Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сан. 40 саны, эсеби. Эр Төштүк аткан бугудан, Оң бутка илди бир кыркты, Сол бутка илди бир кыркты («Эр Төштүк»).
Кыркын берүү — кырк күн өткөндө мал союп өлгөн адамды эскерүү. Кырк чилтен к. чилтен. Кырк аяк к. аяк.
КЫРК II этиш. Туурасынан кесип таштоо, жүн сыяктуу нерселерди түбүнөн кесүү. Чоң араа жок, чочубагын кыркпаймын, Ак балта жок, анык ишен жыкпаймын (Калык). Ар бир коюн кыркканда, Төрт жарым кило жүн алган (Осмонкул).