Тянь-Шанды жана Батыш Кашгарияны ээлеп алышкан. 9—10-кылымдан кийин Эне-Сай К-ынын Тянь-Шань тоолоруна келиши жөнүндө эч кабар жок. Бирок алардын айрым бөлүктөрү кара кытай, моңгол жана калмактардын батышка карай жортуулдары менен бирге Тянь-Шандык К-га келип кошулушу ыктымал. Акырында айтарыбыз мурунку мезгилдерде ар кандай себептер менен Алтайга, Моңголияга, Тянь-Шань тоолоруна, Волга боюна, Кытайдын Фуюй уездине көчүп барышкан К-дын түпкү теги Эне-Сай өрөөнүн мекендеген.
Ө. Караев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРГЫЗ ПЕДАГОГИКА ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ — жумуряттын элге билим берүү министрлигинин алдындагы илимий мекеме. 1951-ж. негизделген. Педагогика жана психология, кыргыз тили жана адабиятын окутуу, орус жана чет тилдерин окутуу, башталгыч класстар жана мектепке чейинки тарбия берүү, тил эмес предметтерди окутуу усулу бөлүмдөрү, китепканасы, аспирантурасы бар. Кырктан ашык оригиналдуу окуу китептери жана окуу куралдары даярдалган, жыл сайын 60 басма табак көлөмдүн айланасында усулдук китептер институттун грифи менен басылып чыгып, мектептерге жиберилет. Предметтер, факультативдик окуулар, предметти тереңдетип үйрөтүү боюнча 100дөн ашык программа түзүлгөн. Институтта улуттук мектептерде бардык предметтерди окутуунун жеке усулдары менен кыргыз салтына, үрп-адатына байланыштуу этнопедагогикалык теориялар изилденет. «Русский язык и литература в киргизской школе» (1958) илимий-методикалык журналы эки айда бир жолу чыгат. Аталган журналда «Манас» эпосуна байланыштуу бир нече макалалар жарыяланган. Кыргыз тили жана адабияты секторунда ар кайсы мезгилде эмгектенишкен окумуштуулар (Б. Алымов, Т. Саманчин, В. Шнейдман, Н. Кангелдиев, С. Байгазиев, С. Рысбаев) «Манас» эпосун окутуу боюнча илимий-методикалык изилдөөлөр жүргүзүшкөн. Т. Ормонов жана Д. Саалиева эпостогу тарбиялык идеялар жана бул чыгарманы окутуу боюнча диссертация жазган. Институт уюштурган илимий конференцияларда, педагогикалык окууларда жалпы билим берүүчү мектептерде эпостун проблемасына арналган ондогон докладдар окулган.
А. Муратов, Б. Кыдырбаева

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Банковская холдинговая компания в Кыргызской Республике (Banking holding company) —Согласно законодательству Кыргызской Республики банковской холдинговой компанией считается материнская компания, дочерней компанией или одной из дочерних компаний которой является банк.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Официальные курсы иностранных валют в Кыргызской Республике (Official exchange rates in Kyrgyz Republic) —Отражают цены денежных единиц иностранных валют, выраженные в единицах национальной валюты Кыргызской Республики (сом), определяемые Национальным банком для целей использования в учете и расчетах без обязательства Национального банка покупать/продавать иностранные валюты по этим курсам.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Казначейское обязательство Правительства Кыргызской Республики (Treasury obligation of the Government of Kyrgyz Republic) —Казначейские обязательства - государственные ценные бумаги, выпускаемые Министерством финансов и являются именными, документарными ценными бумагами.  

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Национальная карта Кыргызской Республики (National card) —Карта системы «Элкарт», выпускаемая любым эмитентом – резидентом Кыргызской Республики, заключившим соответствующий договор с оператором национальной платежной системы.  

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

кыргызча-орусча онлайн котормочу

Кыргызчадан-орусчага которгон онлайн котормочуларга Google Котормочу кызматы кирет. Кыргыз тили бул кызматка Kyrgyz Translate Community (Кыргыз котормочулар коомдоштугу) аракети менен 18.02.2016 кирген. 

Эл-Сөздүк - кыргызчадан орусчага сөздөрдү сөздүктөрдүн жардамы менен которгон онлайн сөздүк.

 

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРГЫЗ СОВЕТ ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ — алты томдон турган улуттук универсал энциклопедия (Фр., 1976—80). Мындан тышкары «Кыргыз ССРи» жана «Киргизская ССР» деген атайын томдор, «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын көрсөткүчү» сыяктуу 6 томдуктун уландысы да кошо жарык көргөн. Ар бири үч колонка менен басылып, 608—670 беттен турат. Энциклопедиянын томдору 619—684 сүрөт, 12—23 карта, 33—38 баттама же 396—557 түстүү сүрөт, 20—25 түстүү карталар менен кооздолгон. Тиражы 25 000. КСЭни жазууга эл чарба адистери, илимпоздор, жазуучулар, искусство кызматкерлери, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер жана башкалар (450—650 автор) катышкан. Бул улуттук-универсал энциклопедияда илимдин бардык тармактарынан кыскача так кабар берилип эле тим болбостон, кыргыз элинин өткөндөгү тарыхынан, маданиятынан, салт-санаасынан кеңири түшүнүк берген макалалар да бар, анын ичинде элибиздин сыймыгы, маданий байлыгы болгон «Манас» эпосуна, анын бөлүмдөрү «Семетей» менен «Сейтекке» да кеңири орун берилип, ар бир бөлүм жөнүндө өзүнчө макала жазылган. «Манас» эпосу менен «Манас» операсына атайын кара-ак баттама берилген. Ошондой эле манастаануу боюнча маалыматтар да бар. Белгилүү манасчылар: Тыныбек Жапый уулу, Чоюке Өмүр уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Акмат Рысменде уулу, Мамбет Чокмор уулу, Дуңкана Кочуке уулу, эпосту жыйнаган жана изилдеген окумуштуулар: С. М. Абрамзон, М. Ауэзов, Ы. Абдыракманов, В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, Ч. Валиханов, В. М. Жирмунский, Ө. Жакишев, X. Карасаев, А. X. Маргулан, К. Мифтаков, Е. Поливанов, В. В. Радлов, К. Рахматуллин, Т. Сыдыкбеков, Б. Юнусалиев жана башкалар жөнүндө таржымал макалалар берилген. КСЭде, ошондой эле «Манас» эпосуна байланыштуу театр чыгармалары жөнүндө маалыматтар да келтирилген. «Айчүрөк» жана «Манас» операсы, алардагы негизги ролдорду аткарган СССРдин, Кыргыз ССРинин эл артисттерине, эпостун жарык көргөн китептерин көркөмдөгөн же эпостун темасы боюнча иштеген сүрөткерлерге, чыгарма боюнча тартылган сүрөттөргө (Б. Жумабаев, Т. Т. Герцендин сүрөттөрүнө) да орчундуу орун берген. «Манас» эпосуна байланыштуу тартылган даректүү фильмдер («Манасчы» жана башкалар) жөнүндө, ал фильмдердин режиссёр, операторлору жөнүндө маалыматтарды да КСЭнин томдорунан табууга болот.
Ж. Сагынов

