КЫРК ЧИЛТЕН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015миф. кырк адам, кырк колдоочу. Адамдардын көзүнө көрүнбөгөн, сүйгөн кишилерин колдоп, жакшылык кылуучу касиеттүү пир, колдоочу. Кырк чилтен кайып эр урсун («Манас» С. О.). Атасын тарткан эр Семең, Актулпарды чуратып, Жардын башын уратып, Жайнаган сууга кирди эми. Колдогону кырк чилтен, Колтугунан алыптыр («Семетей»). Бирде касиеттүү Капсылазам колдосо, бирде Кырк чилтен, бирде жакшылык ыроологон Жоламан колдоп, куттуу ордосуна көңүлү куунак кайтат (Субанбеков).