кырдан
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Кырынан келген абалда болуу. Ал кырданып жаткан боюнча магдырап көзү илинди («Ала-Тоо»).
♦ Кырданып кетүү — 1) өлүү, каза болуу; 2) кызматынан түшүп калуу, кызматынан ыргып кетүү.
- 2. Кырынан жыгылуу. Кыргыздар сайса жөө калмак, Кырданып кетет талп этип («Эр Табылды»). Кара калмак балбаны, Кырдана түшүп бадирек, Аяктап тура калганы («Манас»).
- 3. өт. Бой көтөрүү, менменсинүү, мыктысынуу. Кыйынсынып кыйкырып кырданганың дуруспу (Осмонкул). [Татыбек] мурдагыдан бетер кырдана басып дегеле адамды көзүнө илбейт (Байтемиров).
♦ Кырданып кетүү — 1) өлүү, каза болуу; 2) кызматынан түшүп калуу, кызматынан ыргып кетүү.