кыркаар
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. Кырка, кыркалай тизилип турган, катар-катар тизилген. Эң алдында кыркаар тарткан танк («Ала-Тоо»). — Жаңы полк! — тизил түптүз! Шаңданып, кыркаар тартып алдыга жүр! (Турусбеков).
КЫРКААР II зат. Кыркылып жаткан жүн. — О, кыркаар көбөйсүн! — деп, Темиров обочодон айтканда: — Айтканыңыз келсин! — дешип кой кырккандар чуулдашты (Жантөшев).
КЫРКААР II зат. Кыркылып жаткан жүн. — О, кыркаар көбөйсүн! — деп, Темиров обочодон айтканда: — Айтканыңыз келсин! — дешип кой кырккандар чуулдашты (Жантөшев).