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КЫРГЫЗ ССР ТАРЫХЫ» (Фр., 1-т. 1984)— эмгекте «Манас» эпосуна чакан бөлүм арналган (11-бап, § 3). Анда эпостун варианттарындагы биринчи манасчы деп эсептелинген Ырчыуул («Ырамандын баласы, Атпай журтка көрүндү,... Эртели-кечти бир жүрүп, Эрмек болсун бизге деп, Эр Манас айтып салганы», Сагымбай Орозбаков, 2. 93) жана Жайсаң ырчыдан тартып («Баатыр Жайсаң даңгыл бар», Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 93) Саякбай Карала уулуна чейинки манасчыларга мүнөздөмө берилген. Андан кийин «Манас» эпосунун жаралышы жөнүндө окумуштуулардын пикирлери тизмеленген. Айрыкча эпостун мазмуну кыргыз элинин байыркы доордон тартып 18-кылымдарга чейинки башынан өткөргөн тарыхый окуяларды камтый тургандыгы, алардын төрт катмары тууралуу маалыматтар камтылган. Акырында «Манас» эпосунун жана ал жөнүндө 16-кылымда жазылган «Мажму ат-таварихтин» мазмунуна кыскача мүнөздөмө берилген.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КЫРГЫЗСТАН КӨРКӨМ АДАБИЯТТА» — библиографиялык көрсөткүч китеп, автору библиограф Ж. Айсаракунова. «Кыргызстан» басмасынан 1983-ж. чыгарылган (184 б.). Ага «Манас» эпосунун жарык көргөн китептери, ал жөнүндөгү адабияттар киргизилип, көрсөткүчтүн 10—13-беттеринен орун алган. «КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ ЛЕКСИКАЛАРЫ» [жооптуу редактор Ошпур Мамбет (Артыш), Кызыл-Суу кыргыз басмасы, 1986, 340 б. араб арибинде] — кытайлык тарыхчы А. Байтурдун китеби. Эмгек 1983-ж. Пекиндеги Борб. улуттар институтунун Кыргыз курсу үчүн окулган лекциялар жыйнагынын биринчи бөлүгү болуп саналат. Мындагы тарыхый окуялар кыргыздар жана алардын эзелки ата-бабалары жашаган Орто Азия, Борбор Азия жана Түштүк Сибирдеги алгачкы жамааттык коомдон тартып, Чыгыш Түркстандын жаңы доорунун орчундуу мезгили — 1911-жылга (цин-манжур сулалеси кулаган кез) чейинки доорду өзүнө камтыйт. Лекциялар жыйнагы он баптан (тароодон) турат. Эмгектин экинчи тароосунда кыргыздар тууралуу тарыхый санжыраларды жана уламыштарды өзгөчө бөлүп карайт. А. Байтур «Манас» менен «Семетейдин» бириктирилип 1958-ж. Фрунзеде жарыяланган китептерине шилтеме берет (33, 41—43-б.). Тарыхчылардын ичинен алгачкылардан болуп Жусуп Мамайдын нускасын булак катары пайдаланат (186— 188-б.). Кыргыздар менен кытайлардын жана кара кытайлардын тарыхый байланыштарын чагылдырууда эпосту пайдаланып (алтынчы тароодо), А. Байтур Алмамбет баатырдын Манаска жолукканга чейинки ысымы Сушуйа экенин (Жусуп Мамайдын айтуусунда) белгилеп, бул каармандын прототиби катары (1124жылдан тартып Түндүк Кытайдан батышка кач кан кидандардын (кара кытайлардын) канзаадасы Элли Тайши (орусча — Елюй Даши) каралуусу мүмкүндүгү тууралуу божомол кылат. Алмамбет дал ушу Элли Тайшинин өзү болбосо да анын доорун чагылдырган эпостук каармандын образы экенин (188-б.) белгилейт. «Манас» эпосунун маалыматтары этнографиялык жагдайда өз орду менен пайдаланылган. Мисалы, кыргыздардын ошондой кылымдардагы кол өнөрчүлүгүнүн үлгүсү катары Манастын жоокердик курал-жарактары эскерилет.
Т. Чороев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРГЫЗ ТЕАТРЫ ЖАНА МАНАС. Совет дооруна чейин кыргыз элинин маданий турмушунда улуттук профессионал театр болгон эмес. Бирок эл өзүнүн көп кылымдык тарыхында театр элементтерине бай кайталангыс искусствосун жаратып келген. Театр элементтери элдик үрп-адаттарда сакталган. Чоң жыйындарда, аш-тойлордо миңдеген адамдар чогулушкан. Аткаруучу белгилүү бир темада даярдыгы болбосо да алып баруучулук милдетин жана негизги аткаруучулук ролду да аткарган. Төкмө акындар, куудул-чечендер, элдик ырларды аткаруучулар, эпос айтуучулар чыгармаларды элестүү жаңдоо, ымдоонун коштоосунда аткарышкан. Мисалы, манасчылардын аткаруучулугу жалгыз актёрдун театрын элестетет. Айтуучу эпостун мазмунун берүүдө ар бир каармандын образына жараша түрүн өзгөртүп турган. «Манас» үчилтиги боюнча 30-жылдардан баштап драма, опера либреттолорун жазып театр сахнасына алып чыгууга аракеттенишкен. Алардын алгачкысы — «Айчүрөк» (1938) операсы. Операнын негизин Айчүрөктүн Семетейге болгон сүйүүсү, кыргыз элинин чет элдик баскынчыларга каршы патриоттук күрөш темасы түзөт. Либреттосун К. Маликов, Ж. Бөкөмбаев, Ж. Турусбеков жазышкан. Музыкасы Б. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференики. Эпикалык лирикалык опера адегенде (1939) кыргыз музыкалык драма театрында коюлган. Ушул эле жылы Москвада өткөрүлгөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында да коюлат. Башкы ролдорду биринчи аткаргандар: Айчүрөк —С. Кийизбаева, Семетей — Ж. Садыков, Чынкожо — А. Боталиев, Күлчоро — А. Малдыбаев, Чачыкей — А. Махмутова, Калыйман — А. Куттубаева. Кыргыздын улуттук искусствосунун классикасына айланган «Айчүрөк» операсы 1986-ж. кайра редакцияланып Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлат. Дирижёр коюучусу К. Молдобасанов, режиссёру К. Арзиев, У. Сарбагышов. Башкы партияларда: Семетей — Э. Касымов, Б. Миңжылкыев, А. Мырзабаев; Айчүрөк — Э. Молдокулова, К. Сартбаева; Акун кан — А. Муртазин, А. Мүсүралиева; Бакай — А. Абдукаимов, В. Муковников; Чынкожо — X. Мухтаров. Опера жаралган күнүнөн бери үзгүлтүксүз коюлуп, 1989-ж. операнын 50 жылдык юбилейинде 650-жолу коюлгандыгы белгиленген. «Манас» эпосуна арналган экинчи баатырдык-патриоттук опера «Манас» операсы Кыргыз мамл. опера жана балет театрында (1946) коюлган. Либреттосу К. Маликов менен Токомбаевдики, режиссёрлору А. Куттубаев, В. Васильев, сүрөтчүсү Я. Штоффер, музыкасы В. Власов, А. Малдыбаев, А. Ференики. Операнын негизин «Манас» эпосунун Көкөтөйдүн ашына байланышкан окуялар түзгөн. Операнын 2-редакциясы (1966) Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлган. Режиссёрлору Р. Захаров, А. Куттубаев. Дирижёр К. Молдобасанов, сүрөтчү А. Арефьев, балетмейстер К. Мадемилова, хормейстерлер С. Юсупов, К. Алиев. Башкы партияларда Манас — К. Чодронов, Каныкей — С. Кийизбаева, Канайым — К. Сартбаева, Коңурбай — X. Мухтаров. Операнын бул вариантында Манастын образы демократташтырылып, элдик баатырларга айланат да, патриоттук кыймылда көпчүлүктүн ролу көтөрүлөт.
1945-ж. Өзгөн театры К. Маликовдун «Сейтегин», 1946-ж. Т. Сыдыкбеков менен Рахматуллиндин «Манас менен Алмамбетин» коёт. Режиссёру К. Төлөбаев.
1982-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театры Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетейди» даярдайт. Режиссёрлору Ж. Абдыкадыров, Б. Ибраев; музыкасы К. Молдобасановдуку, сүрөтчүсү М. Сыдыкбаев. Башкы ролдордо: Каныкей — Ж. Сейдакматова, М. Далбаева, Семетей—М. Токтобаев, Бакай — А. Жаманов, Жакып кан — С. Далбаев, Сарытаз — К. Досумбаев, Чыйырды — Д. Күйүкова. Бул спектаклди мыкты аткарып элге жеткиргендиги үчүн (1987) Ж. Садыков, Ж. Абдыкадыров, Д. Күйүкова, С. Жаманов, С. Далбаев, Ж. Сейдакматова, К. Досумбаев Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болушкан. «Манас» эпосуна кайрадан кайрылып Ж. Садыков «Сейтек» драмасын жазат. Анын режиссёру Б. Ибраев, музыкасы К. Молдобасановдуку, сүрөтчүсү М. Исхаков. Башкы ролдордо: Сейтек — Э. Бекболиев, Ч. Думанаев, Айчүрөк — Т. Абдуразаева, Каныкей — Ж. Сейдакматова, Бакай — С. Жаманов, Чачыкей — М. Далбаева, Күлчоро — И. Эшимбеков, Кыяс — К. Досумбаев. «Манас» үчилтигин драма үчилтигине жеткирүү үчүн Ж. Садыков «Айкөл Манас» драмасын жазат. Аны режиссёр Б. Ибраев даярдап Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына 1990-ж. алып чыгат. Сүрөтчүсү М. Исхаков, М. Сыдыкбаев, композитору К. Молдобасанов. Негизги ролдорун: К. Досумбаев — Манас, А. Осмонов — Кошой, С. Жумадылов — Бакай, К. Дулатова — Чыйырды, М. Далбаева — Каныкей, И. Эшимбеков — Алмамбет, Ч. Думанаев — Чубак, Э. Бекболиев — Сыргак, Т. Бердалиев — Коңурбай, М. Асанбаев — Нескара, А. Жолдошев — Жолой. Кыргыз эли үчүн «Манас» үчилтиги түгөнгүс жомок, ошондой эле кыргыз театры үчүн да бул эпос түгөнгүс булак. Кыргыз искусствосунун чеберлери бул түгөнгүс булакка дагы да далай кайрылышат.
Ж. Молдобаев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«КЫРГЫЗ ФОЛЬКЛОРУНУН ТАРЫХЫНАН» — Э. Абдылдаевдин «Манас» эпосунун маселелерине арналган макалалар жыйнагы (Фр„ 1983). Жыйнакта: «Элибиздин поэтикалык чыгармачылыгын тарыхый принципте изилдейли», —деген макалада элдик оозеки чыгармачылыкты тарыхый принциптин негизинде изилдөөнүн методологиялык куралы катарында колдонуу, фольклор жөнүндөгү советтик илимдин улам жетишкен тажрыйбаларын, эффективдүү илимий методдорун чыгармачылык менен пайдалануу жана ата-бабаларыбыздын башынан өткөргөн тарыхын терең үйрөнүү сыяктуу принциптүү маселелер каралат. «Залкар эпик ырчы» аттуу макалада Саякбай Каралаевдин варианты нын өзгөчөлүгү, анын дастандары (Эр Төштүк, Делдеш баатыр, Талгар мерген жана башкалар), чыгармалары [Унутулгус күндөр (1967), Эстен кетпейт (1957)] тууралуу кеңири сөз болот. А. Маргуландын «Шокан жана Манас» деген монографиясына (Алматы, 1973) илимий мүнөздө баа берген макаласы да автордун бул китебинен орун алган. «Манастын образынын тарыхы тууралуу» макаласында «Мажму ат-таварих» кол жазмасындагы Манас баатыр жөнүндөгү маалыматтарга жана эпостун колдо болгон материалдарындагы фактыларга таянып, «Манас» деген ысымдын чыгышы тууралуу ой жүгүртөт. «Алмамбеттин образынын тарыхы тууралуу изилдөө» макаласында Р. Сарыпбековдун «Алмамбеттин образынын эволюциялык өнүгүшү» (Фр., 1977) аттуу монографиясы жөнүндө сөз болот. «Көкөтөйдүн ашынын тарыхы» аттуу макалада автор эпостун сюжеттик системасындагы «Көкөтөйдүн ашы» аттуу эпикалык окуянын пайда болушу жөнүндө иликтөө жүргүзөт. ««Манас» эпосундагы, Бээжин деген топоним жөнүндө» деген макаласында бул топонимдин эпоско кирүүсүнүн тарыхый негиздерине токтолот да өз оюн бир катар ишенимдүү фактыларга таянып бекемдейт.
М. Мукасов

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Кыргызча-түркчө. Бул онлайн сөздүккө 2 кыргызча-түркчө сөздүк (Абдыгулованын жана Сагынбаеванын) кирген. Бул сөздүктөргө кирген котормолорду табыш үчүн "фильтр" баскычын басып, "Кыр-Түр" же "Түр-Кыр" иргемесин иштетесиз.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Kırgızca-Türkçe sözlük. Бул онлайн сөздүккө 2 кыргызча-түркчө сөздүк (Абдыгулованын жана Сагынбаеванын) кирген. Бул сөздүктөргө кирген котормолорду гана табыш үчүн "фильтр" баскычын басып, "Кыр-Түр" же "Түр-Кыр" иргемесин иштетеңиз.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Kırgızca-Türkçe sözlük. Бул онлайн сөздүккө 2 кыргызча-түркчө сөздүк (Абдыгулованын жана Сагынбаеванын) кирген. Бул сөздүктөргө кирген котормолорду гана табыш үчүн "фильтр" баскычын басып, "Кыр-Түр" же "Түр-Кыр" иргемесин иштетеңиз.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Kırgız-Türkçe Sözlük. Бул онлайн сөздүккө 2 кыргызча-түркчө сөздүк (Абдыгулованын жана Сагынбаеванын) кирген. Бул сөздүктөргө кирген котормолорду гана табыш үчүн "фильтр" баскычын басып, "Кыр-Түр" же "Түр-Кыр" иргемесин иштетеңиз.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Kırgızca-Türkçe sözlük. Бул онлайн сөздүккө 2 кыргызча-түркчө сөздүк (Абдыгулованын жана Сагынбаеванын) кирген. Бул сөздүктөргө кирген котормолорду гана табыш үчүн "фильтр" баскычын басып, "Кыр-Түр" же "Түр-Кыр" иргемесин иштетеңиз.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

Kırgızca-Türkçe sözlük. Бул онлайн сөздүккө 2 кыргызча-түркчө сөздүк (Абдыгулованын жана Сагынбаеванын) кирген. Бул сөздүктөргө кирген котормолорду гана табыш үчүн "фильтр"  колдонуңуз. Керектүү сөздү терип баштаганда астында фильтр тактасы пайда болот. Ачылган тизмеден "кыргызча-түркчө" же "түркчө-кыргызча" багытын тандап алыңыз.

