КЫРГЫЗ ССР ТАРЫХЫ
Энциклопедия "Манас". ч.1.«КЫРГЫЗ ССР ТАРЫХЫ» (Фр., 1-т. 1984)— эмгекте «Манас» эпосуна чакан бөлүм арналган (11-бап, § 3). Анда эпостун варианттарындагы биринчи манасчы деп эсептелинген Ырчыуул («Ырамандын баласы, Атпай журтка көрүндү,... Эртели-кечти бир жүрүп, Эрмек болсун бизге деп, Эр Манас айтып салганы», Сагымбай Орозбаков, 2. 93) жана Жайсаң ырчыдан тартып («Баатыр Жайсаң даңгыл бар», Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 93) Саякбай Карала уулуна чейинки манасчыларга мүнөздөмө берилген. Андан кийин «Манас» эпосунун жаралышы жөнүндө окумуштуулардын пикирлери тизмеленген. Айрыкча эпостун мазмуну кыргыз элинин байыркы доордон тартып 18-кылымдарга чейинки башынан өткөргөн тарыхый окуяларды камтый тургандыгы, алардын төрт катмары тууралуу маалыматтар камтылган. Акырында «Манас» эпосунун жана ал жөнүндө 16-кылымда жазылган «Мажму ат-таварихтин» мазмунуна кыскача мүнөздөмө берилген.