КЫРЫНА ЧЫГЫП АЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Үстөмдүк кылуу, басмырлап алуу. – Мени көп кекетүүчү болбо, – деп Калыйча унчукпай калган эринин кырына чыгып алды (Осмоналиев). Эми Мамбет да Мамбеткулдун кырына чыгып алды (Каимов). Жылдызкандын жеңилгендигин байкаган Суусар карап турсунбу, кырына чыгып алды (Байтемиров).