КЫРК КӨЙНӨК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015этн. Жаңы төрөлгөн ымыркай бала кырк күнгө толгондо, анын кыркын чыгарып, ырымдап кийгизилген курак көйнөк. Кырк атаңдын жөрөлгөсү, Ата-энеңдин өбөлгөсү («Манас»). Айылдын аялдары чогулуп, ымыркайга кырк көйнөк кийгизип, ырымын жасашты («Кыргызстан маданияты»).