кыргыз тилинен түрк тилине гана которуу иргемеси

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыргыз эли чоңдуктарды ченөөдө, (өлчөөдө) колдонулган чен бирдиктер. Кыргыз чен бирдиктери төмөндөгүлөр: салмак бирдиктери – жың, батман, чексе, бут, кадак, челек, кап, мыскал ж. б. Аянт бирдиктери – бармак басым, алакандай, үй орду, танап, теше ж. б. Убакыт бирдиктери – көз ирмем, чай кайнам, эт бышым, күн, күнү-түнү, жума (апта), ай, жыл, кылым ж. б. Узундук бирдиктери – эли, укум, сөөм, карыш, төш жери, кулач, бута атым, чакырым, тай чабым, ат чабым ж. б.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Көбүнчө чымчык, бөдөнө сыяктуу майда канаттууларды алуучу жырткыч куш. Түлөк кыргый. Кыргый салуу.
Кыргыйдай тийүү — бирөөгө тартынбай катуу тийүү, тайманбастан качыруу, чакчелекейин чыгаруу.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көңүлү ачылып, жакшы болуп, жеңилденип, өзүн жакшы сезип, жеңил сезип калуу (көбүнчө сыркоо адамга карата). «Апа, кандайсыз?» деген кыздын суроосуна «бүгүн кыргыйдай болуп калыптырмын», - деп күлүп койду («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көңүлү ачылып, жакшы болуп, жеңилденип, өзүн жакшы сезип, жеңил сезип калуу (көбүнчө сыркоо адамга карата). «Апа, кандайсыз?» деген кыздын суроосуна «бүгүн кыргыйдай болуп калыптырмын» деп күлүп койду («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир аз таарынышкан, араздашкан мамиле. – Ой, аны кой. Болуш агаң менен кызыл көз чал кыргый кабак (Нурпеисов). Агаларым Сүйөө карыя менен кыргый кабак экен деп, менин тескери караганым кандай (Нурпеисов). Анархан Саламатханга таарынып, ошондон бери кыргый кабак болуп жүргөн (Жантөшев). Бир аз айтыша кетип, кыргый кабак болуша түштүк («Ала-Тоо»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРГЫЛЧАЛ, Кыргыл, Айнакул — кырк чоронун башчысы, эпостун бардык варианттарында айтылган туруктуу каарман. Сагымбай Орозбаков вариантында өз аты Айнакул, К. ылакап аты делет. Эпосто К. баатырлыгы, эрдиги менен катар куйту, бузукулук кылып, адамдарды чабыштырганга маш кейипкер катары сүрөттөлөт:
Кырктын башы Кыргылчал,
Кыркында көпкөн жинди чал.
Келген чоро улугу,
Кеби тентек, чорт кыял
Кырк чоронун бузугу
Бузукчулук ойлогон
Буттайын бузуп ийсе да
Буудан Манас кабылан
Бузду экен деп койбогон (Саякбай Каралаев, 1. 195).

Эпосто К-дын бузукулук иштери бир топ эпизоддордо айтылып, кээде каармандар арасында карама-каршылыктарды, пикир келишпестиктерди туудурат. Варианттардын баарында кезигүүчү Чубактын Алмамбеттен чалгындын жолун талашып чыр чыгарышына К-дын бир кытайга тең болбой оорукта калдың деген бузуку кеби себепчи болот. Ошондой эле Саякбай Каралаевдин варианты ндагы Чубактын тарынып кетиши, Коңурбайдын Таласка жасаган чабуулу да К-дын Чубак менен Каныкейдин көңүлү жакын деп Манаска жамандагандыгынын натыйжасы. Радлов жазып алган вариантта К-дын бузукулугу атасына кызмат кылып согушуп жүрүп чарчадык, эми баласы алдына салып айдап жүрүп өлтүрөт деп куйтуланып азгырганы кырк чоронун качышына, Семетейдин колунан өлүшүнө алып келет. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манас өлгөндө кырк чоронун Абыке, Көбөш тарапка өтүп кетишинде да К. негизги ролду ойнойт. К-дын терс сапаттары жөнүндө Букардан Таласка келгендеги сөзүндө Каныкей мындай дейт:
Кырк чоронун кыйшыгы
Кыргыл чал какшаал өлдүбү?
Кыргыл чал чочко өлбөсө,
Кыямат жүзүн көрбөсө Кең
Талас бизге жер болбойт,
Алты агаң бизге эл болбойт (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 309—310).

К-ды кырк чоро менен кошо Семетей өлтүрөт.
С. Төлөгөнова

Киргизско-русский словарь Юдахина
резня, бойня;
кыргында кан өлөт погов. в сече (и) хан погибает;
кыргын сал- устроить резню, массовое истребление;
кыргын болду много (людей) погибло;
кызыл кыргын кровопролитная резня, поголовное истребление;
кызыл кыргын кылыңар фольк. поголовно всех истребите;
кыргын салуучу ав. уст. истребитель.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Көбүнчө казандын түбүн, кырмычык кырууга ылайыкталып жасалган кыска, сабы туурасынан ашталган калакча. [Энеси] кыргыч менен казан кырат (Байтемиров).
2. Апийимди кырып, жыйнап алуу үчүн ылайыкталып жасалган кичинекей калакча.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көбүнчө казандын түбүн, кырмычык кырууга ылайыкталып жасалган кыска калакча. Энеси кыргыч менен казан кырат (Байтемиров) 2. Апийимди кырып, жыйнап алуу үчүн ылайыкталып жасалган кичинекей калакча.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бир нерсени кыр кылып үйүү, жыйноо. Кызылчасын тоодой кылып кырдаган Бардык элден эркин-шайыр жыргаган (Аалы).
2. Бир нерсеге кыр чыгаруу, бир нерсени кырдуу кылып жасоо. Бул төгүн таш эмес. Адис уста атайы төрт кырдап жасап.. койсо керек (Таштемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ставить на ребро;
тебетейди кырдап кий- надеть шапку набекрень;
2. отделывать края, гранить;
төрт кырдап жон- строгать, придавая четырёхгранную форму;
3. накладывать бугром;
кырдап жүк артып навьючив бугром (очень много);
4. двигаться по гребням гор.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсени кыр кылып үйүү, жыйноо. Кызылчасын тоодой кылып кырдаган Бардык элден эркин-шайыр жыргаган (Токомбаев). 2. Бир нерсеге кыр чыгаруу, бир нерсени кырдуу кылып жасоо. Бул тегин таш эмес. Адис уста атайы төрт кырдап жасап койсо керек (Таштемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. удобный, подходящий момент; удобные обстоятельства;
иштин кырдалы келбей атат обстоятельства не складываются благоприятно;
ага азыр кырдал жок для этого сейчас момент неподходящий;
сөздүн кырдалы келди к слову пришлось;
кырдалык келтирип улучив момент;
кырдалы келип турат обстоятельства складываются благоприятно; подходит благоприятный момент;
2. обстоятельства, обстановка; состояние;
бул жерде үч кырдалды эсепке алуу керек здесь нужно учесть три обстоятельства;
бул жердеги кырдалды эсепке алуу керек необходимо принять в расчёт здешнюю обстановку;
кырдалдардын айкалышы стечение обстоятельств;
кысымчылык жасоо жана пикир келишпестик кырдалында в обстановке нажима и разногласий;
өмүрүнүн ушул кырдалында в этом периоде своей жизни;
кырдалында Алгара, кебелбей чуркаар чагы бар фольк. когда придёт пора, (конь) Алгара побежит (в походе), не спадая с тела;
3. то же, что кыр 1 3.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кырынан келген абалда болуу. Ал кырданып жаткан боюнча магдырап көзү илинди («Ала-Тоо»).
  1. 2.           Кырынан жыгылуу. Кыргыздар сайса жөө калмак, Кырданып кетет талп этип («Эр Табылды»). Кара калмак балбаны, Кырдана түшүп бадирек, Аяктап тура калганы («Манас»).
  2. 3.           өт. Бой көтөрүү, менменсинүү, мыктысынуу. Кыйынсынып кыйкырып кырданганың дуруспу (Осмонкул). [Татыбек] мурдагыдан бетер кырдана басып дегеле адамды көзүнө илбейт (Байтемиров).

Кырданып кетүү — 1) өлүү, каза болуу; 2) кызматынан түшүп калуу, кызматынан ыргып кетүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. стать на ребро;
2. принять вид грани, хребтика;
мурду кетти кырданып, өңү кетти сурданып фольк. нос (богатыря от ярости) утончился (ноздри сжались), вид его стал грозным;
3. (о шапке) стать набекрень;
4. перекувырнуться (при падении);
ат-маты менен кырданып кетти он перевернулся вместе со своей лошадью;
кырдана түшүп аяктап тура алганы перекувырнувшись, он смог встать на ноги;
5. перен. важничать, чваниться;
эмине үчүн кырданасың? ты что важничаешь?
отуздан эбак ооп, кыркка кырданып калган ему уже давно перевалило за тридцать, и он уже близок к сорока;
кырданып кетти он умер, он скопытился.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кырынан келген абалда болуу. Ал кырданып жаткан боюнча магдырап көзү илинди («Ала-Тоо»). 2. Кырынан жыгылуу. Кыргыздар сайса жөө калмак, Кырданып кетет талп этип («Эр Табылды»). Кара калмак балбаны, Кырдана түшүп бадирек, Аяктап тура калганы («Манас»). 3. өт. Бой көтөрүү, менменсинүү, мыктысынуу. Кыйынсынып кыйкырып кырданганың дуруспу (Осмонкул). Татыбек мурдагыдан бетер кырдана басып дегеле адамды көзүнө илбейт (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кырдан-;
тебетей кырдант- надеть шапку набекрень;
топусун кырданта кийип надев тюбетейку набекрень; заломив тюбетейку;
кырданта кийип ак калпак, кара сур жигит кой баккан стих. заломив белый колпак, пас овец смуглый парень.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Каза болуу, көз жумуу, көзү өтүп кетүү, өлүү. Молдокем кырданып кетиптир деп мага угузду («Ала-Тоо»). 2. Кызматынан түшүп калуу, ишинен бошоп калуу. Мурдагы пейли жок, кызматынан кырданып кеткенге жүдөй түштү («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кырда-
двигать по краю, по гребню;
малды, капталга салбай, кырдатып айда ты гони скот не по склону, а по гребню;
топусун башка кырдатып, ашыласын ырдатып стих. велев надеть тюбетейку набекрень и петь песни.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. то же, что кыр I 1;
айбаты албарс темирдей, мурду тоонун кырдачтай фольк. грозность его подобна булату, нос подобен горному хребту;
кырдач мурун
1) прямой нос (без горбинки и не приплюснутый);
2) (точнее кырдач мурундуу) человек с прямым носом;
2. шесть самых холодных дней зимы;
"кырдач" деген алты күн, кыйкырып өтөт кырданып стих. кырдач - шесть дней, проходит он яростно, с криком;
кырдач кирет кырданып, түрүн бузуп сурданып, күндүзү бүркөк, түнү ачык стих. кырдач наступает яростно, с видом своим грозным, днём пасмурно, ночью ясно.

Киргизско-русский словарь Юдахина
имеющий грани, гранёный;
төрт кырдуу четырёхгранный;
маселени кырдуу кылып кой- ставить вопрос ребром;
сенден кырдуумун я немного выше тебя ростом;
төрт (или сегиз) кырдуу камчы плеть четырёх (или восьми) гранного плетения (она прочна, и её удары резки);
жигит бир сырдуу төрт (или сегиз) кырдуу молодец (должен быть) твёрдым во мнении и решительным в действиях.

