КЫРГЫЗ АКЫН-ЫРЧЫСЫ САГЫМБАЙ ОР
Энциклопедия "Манас". ч.1.«КЫРГЫЗ АКЫН-ЫРЧЫСЫ САГЫМБАЙ ОРОЗБАКОВ (1867—1930) ЖАНА «МАНАС» ЭПОСУ» — америкалык түрколог окумуштуу Ильзе Лауде-Циртаутастын макаласы (орусчасы — «Советская тюркология», 1987, № 3; кыргызчасы — «Ала-Тоо», 1989, № 5, 52— 56-б.). Макалада Сагымбай Орозбак уулунун кыскача өмүр таржымалы берилип, манасчылык өнөр менен акындык өнөрдүн ширелишкен катышы тууралуу сөз болот. Акындык даремет, талант күтүү болгондо гана эпостун өзгөчө нускасы (варианты) жараларына басым коюлат. Манасчылардын түш көрүү аркылуу Манастын, анын чоролорунун бирөөнүн же Семетей, Сейтектердин аян беришинен кийин гана айта баштагандык салтын изилдөөчү эпостун зоболосун андан ары арттыруудагы айтуучулардын аракети катары баалаган. Сагымбайдын «Манастан» башка да санат-насыят ырларын, майда дастандарды аткаргандыгы, дарым ырларын билгендиги, санжырачы да экендигин айтып келип, кыргыз акын-ырчылары менен «Манас» эпосунун ортосуна биз али аңдап биле элек байланыштын болгондугу анык деген тыянак чыгарылган.
И. Абдувалиев
И. Абдувалиев