1. красный;
кырмызы кызыя ярко-красный;
2. красный шёлк;
кырмызы көйнөк платье из красного шёлка;
кырмызы кийген кыздар девушки в красных шёлковых платьях.
сын. 1. Ачык кызыл.
2. Кызыл жибек. Кырмызы бычып тон кылган («Эр Табылды»). Колхозчунун кызынын кийгендери кырмызы (Осмонов).
«кырмызы 1. красный; кырмызы кызыл ярко-красный; 2. красный шёлк; кырмызы көйнөк платье из красного шёлка; кырмызы кийген кыздар девушки в красных шёлковых платьях» (Юдахин 1965:496). К.Малаевдин ою боюнча бул сөз арап тилинен келген: «кырмызы (ар. кирмизий – чымкый кызыл) – бетиӊ кызыл кырмызы, бул жалгандын нур кызы (эл ырынан); кытайдын кырмызы кызыл дарысынан сыйпады» (Малаев 2011:104). Мындан тышкары, кыргыз тилинин түштүк диалектисиндеги «фиолетовый» маанисин туюндурган «кырмески» деген сөз да ушул «кырмызы» менен тектеш болушу мүмкүн.
1. Чымкый кызыл. 2. Кызыл жибек. Кырмызыдан бүктөтүп («Манас» С. К.). Кырмызы бычып тон кылган («Эр Табылды»). Кыңырылып карасам, Кырмызы чачын беш бөлгөн («Эл адабияты»).