кыроо
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Күн сууктаганда затты (мис., чөптү) каптап калуучу кар сыяктуу жука катмар. Ак кыроо, буурул бубак жамынган бирөө тоо тараптан келе жатты («Ала-Тоо»).
2. өт. Агаруу, ак түшүү (чач, сакал, мурут жөнүндө). Капкара мурут сакалым, Кыроо түшүп кубарды (Осмонкул).
♦ Боз кыроо к. боз I.
2. өт. Агаруу, ак түшүү (чач, сакал, мурут жөнүндө). Капкара мурут сакалым, Кыроо түшүп кубарды (Осмонкул).
♦ Боз кыроо к. боз I.