Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тоонун кырка тартып, жондонуп чыгып турган бөлүгү, тоонун көтөрүлүп чыгып турган жону. Аттуулар кыр өйдө келип жакындаганда Алыбек Темировду тааныды (Жантөшев). Жамгырым, жамгырым, Көгөрт тоонун ой, кырын (Осмонов). 2. Бир нерсенин чети, кырданып чыгып турган бөлүгү. Атай суудан секирип, арыктын кырына чыкты (Бейшеналиев). Жер тамдын кырында кара чыйырчыктар олтурат (Сасыкбаев). 3. Каптал. Көмкөрөсүнөн жаткан Каныбек сол жаккы кырына оодарылды (Жантөшев). 4. Жон-жон кылып үйүлгөн үйүндү. Батыйманын көзүнө кырманга додолоп койгон, кыр-кыр кызыл буудайларга окшоп көрүндү (Убукеев).