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от кырдуу
считать себя выше, лучше, сильнее других;
кырдуусунган зазнающийся, кичливый;
кырдуусунган душман кичливый враг;
кырдуусунган душманга кыргынды кызык салайын фольк. учиню я настоящий разгром кичливому врагу.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз ара касташуу, мамилелери бузулуп, өчөгүшүп кетүү, өз ара каршылашуу, касташуу, душмандашуу. Ага-тууганы менен кырды бычак болуп жүргөн жаман жигиттин бири экен («Ала-Тоо»). Береги кырды бычак болгон манаптын жек-жааттары (Осмоналиев). Аралары кырды бычак болуп, дүнүйө, мансап үчүн кармашуу башталды (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз ара касташуу, мамилелери бузулуп, өчөгүшүп кетүү, өз ара каршылашуу, касташуу, душмандашуу. Ага-тууганы менен кырды бычак болуп жүргөн жаман жигиттин бири экен («Ала-Тоо»). Береги кырды бычак болгон манаптын жек-жааттары (Осмоналиев). Аралары кырды бычак болуп, дүнүйө, мансап үчүн кармашуу башталды (Касымбеков). Мен аны менен кырды бычакмын («Ала-Тоо»). Алгач ишеним жоголуп, анан кырды бычак кырдаал түзүлдү (Бердикеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кыр- III;
сакал кырдыр- подбрить бороду (напр. у парикмахера, но не самому);
сакал-муруттарын кырдырып койгон бороду и усы он сбрил;
чач кырдыр- побрить голову;
койчу уктаса, койлорун кырдырып коёт если пастух будет спать, он овец своих потравит (даст волкам потравить своих овец).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тоонун кырка тартып, жондонуп чыгып турган бөлүгү, тоонун көтөрүлүп чыгып турган жону. Аттуулар кыр өйдө келип жакындаганда Алыбек Темировду тааныды (Жантөшев). Жамгырым, жамгырым, Көгөрт тоонун ой, кырын (Осмонов). 2. Бир нерсенин чети, кырданып чыгып турган бөлүгү. Атай суудан секирип, арыктын кырына чыкты (Бейшеналиев). Жер тамдын кырында кара чыйырчыктар олтурат (Сасыкбаев). 3. Каптал. Көмкөрөсүнөн жаткан Каныбек сол жаккы кырына оодарылды (Жантөшев). 4. Жон-жон кылып үйүлгөн үйүндү. Батыйманын көзүнө кырманга додолоп койгон, кыр-кыр кызыл буудайларга окшоп көрүндү (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жок кылуу, өлтүрүү. Жыргалга кастык кылганды, Жыландай жанчып кырамын (Бөкөнбаев). Кырамын өзү келген ач көз жоону Колхоздун адырынан чөп чапкандай (Үмөталиев). 2. Бир нерсени сүргүлөп тегиздөө, сүргүлөп тазалоо, сүрө тартып ажыратуу, бөлүү. Табак-аяк кырат, кашык, жасайт (Токомбаев). Айран калдым мен көрүп, Апийимди кырганын (Осмонкул). Аттын жанына барып, мойнунан сылап, каткан терлерин кырды (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кырк I
1. сорок;
кырк сом сорок рублей;
кырк күн сорок дней;
кырк жыл сорок лет;
кыргыздыкы кырк жылда (или жылга) погов. киргизское - сорок лет (по старым киргизским установлениям срока давности не было, а поэтому напоминать или требовать можно было всё время, и даже через сорок лет);
2. сорок дней после родов;
3. этн. сорочины, сороковины (поминки на сороковой день после смерти; в некоторых местах южной Киргизии справляются на двадцатый день после смерти);
кырк ашын берип өткөрдү он справил сорочины;
4. (точнее кырк чоро) сорок витязей-сподвижников глазного богатыря;
кырктан чыккан баатыр знаменитый витязь, славный богатырь (букв. богатырь, превзошедший сорок богатырей);
кырк көйнөк этн. рубашечка, которую мать надевает ребёнку на сороковой день после рождения;
кырк челпек этн. сорок лепёшек (которые пекут в день надевания на младенца кырк көйнөк в юрте роженицы и раздают сорока детям);
тегирмендин кырк аягы (или ит аягы) лопасти мельничного колеса;
кырк чилтен см. чилтен;
кырк кыз см. кыз.
кырк II
кырк-кырк подражание щёлканью (напр. на счётах).
кырк- III
1. стричь; отсекать, пересекать (напр. прут); перерубать;
кой кырк- стричь овец;
багын кыркып кыйратып, баары жогун ыйлатып фольк. вырубив его сад и разгромив, всех довёл до слёз;
ала койду бөлө кырккан жүнгө жарыбайт погов. тот, кто пёстрых овец стрижёт отдельно, шерсти вдосталь не получит (стрижёт пёстрых овец, отделяя шерсть одного цвета от шерсти другого цвета);
ала койду бөлө кырк- перен. относиться не ко всем одинаково, миловать одних, обижая других;
ала койду бөлө кыркпай, элге тегиз кара относись ко всем людям одинаково, не дели на сынков и пасынков;
2. южн. (в картах) снимать;
мен кыркам я буду снимать, я сниму;
о верблюде при определении возраста по зубам: бир кырккан четырёхлетний, эки кырккан пятилетний, үч кырккан шестилетний и. т. д.;
чыбык кырк- см. чыбык 1;
чач кырк- см. чач I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сан. 40 саны, эсеби. Эр Төштүк аткан бугудан, Оң бутка илди бир кыркты, Сол бутка илди бир кыркты («Эр Төштүк»).
Кыркын берүү — кырк күн өткөндө мал союп өлгөн адамды эскерүү. Кырк чилтен к. чилтен. Кырк аяк к. аяк.
КЫРК II этиш. Туурасынан кесип таштоо, жүн сыяктуу нерселерди түбүнөн кесүү. Чоң араа жок, чочубагын кыркпаймын, Ак балта жок, анык ишен жыкпаймын (Калык). Ар бир коюн кыркканда, Төрт жарым кило жүн алган (Осмонкул).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК — эпосто көбүнчө сыйкырдуу мааниде кездешүүчү эпикалык сан. Мунун пайда болушу байыркы мезгилдерде адамдардын табият жана коом кубулуштарына, кереметтүү, укмуштуу көрүнүштөргө түшүнүү аракеттеринде сырын чече албаган нерселерди таасирдүү дух, касиеттүү күч катары кабылдоолордун үрп-адатка айланышы менен байланышкан. «Манаста» сөз сыйкыры (магиясы) сыяктуу эле сан сыйкыры кеңири тараган (мисалы, үч, жети, тогуз жана башкалар). Бирок, мында «кырк» деген сандын өзгөчө учурлары бар. Барыдан да анын кыргыздардын этногенезисинин («кыргыз») чечмелениши менен чиеленип турушу өтө кызыктуу. Ал эми жалпы алганда ар түрдүү жагдайларда колдонулган «кырк» саны эпосто кыргыз элинин байыркы мезгилдердеги тарыхынан бери карай турмуш-салтынан, дүйнө түшүнүмдөрүнөн ачык кабар берет.
Эпостун окуясы кырк үйлүү кыргыздын Алтайга айдалып барышы менен башталат. Алардын турмуштары оңолот. Байлыгы ташыган Жакып баласынын жоктугуна арман кылат. Бир күнү түш көрүп, аны байбичесине айтат. Байбичесинин түштү жорутуп, кырк бээ союп, бата алалы дегенине Жакыптын ачуусу келет. Манас төрөлгөндө талаада жүргөн Жакыпка «сүйүнчүгө кырк киши кетти чапкылап» Акбалтанын аялы Сулайка күйөөсүн үгүттөп мындай дейт:
Кызыр чалган бай Жакып,
Кырк кара боз байлаган,
Кырк жылкыдан бирди албай,
Сенин кандай шоруң кайнаган (Сагымбай Орозбаков, 1. 62).

Албетте, жогоруда айтылган «кырк» деген эпикалык сандын колдонулушу эч качан кокус жеринен болгон эмес. Казак окумуштуусу А. Маргулан: «Кырк — элге салт болгон касиеттүү сан — күчтүүлүктүн, биримдиктин белгиси. «Кырк уруу эл», кийинчерээк феодалдык коомдогу «кырк нөкөр», «кырк дос», «кырк чоро», «кырк вазир» деген туюнтмалар адегенде уруу башчыларынын чыгаан бир адамдын тегерегине топтолуп, биригишин билдирет», — дейт (К. Мухаметканов. Феникс — «Манас» жана Мухтар Ауэзов. «Ала-Тоо», 1988, № 8, 103-б.). Манастын бүткүл «таржымалы» бул айтылганды толук ырастайт. Манас бала кезинен ашкан тентек чыгып, Чоң Жинди аталып, аны катыксын, тартипке келсин деп Ошпур койчуга кошуп бергенде, ал анын тилин албай, өз билгенин жасайт.
Бир күнү Манас кабылан
Оолугуп токтобой
Кырк үйлүүдөн кырк бала
Кыйбатын жыйып алыптыр
Чоң Алтайдын талаага
Чогулуп оюн салыптыр (Саякбай Каралаев, 1. 59).
Алар ошентип ойноп жатышса, кара калмак манжуудан 15 —16 жаштардагы 80 бала келип, улуу сымагы «кызыталак бурут, тентип келген бурут» деп кордоп, уруп-токмоктоп киришет. Мына ушунда Манас «кыргыздап» ураан чакырып, туур качырып кирип, кезиккенин жанчып, койгулаша кеткенин кокосун жулуп, жалпы эле калмакка бүлүк саларда атасы бай Жакып алдынан чыгып, арачалап калат. Күндөрдүн биринде Манас кырк баласы менен сайран куруп, койлорду каалагандай союп, этине эркин тоюп, Кең Алтайдын баткалда катуу уктап жатканда жылкычы алпы Канжаркол келип аларга бүлүк салат. Кырк баланын кыйсыпырын чыгарат. Мында да Манас калтаарып калбастан, өзүнүн эпчилдиги, мыктылыгы, эрдиги менен өзү келип тийген «балбанды союп жай кылат». Анан өзүнүн жолдошторуна карап мындай дейт:
Атаңдын көрү кырк бала,
Айтканым менен болуп бер,
Тегерете конуп бер,
Мага чоро болуп бер! (Саякбай Каралаев, 1. 66).

Жогоруда келтирилген мисалдардан дегеле Манастын келечеги үчүн ушул кырк үйлүү кыргыз, кырк бала чоң демөөр, уютку, кубат болгондугу ачык байкалат. Мында барыдан да кырк баланын кырк чорого чоктолуп жатышы алдыдагы албан иштерден үмүткөр кылат. Чынында да, кийин Манаска өбөк, жөлөк болуп, асыресе анын аскердик ийгиликтерин, рухун, согуштук жеңиштерин камсыз кылууда алар (к. Кырк чоро) зор роль ойногондугу белгилүү.
Манас Чегебай деген бала менен козуларды кайтарып жүрсө, бир карышкыр келип, бир козуну баса калып, куйругун жулуп алат. Манастын кыжыры кайнап, «кулагынан алайын, өлбөгөн жерде калайын» деп карышкырга чуркап барса, ал козуну көтөрө качып, кырды ашып кетет. Козунун каны менен Манас артынан кууп:
Жетип барып караса,
Аттары бар канаттуу
Адамдан башка сапаттуу
Аргымак бедөө минишкен,
Аземдүү тонду кийишкен,
Бир үңкүрдө кырк киши,
Бир өтөктө жык киши (Сагымбай Орозбаков, 1. 113).

Баягы жартысын карышкыр аймап таштаган козу бүтүн, жанында байланып, маарап турат. Буга Манас абдан айран таң калат: Мунун жөн-жайын, сырын сурап келгенде:
Адамдар анда кеп айтат
Аңдап көр, балам, деп айтат.
— Бөрү болгон биз деди,
Бөлөкчө жансыз сиз деди,
Кызыр Ильяс деген бар,
Сизди кырк күндөн бери издеди,
Кырк чилтен деген биз деди,
Козуңа салган тиш деди (Сагымбай Орозбаков, 1. 114).

