КЫРЫМ
Энциклопедия "Манас". ч.1.КЫРЫМ — топоним. Эпосто ар кыл мааниде: бирде кыргызга кыйырлаш жаткан өлкө, мамлекет катары, бирде адам жеткис алыскы жер катары сүрөттөлөт. Хакас элинин эпосторунда да К. адам өтө алгыс ашуу, тоо катары кезигет. Географиялык реалияда Кара деңиз жана Азов деңизинин ортосунда жайгашкан жарым арал. Бул аймакта, Алтын ордо талкалангандан кийин өз алдынча феодалдык К. кандыгы түзүлгөн (1443—1783-ж.). Кыргыздар кезегинде бул мамлекет жөнүндө кабардар болушкан.