кырмызы
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды«кырмызы 1. красный; кырмызы кызыл ярко-красный; 2. красный шёлк; кырмызы көйнөк платье из красного шёлка; кырмызы кийген кыздар девушки в красных шёлковых платьях» (Юдахин 1965:496). К.Малаевдин ою боюнча бул сөз арап тилинен келген: «кырмызы (ар. кирмизий – чымкый кызыл) – бетиӊ кызыл кырмызы, бул жалгандын нур кызы (эл ырынан); кытайдын кырмызы кызыл дарысынан сыйпады» (Малаев 2011:104). Мындан тышкары, кыргыз тилинин түштүк диалектисиндеги «фиолетовый» маанисин туюндурган «кырмески» деген сөз да ушул «кырмызы» менен тектеш болушу мүмкүн.