Бул жерде К. санынын сыйкырдуулугу ачык байкалып турат. Мында кеп, албетте көчмөн элдин салтына, көзгө көрүнбөй кубулуп жүргөн, адамдардын асыресе баатырлардын жандоочусу, жолдоочусу болуп, болочок тагдырына чоң мааниге ээ болгон, кыйын кезеңге туш болгондо, кысталышта жардамга келип, колдоп, сүрөөнгө алып келген ыйык заттар Кыдыр, Кызыр, Кызыр Илияс (к. Кызыр Илияс) кырк чилтендин (к. Кырк чилтен) бөтөнчө жан катары, «Манасты самап, кастарлап, келечегине бир эске алынуучу нерсе: Мына ушулардын кылган иш-аракеттеринде кырк деген сандын аралашып, ажырагыс болуп жүргөндүгүндө. Бул асыресе Кыдыр Илиястын Манасты кырк күндөн бери издегенин, ага минтип кырк чилтендин өздөрү келип таап олтургандыктан ачык көрүнөт. Кыргыз элинде илгертен бери: «кырктын бири кыдыр, миңдин бири олуя» деген сөз жашап келген. Бул канчалык сан көп болсо, ынтымактуулукка ылайык, анын ичинен мыкты, жакшы нерсе артык болот деген практиканын натыйжасы экендиги белгилүү. Дегеле кырк дегендин күчтүүлүктү, дараметтүүлүктү, кубаттуулукту туюнтушу да ушуну менен байланышкан. Мисалы, Жакып баш болуп, кыргыздар Каныкейге кудалап барышканда, Каныкейдин атасы Атемир конокторду тосуп, сый-урмат көрсөтөт:
Кырка тиккен кырк үйү,
Кызмат кылды кырк бийи,
Кошо келген кырк нөкөр,
Кошулушун карап көр (Сагымбай Орозбаков, 2. 417).

Мындан Атемирдин ашып ташкан дүнүйөсүн адептүү каада-салт гана эмес, анын дөөлөтүн да элестетүүгө болот.
Эпосто кырк чоро барыдан мурда Манас баатырдын сөөлөтүн, кадырын, бийлигин, баркын элестетет. К. деген сандын эпосто жөнөкөй эле мааниде колдонулган учурлары да өтө көп. Алсак, «Анжыяндын кырк эшен, кырк эшенге барды эми», «Кызыл ала кылсамбы, кырдан кырк теке аткан мергендей», «Кызматка кыркты тургузду», «Кырк чанач кымыз киргизди», «Кырк миң дилде алышар», «Кырк күн оюн, кырк түн тоюн өткөрүп» жана башкалар Бирок, булардын баары, кантсе да, кокустук көрүнүш эмес. К. деген сандын түпкү сыйкырдуу катары кабыл алынып, аң-сезимге кеңири орношу анын мына ушундай кеңири пайдалана беришине да шарт түзгөн.
О. Исмаилов

Киргизско-русский словарь Юдахина
ряд;
кырка тиккен үй юрты, поставленные в ряд;
кыргыздын боз үйлөрү кырка тигилген киргизские юрты были расположены в ряд;
кырка тартып кон- (о юртах) расположиться рядами;
тоо кыркасы горный хребет;
кыркасы менен всех подряд, всех до одного;
кырк жигитти бир бирден кыркасы менен кармаган фольк. он изловил сорок джигитов по одному, всех до одного;
баарысы менен беттештим, кыркасы менен жыгылган фольк. со всеми ими я схватился в поединке, все до одного мною побеждены;
кырка тарткан жар яр, вытянувшийся вдоль;
кырка башы верхний край; верхняя кромка;
шайы көшөгө, анын кырка башына сайылган сайма шёлковый занавес, по верхнему краю его вышивка;
кырка-кырка рядами;
учку элдин учуна, кырка элдин кыйрына кетти см. учку.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кыркаар I
ряд;
сууну кыркаар тартып кечтик мы переправились через воду; расположившись рядами (наискось по течению);
кыркаар тарт- вытянуться в ряд;
кыркаар тартып чубаган, кол келатты дуулаган стих. вытянувшись в ряд, один за другим шло шумное (большое) войско.
кыркаар II
настриг;
кыркаар көбөйсүн! да увеличится настриг! (пожелание стригущим овец).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Кырка, кыркалай тизилип турган, катар-катар тизилген. Эң алдында кыркаар тарткан танк («Ала-Тоо»). — Жаңы полк!тизил түптүз! Шаңданып, кыркаар тартып алдыга жүр! (Турусбеков).
КЫРКААР II зат. Кыркылып жаткан жүн. — О, кыркаар көбөйсүн!деп, Темиров обочодон айтканда:Айтканыңыз келсин!дешип кой кырккандар чуулдашты (Жантөшев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫР-КАЙЫҢ — топоним. Алмамбет атасынын Кан-Жайлак жайлоосун талашып, Коңурбайга кол салган жер.
Кыр-Кайыңдын оюнда
Коңурбайга кол салдым,
Белим кетип мекчейип,
Кайран көзүм чекчейип,
Найза менен калчаны
Жетип муштап өткөнүм (Саякбай Каралаев, 2. 108).

Географиялык реалияда Жунгариядагы жерлердин бири.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: кыркалап или кыркалай вытянувшись в ряд;
кыркалай таккан түймө пуговицы, расположенные в ряд;
кыркалап тоону чалды эми, кыйла жерге барды эми фольк. вот он обследовал все горы, во многих местах он побывал;
кыркасын кыркалай жүрүп идя поперёк хребтов; пересекая хребты;
Ысык-Көлдү кыркалап двигаясь по берегу (по кромке) Иссык-Куля.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от кыркала-;
кыркалата тиккен боз үйлөр юрты, поставленные в ряд;
көкүрөгүнө кыркалата кадалган өңкөй он беш тыйындык күмүштөр на груди её нацеплено в ряд исключительно пятнадцатикопеечное серебро (серебряные монеты).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК-ЖИГИТ-АРЫК — Бакай-Ата районунун аймагындагы 10-кылымда курулган байыркы каналдын нугу. Каракоюн суусунан башталып, тоо боору менен Талас өрөөнүнө чыгат. Арыктын узундугу 10 км, туурасы 1,2 м, тереңдиги 1 м, жылмакай таштар менен кынапталып алебастар менен бекитилип оңдолгон.
К.-Ж.-А. менен Кырк-Кыз-Арыктын тарыхы жөнүндө эл оозунда төмөнкүчө уламыштар айтылат: «Семетейдин жигиттери Үрмарал суусунун жээгине оюн-зоок курушат. Кезек күч сынашуу оюнга келет. Кыздар Бакай карыяга кайрылып калыс болуп берүүсүн суранышат. Акылман карыя Үрмарал суусунун сол тарабынан кыздар, оң тарабынан жигиттер арык казып, сууну өрөөнгө кайсыл тарап мурун чыгарса жеңиш ошолордуку болорун айтат.
Эки тарап күндөп-түндөп иштешет. Кыз-келиндер амалдуулук кылып, теңи иштеп, теңи кылактап жигиттерди азгырып, алаксытышат. Кыздар арык казууну бир жума мурун бүткөрүп жеңишке ээ болушат».
О. Береналиев

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Туурасынан кесип таштоо, жүн сыяктуу нерселерди түбүнөн кесүү. Чоң араа жок, чочубагын кыркпаймын, Ак балта жок, анык ишен жыкпаймын (Калык). Ар бир коюн кыркканда, Төрт жарым кило жүн алган (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
этн. Жаңы төрөлгөн ымыркай бала кырк күнгө толгондо, анын кыркын чыгарып, ырымдап кийгизилген курак көйнөк. Кырк атаңдын жөрөлгөсү, Ата-энеңдин өбөлгөсү («Манас»). Айылдын аялдары чогулуп, ымыркайга кырк көйнөк кийгизип, ырымын жасашты («Кыргызстан маданияты»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК-КЫЗ-АРЫК — Талас өрөөнүнүн түштүк батыш тарабындагы тоо этектей курулган байыркы канал (10-к.). Каракоюн менен Үрмарал суулары кошулган жерден башталат. Ал жерден каналды бөгөгөн сыпайдын калдыгы табылган.
Үрмарал суусунун сол жээгин бойлоп, Ленинполь кыштагына чейин созулат. Каналдын боюнан 10—12-кылымдагы Үрмарал 1 жана 2 деген эки шаардын чалдыбары табылган.
Эл оозунда К.-К.-А. менен Кырк-Жигит-Арык туурасында уламыштар айтылат. КЫРК ЧИЛТЕН (иран - кыргыз сөзү) — мифологиялык түшүнүктө адамдын көзүнө көрүнбөгөн, укмуштуудай касиетке ээ болгон жакшылык кылуучу дух. «Кырк» деген эпикалык сан жеке кыргыз элинин фольклорунда эмес, Орто Азия менен Алдыңкы Азиянын элдеринин фольклорунда да салттык түрдө туруктуу айтылат. Бул сандын түпкү теги байыркы иран мифологиясындагы «чилтан» («чил» — кырк, «тан» — киши, — «кырк колдоочу», «кырк сыйкырдуу олуя») деген түшүнүк боюнча пайда болгон деп эсептөөгө болот. Иран мифологиясы боюнча чилтен сыйкырдуу күчкө ээ болуп жана көрүнбөй адамдардын арасында жүрүп сүйгөн кишисин колдойт имиш.
«Манастын» бардык варианттарында К. ч. жөнүндө айтылат. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча Манас Ошпурдукунда козу кайтарып жүргөн кезинде бир козуну (карышкыр) көтөрө качып асканын түбүндөгү үңкүргө кирет. Манас да бөрүнүн артынан кошо кирип:
Жетип барып караса
Аттары бар канаттуу,
Адамдан башка санаттуу,
Аргымак, бедөө минишкен,
Аземдүү тонду кийишкен
Бир үңкүрдө кырк киши (Сагымбай Орозбаков, 1. 113) турганын көрөт.

Алар өздөрүн К. ч-биз деп тааныштырат. «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылган К. ч. Манас баатырга дайыма колдоо көрсөтүп коргоп жүргөнү мындайча сүрөттөлөт:
Кайып эрен — кырк чилтен
Канкор эрдин жолдошу.
Кырк чилтендин бирөөбү
Ажыдаар болуп сойлошуп
Кабылан бири, бири шер
Кашында бар сексен төрт
Бири миңге тийген эр (Сагымбай Орозбаков, 2. 230).

Бул жерде чилтендердин түпкү теги тотемдик түшүнүктөр менен байланыштуу экенин айта кетүү керек. Уруулук коом үчүн гана мүнөздүү болгон тотемдик түшүнүктөр, башкача айтканда уруулардын тотеми көбүнчө жырткыч айбандардан болгон. Кыргыз элинде бул тотемдер (бөрү, жолборс, илбирс) небак унутулуп, эпикалык салттарда гана элдик баатырлардын колдоочусу катарында сакталып, алар да өзүнүн милдетин мусулман мифологиясынын магиялык колдоочуларына (чилтен, кызыр, шайык, шаймерден жана башкалар) алмашыла баштаганын «Манас» эпосунун мотивдери далилдеп турат. Эпостун бардык варианттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон кездерде көбүнчө К. ч., шаймердендердин колдоосу менен аман калат.
И. Молдобаев. С. Алиев

Киргизско-русский словарь Юдахина
резаный; стриженый; приготовленный путём резки, стрижки;
кыркма тал тальник со срезанными верхушками;
кыркма сакал подстриженная борода;
кыркма кесме коротко нарезанная лапша;
кыркма чай род чая.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Кыркылган, уч жагы кыркып ташталган, кыркыла турган. Акман.. жээрдени.. дарбазанын оң босогосундагы кыркма талга байлоочу (Сыдыкбеков). Түгөл.. Васильевдин кыркма мурутунан көзүн айырбай туруп... сүйлөй баштады (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Муунак-муунак болуп чыккан отоо чөп, жүлгүр. 2. Мууналып керге кесилген жер, шакекче түрүндө кесилген кертмек. Мамынын башкы муунагында жылкынын кылы менен байлап койгон булгаары бар («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сес көрсөтүү, көтөрүлө сүйлөө, мыктысынып мамиле жасоо, чоңсунуу. Шадыга кыр көрсөтүп, дагы биринчи болуп тоң моюндук кыла баштады (Касымбеков). Бир четтен Чаки чындаса Дөкө тукумун да көзгө илбейт экен го» деген айың жүрөөр, буларга кыр көрсөтөйүн деп амалданды (Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сес көрсөтүү, көтөрүлө сүйлөө, мыктысынып мамиле жасоо, чоңсунуу. Шадыга кыр көрсөтүп, дагы биринчи болуп тоң моюндук кыла баштады (Касымбеков). Бир четтен Чаки чындаса Дөкө тукумун да көзгө илбейт экен го» деген айың жүрөөр, буларга кыр көрсөтөйүн деп амалданды (Үмөталиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК ЧИЛТЕН, Кырк чилтан — Баткен районундагы туш тарабын дайра, тоо курчап ат чабымдай аралды элестеткен Коргон айлына кире бериште орун алган коор жай (бейит) мазар. Ал жерде жалгыз түп гүлсовгар (дарак) гүлдөп турат. Эл ошол жерди Манастын кайыбынан берген кырк жигитинин бейит мазары деп касиеттүү көрүп, ыйык эсептешет.
Ал эми түпкү теги тотем (бөрү, жолборс, илбирс) менен байланышкан чилтендин жана башкалар образдары мусулман мифологиясынын магиялык колдоочуларына айланганын «Манас» эпосунун айрым мотивдери аныктап турат. Мисалы, эпостун бардык варианттарында Манас кыйын шарттарга дуушар болгон учурда көбүнчө чилтендердин колдоосу менен аман калат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
миф. кырк адам, кырк колдоочу. Адамдардын көзүнө көрүнбөгөн, сүйгөн кишилерин колдоп, жакшылык кылуучу касиеттүү пир, колдоочу. Кырк чилтен кайып эр урсун («Манас» С. О.). Атасын тарткан эр Семең, Актулпарды чуратып, Жардын башын уратып, Жайнаган сууга кирди эми. Колдогону кырк чилтен, Колтугунан алыптыр («Семетей»). Бирде касиеттүү Капсылазам колдосо, бирде Кырк чилтен, бирде жакшылык ыроологон Жоламан колдоп, куттуу ордосуна көңүлү куунак кайтат (Субанбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК ЧОРО — Манастын баатырдык кошуну, нөкөрлөрү, эң жакын кеңешчилери, жан жолдоштору, кол башчылар, ар башка уруулардын тандалган мыктылары, кылданган баатырларынан куралган көйкашкалардын тобу. Ар башка варианттарда ар башка санда, айрым учурларда алардын аталыштары да ажырымдуу болгону менен негизинен элге кенен тараган саны кырк. Көпчүлүк учурда алардын баары тегиз саналбай негизгилери гана аталат да окуянын жүрүшүнө ылайык алар көпчүлүк учурда эпикалык каармандардын негизин түзөт. Кырк чоро айрыкча Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Манас чоролору менен Каныкейге күйөөлөп барганда эки-үч жолу кайталанып толук саналат. Кырк чорого төмөнкү каармандар кирет: Бакай, Кыргылчал, Чалыбай, Ажыбай, Кутунай, Каратоко, Мажик, Камбар уулу Чалик, Сатай, Атай, Үмөт, Жайсаң, Каракожо, Бообек, Шаабек, Шүкүр, Алтай (албандардан), Төртай, Төлгөчү кара Төлөк, Токөтай, Калкаман, Элеман, Серек, Сыргак, Кошабыш, Эр Ыбыш, Алакен, Арстан Мажик, Чубак, Жоорунчу, Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу, Кербен, Дөрбөн, Бөгөл, Каратүлөө Кабыке, Жабыке, Бооке (Алоокенин уулу), Ырчуул, Бозуул, Тазбаймат, Шууту... Булардын ичинен жарымынан көбү туруктуу, дайыма аталган активдүү каармандар, ал эми акыркы он чактысы жалпы санга кирип аттары сейрек аталат да, айрымдары кээде башкача да атала берет.
К. Ботояров

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК ЧОРОНУН КҮМБӨЗҮ — Манастан калган кырк чоро Семетейди жашсынтып, ага баш бербей, биз карыдык, жоокерчиликтен жададык, тынч жашайлык деген шылтоо менен кытай жакка качып жөнөшөт.
Кырк чоронун күмбөзү (Кочкор өрөөнү).
Кырк чоронун күмбөзү (Кочкор өрөөнү).

С. Чокморов. Манас жоокерлери менен.
С. Чокморов. Манас жоокерлери менен.

Семетейдин аларды токтотууга жасаган аракети текке кетет. Кайра ага каршы согуш ачышат. Ошондо Семетей аларды кырып аларга күмбөз салдырат. Элдик уламыш боюнча ал күмбөздөрдү Кочкор өрөөнүндөгү Талаа-Булак, Төрткүл жана Семиз-Белдеги кыркаланган көп күмбөздөр менен байланыштырышат. Күмбөздөрдүн курулушу 16—19-кылымдын аралыгында бийик босоголуу болуп курулган. Бышырылбаган кыш менен кынаштырылып курулгандыктан урап бүтүп, алардын чала ураган орду гана калган. Мындай архитектуралык курулуш салты Орто Азия элдеринде кийинки убакка чейин колдонулган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРК ЧОРОНУН ОРДОСУ — Кочкордун түндүк-батыш тарабындагы Кара-Тоонун үстүндөгү түздүк. Узун-туурасы бир гектардай болгон ачык жай, ордо ойногондой тегерек, ортосунда кан жайгашкандай кичинекей белгиси бар. Элдик уламыш боюнча кырк чоросу менен ордо ойноп жаткан Манас Шамшы айылы тараптан үрккөн жылкылардын алдын тороп Кара-Тоодон таш ыргыткан дешет. Ошол таштар ээн талаада, ар кайсы жерде (10дой) ар кандай көлөмдө (эң чоңунун туурасы —2, 5, узуну 3,5, бийиктиги 3 м) жатат. Мындан тышкары ошол ордо ойногон жайыктан ылдый «Манастын үңкүрү», анын жанында «Аккуланын жер чапчыган изи» жатат. Үңкүр топурак ташка толуп, орду эле калган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от кырк-III;
кыркылган кой стриженая овца;
сакалың кыркылгыр! да будет твоя борода острижена! (до основания, что в старом быту не положено); бессовестный! (брань по адресу пожилого мужчины).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кыркын I
1. стрижка;
кой кыркыны стрижка овец;
кой кыркынында на стрижке овец;
кыркын пункту стригальный пункт; пункт стрижки;
койдун кыркынында төрөлгөн бала ребёнок, родившийся во время стрижки овец;
2. этн. стрижка утробных волос ребёнка (на сороковой день по рождении).
кыркын II
парное к кыз (см. кыз 1).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыргыздын байыркы музыкалык аспабы. Кыргыздын ынтымагы ыдырап, жок болуп баратып, Бакайдын кеңеши менен кайра чогулуп, кырк уруудан бирден кыл апкелип тагып, анысын «Кырк элек» атап, анын алдында «ажырашпоого, бөлүнбөөгө» ант берген.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кырла- I
(кырр-кырла-)
произносить "кырр-кырр" (см. кырр).
кырла- II
двигаться по горному хребту или по хребтам;
эрикпей көчүп, кыр кырлап фольк. кочуя, не ленясь, двигался он по горным хребтам.

Киргизско-русский словарь Юдахина
скоблёный, точёный;
кырма табак точёное деревянное блюдо;
кырма аяк точёная деревянная чашка;
кырма таш кремень (для кремнёвого ружья);
кырма дары или кырма кызыл дары или кытайдын кырма кызыл дарысы (в эпосе) род китайского снадобья, которое употреблялось для прижигания ран.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Эгин бастыруу үчүн атайы тазаланып жасалган аянт. Башкарма өзү кырман башында ушинтип демилге берет (Сыдыкбеков). Оморбекти кырман таразачысы кылып дайындады (Баялинов).
Кызыл кырман — бышыкчылык болуп, кырманга эгин толуп турган кез. Жакшы убак.. Кызыл кырман, темин маалы, Көңүлдү кубандырып жаңы даны (Осмонов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эгин бастыруу үчүн атайы тазаланып жасалган аянт. Кызылы жок өңүндө, Кырманы жок чөлүндө (Калмырза). Башкарма өзү кырман башында ушинтип демилге берет (Сыдыкбеков). Оморбекти кырман таразачысы кылып дайындады (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Бул — челек, аяк, чөйчөк, табак, сузгу, кашык өңдүү ашкана идиштерди кырып жасоочулук жана кооздоочулук. Мында абалы жасалуучу буюмдун, же идиштин көлөмүнө жана ыңгайына карата жыгачы тандалат. Аларды жөнөкөй сомдошко керки менен балта керектелет.
      Идиш-аякты жасоодогу кол дүкөнү — бир учу түркүккө такалып, экинчи учу кыруу жыгачка кагылган беш темир мыктан азуусу бар ок жыгач. Аны «кырма» (дүкөн) дейбиз. Кыруучу курал «ийги» — метрдей таяктын башына бекитилет. Кыруу учурунда таянычка ийгини басып турган жыгачты «туур» дейт. Кырманы (дүкөн) айлантып турган кош жыгачты «тепки» деп, эки бутун алмак-салмак эпилдетип тынбай баскан адамды «кырманын (дүкөндүн) тепкичи» дешет. Ал кырмачынын шекити болот. Кырма идиштерине түшкөн кооздук жалпысынан «кеште» деп аталат.
      Кырмачылыкта байтеше көп колдонулат. Кырылып бүткөн буюм илгери өз кырындысы менен жымсаланган. Мындай буюмдар кыргыз жергесинин ашкере чырайлуулугун, түгөнгүс түптүү байлыгын, ал эч бир жайда кайталангыс экендигин, мындай жыгачтардан уникалдуу нерсени көп жасоого ойдогудай жагдай түзүлгөнү даана баамдалат.
      Азыр жаңгак токойлорунда иштетилип, чет өлкөлөргө дейре жөнөтүлүп жаткан көркөм нускалар арбын. Элдик чеберлер өз дүкөндөрүндө электрлешкен техникалык прогрессти пайдаланууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРМУС ШАА, Кырмус — кейипкер. Дагалак шаарынын каны. Сагымбай Орозбаков вариантында Кошойдун окуясына байланыштуу айтылып, Нескара колго түшүрүп келген Билерикти зынданга салып, атасын коё берет. Жаангер кожо Кошойду издеп таап жардам сурайт. Кошой кол курап барып, К. ш-ны өлтүрүп, Билерикти бошотот.
Бул антропонимдин эпоско кириши иран мифологиясында башкы кудай Ахурамазда// Хормуста менен байланыштуу. «Кырмус» деген ысым Хормузда//Хормуста дегендин кыргыз тилинин закондоруна ылайык өзгөртүлгөн түрү. Терминдин экинчи бөлүгү болгон «шаа» сөзү перс тилиндеги «шах» (кан) сөзүнүн өзгөртүлүп айтылышы. Ирандыктарда башкы кудай болгон Ахурамазда//Хормуста эпоско кирип, анын өнүгүшүндө жөнөкөй эле эпостук кейипкер, кытай каны, баатырга айланып калган. Бул антропоним башка түрк-моңгол элдеринин фольклордук чыгармаларында, уламыш, мифтеринде Курбусту кан, Курбустан-Тенгере, Кан Курбусту Теңкерекей, Күрмөс жана башкалар ат менен кездешет. Байыркы түрк жазмаларында да El Kirmis sanun, Kirmis формасындагы адам аттары жолугат. Буга караганда Кырмус шаа<Хормузда (Хормуста) иран мифологиясынан түрк элдеринин мифологиясына байыркы мезгилдерде эле келген. Айрым окумуштуулар «Манастагы» К. ш. антропонимин дал ушул Хормузда (Хормуста) менен байланыштырып, эпоско иран мифологиясынан моңголдор аркылуу кирген деп жоромолдошот.
А. Воронов

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«кырмызы 1. красный; кырмызы кызыл ярко-красный; 2. красный шёлк; кырмызы көйнөк платье из красного шёлка; кырмызы кийген кыздар девушки в красных шёлковых платьях» (Юдахин 1965:496). К.Малаевдин ою боюнча бул сөз арап тилинен келген: «кырмызы (ар. кирмизий – чымкый кызыл) – бетиӊ кызыл кырмызы, бул жалгандын нур кызы (эл ырынан); кытайдын кырмызы кызыл дарысынан сыйпады» (Малаев 2011:104). Мындан тышкары, кыргыз тилинин түштүк диалектисиндеги «фиолетовый» маанисин туюндурган «кырмески» деген сөз да ушул «кырмызы» менен тектеш болушу мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Күн сууктаганда затты (мис., чөптү) каптап калуучу кар сыяктуу жука катмар. Ак кыроо, буурул бубак жамынган бирөө тоо тараптан келе жатты («Ала-Тоо»).
2. өт. Агаруу, ак түшүү (чач, сакал, мурут жөнүндө). Капкара мурут сакалым, Кыроо түшүп кубарды (Осмонкул).
Боз кыроо к. боз I.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күн сууктаганда (мис. чөптү) каптап калуучу кар сыяктуу жука катмар. Ак кыроо, буурул бубак жамынган бирөө тоо тараптан келе жатты («Ала-Тоо»). 2. өт. Агаруу, ак түшүү (чач, сакал, мурут жөнүндө). Капкара мурут сакалым, Кыроо түшүп кубарды (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кыроо каптап калуу, кыроо түшүү, кыроо басуу. Болор-болбос кыроолонгон көк шибер менен жай басып, сууну көздөй баратты (Абдумомунов).
2. өт. Ак кирүү, агара баштоо (мис., сакал-мурутка). Сакал, мурут кыроолондуң (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыроо каптап калуу, кыроо түшүү, кыроо басуу. Болор-болбос кыроолонгон көк шибер менен жай басып, сууну көздөй баратты (Абдумомунов). 2. өт. Ак кирүү, агара баштоо (мис. сакал-мурутка). Сакал, мурут кыроолондуң (Токомбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кырс I
1. вспыльчивый, обидчивый, капризный;
кыялы корс, өзү кырс характер у него грубый, сам вспыльчивый;
кырс мүнөздүү вспыльчивого, строптивого характера;
тил албай турган кырс адам неслух и обидчивый;
2. (точнее кырс муун) (о человеке и животном) со скованными членами;
алты жылга оңолбос, кырс муун болгон чал экен фольк. он в таком положении, что члены скованы, и в течение шести лет он не поправится.
кырс II
звукоподражание хрусту;
кырс эт- хрустнуть (напр. о лошади, щиплющей траву);
шыбак менен күйрөктөн кырс этер бөлөк чөбү жок там, кроме полыни и чилиги (см. күйрөк), нет другой травы, чтобы щипнуть;
аттар "кырс-кырс" ооздук чайнап жиберишти кони грызли удила, похрустывая.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I. сын. Ачуусу чукул, терс кыял, таарынчаак, кыйт этме. Карыя Алийманын мүнөзүнүн кырс экенин билүүчү («Жаш ленинчи»). Сырын чыгара бербеген, кээде кырс эткен терс мүнөздүү (Сыдыкбеков).
КЫРС II туур. Тырс эткендей чыккан басыңкы туюк дабыш. Муун-жүүнү кырс-кырс эте баштады (Сыдыкбеков). Чигитин кырс эттире тиштеп көрүп, Бир четте пахта жаят картац Капар (Абдыраманов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кырсык I
1. беда, бедствие, несчастье, напасть; помеха, невезение, неудача;
аны кырсык кармаптыр на него беды обрушились;
шордууну кырсык чалып, көздөн айрылып калган экен на беднягу свалилось несчастье, и он лишился зрения;
кырсык чалып койбосо если не случится какой-нибудь беды;
2. каприз, упрямство;
кырсыгы бар несговорчивый, упрямый, капризный;
кырсык айдап келгенин карачы? вот ещё нелёгкая-то принесла!;
"кырсыкты кайдан" деп болобу? погов. на грех мастера нет;
"кырсык" деген аяк астында беда сама тебя сыщет (букв. беда под ногами);
кырсык басып! и дёрнуло же!;
кырсыкты болжоп болбойт беду (заранее) не определишь;
кырсык кескен предотвративший беду, предотвративший несчастье.
кырсык- II
1. строить козни, чинить препятствия;
2. капризничать, упрямиться.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Күтүүсүздөн болгон жамандык, кыйынчылык. Оолак болсун оорудан, Кетсин кырсык тооруган (Осмонов). Эгер аттардын бири кырсык болуп ылаңдап калса, Сейитказынын ичкен тамагы аш эмес («Жаш ленинчи»).
2. Кырс мүнөз, терс кыял. Кырсыгы бар.
КЫРСЫК II этиш. Кырс мүнөз көрсөтүү, кырс кыялын карматуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Күтүүсүздөн болгон жамандык, кыйынчылык. Оолак болсун оорудан, Кетсин кырсык тооруган (Осмонов). Эгер аттардын бири кырсык болуп ылаңдап калса, Сейитказынын ичкен тамагы аш эмес. Кырсык каш-кабактын ортосунда.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫРСЫК БОНДУ – жүк кабыл алынып жатканда жүк алуучунун же камсыздандыруучунун жалпы кырсыктын натыйжасында зыян тартып, чыгымга кириптер болгондугу тууралуу жүк ташуучуга берген тилкаты. Диспашага ылайык, жүк алуучу жүк кунун коюуга жана жалпы кырсык чыгымындагы өз үлүшүн төлөп берүүгө милдеттенет. К. б. берилгенге жана ал толук камсыз болгонго чейин жүк ташуучунун жүктү бербей турууга акысы бар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫРСЫК КОМИССАРЫ – камсыздандырылган кеме же жүк боюнча зыяндын өлчөмүн, себебин жана мүнөзүн аныктоо ишин жүргүзгөн адам. К. к-нын аты-жөнү менен дайын-дареги камсыздандыруу баракчасында көрсөтүлөт. Камсыздандырылган кеме кырсыкка кабылганда аманатчы К. к-на кайрылат. К. к-нын иш-милдети аманатчынын нускамасы менен аныкталат. К. к. келтирилген зыяндын себебин, мүнөзүн, өлчөмүн аныктаган кырсык баракчасын түзүп, анын негизинде камсыздоочу камсыздандыруучунун чыгымын төлөп берүү чечимин кабыл алат, же анын талабын четке кагат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫРСЫК ТАСТЫКТАМАСЫ – камсыздандырылган мүлккө келтирилген зыяндын өлчөмүн, себебин, мүнөзүн ырастаган документ. Ал кырсык комиссары тарабынан түзүлөт жана анын чыгымы менен сыйпулу төлөнгөндөн кийин, кызыкдар жакка берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫРСЫК ТИЛКАТЫдиспашага ылайык, жалпы кырсыкка кабылган учурда жүк алуучунун өз үлүшүн төлөп бере тургандыгы тууралуу милдеттенмеси. Жалпы кырсыкка чалдыккан кезде жүк алуучу депозит төлөгөнгө чейин (жалпы кырсык чыгымдары боюнча өз үлүшүн камсыздоодо) же камсыздандыруучуга кепилдик кат бергенге чейин, же кырсык бондуна кол койгонго чейин жүк ташуучу жүккө ээлик кылат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫРСЫК ТӨГҮМҮ – жалпы кырсык чыгымындагы үлүшүн жабуу үчүн жүк алуучудан (жүк ээсинен) кеме ээси же анын атынан аракет кылган жак тарабынан талап кылынган акча өлчөмү. Жүк алуучу кеме ээсинин К. т. талап кылып жаткандыгын камсыздандыруучуга дароо билдирет. Эларалык иш-тажырыйбада К. т. депозит деп аталат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. звукоподражание хрусту, лёгкому треску;
кырт дей түш- треснуть, хрустнуть;
белим кырт дей түшүп, ооруп калды у меня поясница хрустнула и заболела;
оң жак буту кырт этип, аксап калды Күлчоро фольк. левая нога хрустнула, и захромал Кюльчоро;
кырт-кырт чайна- хрумкать, хрупать (напр. о лошади, жующей ячмень, или о человеке, грызущем сахар);
кырт этип, чөптү чайнабайт (конь) с хрустом травы не ест (т.е. не ест ничего);
2. перен. вспыльчивый;
кыялы жаман бат эле кырт дей түшөт у него нрав скверный, он ни с того ни с сего раздражается;
кырт кесип айт- сказать резко и прямо;
кырт байтал
1) строгая кобыла;
2) перен. недотрога;
кырт этме шутл. сахар.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
туур. Кытыр этип чыккан дабыш, чөптү керте тиштеп чайнагандагыдай чыккан дабыш. Колхозчулардын бирөөнүн күрөгүнүн учу катуу бир нерсеге кырт этип тийгенин сезди («САЖИ»). Койлор кырт-кырт кепшешет (Убукеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кытыр этип чыккан дабыш, чөптү керте тиштеп чайнагандагыдай чыккан дабыш. Балдардын бирөөнүн күрөгүнүн учу катуу бир нерсеге кырт этип тийгенин сезди («САЖИ»). Койлор кырт-кырт кепшешет (Убукеев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. поверхность; верхний слой; почва;
жердин кыртышы
1) земная кора;
2) почва;
жер кыртышын изилдөө почвоведение;
теринин кыртышы эпидерма;
кыртыш байлаган жер земля с плодоносным слоем;
кара кыртыш карагай старая (букв. с чёрной корой) ель;
2. сев. доска вдоль края крыши;
мении кыртышым
сүйгөн жок я отнёсся недружелюбно;
мен барсам, анын кыртышы сүйгөн жок я пошёл к нему, но он принял меня холодно;
кыртышы жука
1) (о животном) с тонким слоем жира, тощий;
2) (о человеке) бедный;
кыртышы өтө эле жукарып калган он очень захирел, обеднел;
адамдын баарын кыртышынан баалайт всех людей он оценивает по их внешности.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Үстүнкү катмар. Жердин кыртышы небак тоборсуп, көк жалбырак чыга баштады (Сыдыкбеков). Кабырганын кыртышы.
Кыртышы сүйбөө — жактырбоо, жакшы көрбөө. [Татыбектин] дегеле эчтемени кыртышы сүйбөйт (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жер катмарындагы тоо тектердин жалпы аты. Кыртыш экиге бөлүнөт: аска-таштуу кыртыш, борпоң кыртыш. 2. Үстүңкү катмар. Жердин кыртышы небак тоборсуп, көк жалбырак чыга баштады (Сыдыкбеков). Кабырганын кыртышы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүрөтчүгө керек болгон түстүк жана өзгөчөлүк касиеттерди бир нерсенин үстүндө сактап калуу максатында атайын даярдалган негиз. Кыртыш клейлик, майлуу жана эмульсиялык болуп бөлүнөт. Сүрөт тартардын алдында тактанын үстүнө сүртүлүүчү ачык түстөгү боёк да кыртыш деп аталат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. снимать верхний слой, задевать поверхность (не проникая внутрь);
тери кыртышта- захватить (ножом) верхний слой кожи (при очищении её от жира);
чочко жер кыртыштайт свинья рылом роет землю;
2. ирон. (о пьяном) пахать землю носом.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от кыртышта-
покрыться верхним слоем (напр. о вытоптанном месте - вновь покрыться травой);
былтыркы желенин орду, кыртыштанып, көгөрөйүн дептир место, где в прошлом году стояли жеребята и телята, начинает покрываться зеленью.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КЫРТЫШТЫ БОНИТИРОВКАЛОО (лат. bonitas – зыянсыз) – жер кыртыштарын изилдөөнүн негизиндеги жер жайыттарынын сапатынын салыштырмалуу (балл менен) мүнөздөмөсү; жерге экономикалык жактан баа берүү, кадастрын жүргүзүү, мелиорация ж. б. үчүн зарыл. Жердин сапаттык абалын аныктайт жана кыртыштын түшүмдүүлүгүн арттыруу боюнча чараларды иштеп чыгууда, жер участогунун наркын (ченемдик наркын) аныктоодо негиз катары кызмат кылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сүйбөө, анча жактыра бербөө. Асанкулдун көңүлү тырчый кыртышын сала коомайланды («Ала-Тоо»). В.: Кыртышы каалабоо. Кырс мүнөзүм кармаган мен бул терс аяк пенде менен сүйлөшүүнү кыртышым каалабай турду («Кыргызстан маданияты»). Кыртышы сүйбөө. Абил бий ачык эле кыртышы сүйбөй тыржыйып калды (Касымбеков). Ордого жакын киши деп, мурда эле кыртышы сүйбөгөн Бекназар паңсатты жек көрүп калган болучу (Касымбеков). Кайра кайтканда көңүлсүз, кыңырыла сүйбөй, шылкыйып келе жаттык (Жусупов). Сыртын салуу. Сен мага эмне сыртыңды салып калгансың.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КЫРТЫШЫН САЛУУ Абил бий ачык эле кыртышы сүйбөй тыржыйып калды (Касымбеков). Ордого жакын киши деп, мурда эле кыртышы сүйбөгөн Бекназар паңсатты жек көрүп калган болучу (Касымбеков). Кайра кайтканда көңүлсүз, кыңырыла сүйбөй, шылкыйып келе жаттык (Жусупов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жини келип, супсуну сууй түшүү, дароо өзгөрүлүү, иренжигенсип терс кыялы кармай түшүү. Ыбырай жээнинен супсуну сууган өңдөнүп, кырт этмеси кармай калдыбы, салкын гана экөө бактылуу болсун дептир, – деди (Ашымбаев). В.: Кырт дей түшүү. Айласы кеткен Калыйпа ичи бышып, баарын чалынан көрүп, кырт дей түштү (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жини келип, супсуну сууй түшүү, дароо өзгөрүлүү, иренжигенсип терс кыялы кармай түшүү. Ыбырай жээнинен супсүну сууган өңдөнүп, кырт этмеси кармай калдыбы, салкын гана экөө бактылуу болсун дептир, -деди (Ашымбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кыруу I
край, кромка;
калпактын кыруусу край полей колпака;
кыруусуна шакектин берметтен сирке төктүргөн края кольца он украсил мелким жемчугом;
кыруусу менен куй- наливать до краёв.
кыруу II
и. д. от кыр- III.
кыруу III
возглас, которым призывают жеребят;
кыруу! дээр мал калбады не осталось никакого скота (букв. не осталось скота, чтобы можно было кричать кыруу!).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Жээк, кыр, кырбу, курбу. Башында кыруусу көзүнө түшкөн фуражкасы бар (Сасыкбаев). Сакалчан киши калпагынын кыруусуна туруп калган тыпынды какты (Жантөшев).
КЫРУУ II сырд. Кулунду чакырууда колдонулат.
КЫРУУ III кыр этишинин кыймыл атоочу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
подражательное слово;
кырч эт- хрустнуть, скрипнуть;
калитка кырч атип жабылды калитка со скрипом захлопнулась;
кырч этип кыйыла кетти отсеклось, оттяпнулось;
кырч-курч повторяющийся хруст, скрип.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Жанча кесүү, жанча кыюу, жанча бөлүү. Капысынан эле ит башын жулкуйт да,.. оң колунун бармактарын кырча тиштейт (Абдукаримов).
КЫРЧ II туур. Эшикти ачканда, карды басканда ж. б. кычыр этип чыккан добуш. Тоңголок кар.. кырч-кырч этет (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кырча I
кырча чап- отрезать, отрубить, отсечь, отчикнуть;
төрт колумду балта менен кырча чаап алдым я топором оттяпал себе четыре пальца;
кылыч менен беш манжасын кырча чапкан саблей отсекли ему кисть руки;
кырча тиште- с силой прикусить, перекусить;
кырча бас- пересекать (напр. дорогу).
кырча II
уменьш. от кыр I.

Киргизско-русский словарь Юдахина
шелудивый, паршивый; парша (у лошадей);
кырчаңгы ат шелудивая лошадь;
эки кырчаңгы бир токойдон табышат погов. двое шелудивых в одном лесу находят друг друга; рыбак рыбака видит издалека.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жылкыда боло турган териси жараланып жыдый баштаган кычыштырма оору. Кышын-жайын семиртип, Жылкыны жакшы баккыла, Кырчаңгы кылып жүдөтпөй (Үсөнбаев). Кырчаңгы, арык, ачка эшек кейпи, Кыбырап сылтый басып боз да келди (Осмонов).
2. өт. Бирөөгө тийише берген, жен турбай тийишип сөз айта берүүчү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жылкыда боло турган териси жараланып жыдый баштаган кычыштырма оору. Кышын-жайын семиртип, Жылкыны жакшы баккыла, Кырчаңгы кылып жүдөтпөй (Үсөнбаев). Кырчаңгы, арык, ачка эшек кейпи, Кыбырап сылтый басып боз да келди (Осмонов). 2. өт. Бирөөгө тийише берген, жөн турбай тийишип сөз айта берүүчү. Жөн жүрө албаган кырчаңгы киши өзү, бечара.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. верёвка, которой опоясана юрта снаружи (проходит посредине кереге);
2. обруч;
тал кырчоосу бар кичине челек маленькая бочка с тальниковыми обручами;
3. перен. окружение;
кырчоодо кал- оказаться в окружении;
бел кырчоо поясница;
суу бел кырчоомо чыкты вода дошла мне до пояса;
чоң кырчоо уст. экватор.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Боз үйдүн туурдугунун ортосунан айландыра бастырган
жип. Ат байланган отуздай, Тегерете кырчоодо (Токтогул). Кызыл үйдүн кырчоосунда илинген колхоздун кызыл желеги (Баялинов).
2. Алкак. Кырчоосун талдан салып, арчадан жасаган эки кичине челек (Жантөшев).
Бел кырчоо — бел, белдин тушу, орто жери. Бел кырчоого келип калган калың карандыздын арасына отура калды (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Боз үйдүн туурдугунун ортосунан айландыра бастырган жип. Кызыл үйдүн кырчоосунда илинген кагандын көк асабасы. 2. Алкак. Кырчоосун талдан салып, арчадан жасаган эки кичине челек (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что кырк- III;
түбүнөн кырчып сал сруби под корень;
жүн кырчы- сбрасывать с себя старую шерсть, линять;
жүгөрү жеген жылкылар кырчып турат жүндөрүн стих. кони, питающиеся кукурузой (т.е. жирные), сбрасывают с себя старую шерсть (раньше, чем тощие).

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от кырчы-;
аркан кырчылып калды верёвка перерезалась (концы не растрепались, разрез ровный);
кабырылып карыпчын, чопкуттары кырчылат стих. железные нарукавники покоробятся, кольчуги их рассекутся (так ожесточённо будут они биться);
аттын жүнү кырчыла баштады старая шерсть у коня начала лезть.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кырч-кырч этүү, кычыраган үн чыгаруу.
  1. 2.           Абдан катуу суук болуу. Андан кийин «үч ай токсон» кырчылдаган кыш дегени бар (Убукеев).
  2. 3.           өт. Толуп турган кез, жаш кез. Кырчылдаган жаш кезде.

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от кырчылда-
яростно набрасываться друг на друга, озлоблённо схватываться;
кырчылдашкан душман лютый враг;
кылымдын каны Алооке - буга бир кырчылдашып көрөбүз хан вселенной Алооке, с ним мы попробуем схватиться.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. мелкий кустарник; (точнее кырчын тал) ива-бредина;
карагайлар, тал, терек, кырчындар ели, тал, тополь, ива-бредина;
кырчыны көп өзөн речка с обилием кустарника (по берегам);
өзөнгө кырчын тал бүтөр, өлбөгөн жанга мал бүтөр фольк. по речке ива-бредина вырастает, у живого человека скот появляется;
2. перен. молодой паренёк;
кырчын жаштар зелёная молодёжь;
кырчын өмүр молодая жизнь;
кырчынында өлдү он умер юным;
кырчын кезиң время твоей юности;
кырчыным так называет мать умершего в молодости сына, причитая о нём.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРЧЫН — топоним. Алмамбеттин келгенин сүйүнчүлөп төрт жигит барганда «Самаркандын сыртында, Бээ байлап Бел-Саз, Кырчында» (Сагымбай Орозбаков, 2. 334) бай Жакып жаткан жер.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Майда жаш бадал. Төрт салаанын чыгышын калың кырчын каптаган (Сыдыкбеков). 2. өт. Жаш, жаш кез, жаш өспүрүм. Кырчындай жаштар кошулду, Кыялы тунук таптаза («Эл адабияты»). Гүлайым – өмүрдүн он сегизине бет алган кырчын убагы (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кырылыш I
и. д. от кырыл-;
чоң кырылыш болду было большое кровопролитие..
кырылыш- II
взаимн. от кырыл-
1. совместно подвергнуться массовой гибели, массовому уничтожению;
2. жестоко сразиться;
кырылышкан жоо непримиримый враг.

Киргизско-русский словарь Юдахина
кырым I
даль, дальняя страна;
куш баласы кырымга карайт, ит баласы жырымга карайт погов. ловчая птица вдаль смотрит, а собака на ремешки смотрит (чтобы их съесть).
кырым II
(в эпосе) хорошо сделанный, отличного качества;
Кытайдын кызыл кырымын мылтыгына салыптыр фольк. очень сильный китайский порох в ружьё своё он заложил;
түбү Кытай кырымы келтирип чебер жасаган, кемтиги жок кылымы фольк. (о богатырском ружье) основа его - китайское мастерство, ловко и искусно сделано, нет изъянов в его поделке.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРЫМ — топоним. Эпосто ар кыл мааниде: бирде кыргызга кыйырлаш жаткан өлкө, мамлекет катары, бирде адам жеткис алыскы жер катары сүрөттөлөт. Хакас элинин эпосторунда да К. адам өтө алгыс ашуу, тоо катары кезигет. Географиялык реалияда Кара деңиз жана Азов деңизинин ортосунда жайгашкан жарым арал. Бул аймакта, Алтын ордо талкалангандан кийин өз алдынча феодалдык К. кандыгы түзүлгөн (1443—1783-ж.). Кыргыздар кезегинде бул мамлекет жөнүндө кабардар болушкан.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Үстөмдүк кылуу, басмырлап алуу. -Мени көп кекетүүчү болбо, - деп Калыйча унчукпай калган эринин кырына чыгып алды (Осмоналиев). Жылдызкандын жеңилгендигин байкаган Суусар карап турсунбу, кырына чыгып алды (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үстөмдүк кылуу, басмырлап алуу. – Мени көп кекетүүчү болбо, – деп Калыйча унчукпай калган эринин кырына чыгып алды (Осмоналиев). Эми Мамбет да Мамбеткулдун кырына чыгып алды (Каимов). Жылдызкандын жеңилгендигин байкаган Суусар карап турсунбу, кырына чыгып алды (Байтемиров).