Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Орхон-Енисей жазууларында кыркыз, орто кылымдагы арабча маалыматтарда хырхыз түрүндө берилип келген сөз азыркы кезде кыргыз болуп өзгөргөн. Сөздүн этимологиясы анын байыркы кездеги формасына жараша аныкталат. Ошондуктан кыргыз деген аттын келип чыгышы жөнүндө айтылган толуп жаткан ар түрдүү пикирлердин ичинен Д. Банзаровдун кыргыз сөзү кырк+ыз формаларынан келип чыгат деген пикири туура дешке болот (Банзаров, 184). Азыркы кыргыз тилиндеги жалкы, эки сөздөрү өз бетинче турганда каткалаң к тыбышы менен айтылат. Ага -з мүчөсү уланганда к тыбышы жумшарып, г тыбышына өтөт. Мисалы: жалкы – жалгыз, эки – эгиз. Дал ушул сыяктуу кубулуш кырк//кырык деген сөзгө -з мүчөсү уланган учурда да болуп өткөн. Натыйжада кырык+ыз сөзүнөн кыргыз түрүнө келген. Байыркы кезде каткалаң к тыбышы жумшарбай, кыркыз түрүндө айтылышы басымдуу болгон. Мындагы -з мүчөсү байыркы кездеги көптүк санды билдире турган мүчө. Ошондо кыргыз сөзү кырктар дегенге жакын маани берген сөз болуп чыгат. Болжолу, байыркы кыргыздар кырк уруунун биригишинен түзүлгөн эл болгон, ошондуктан алар ушундай аталып калган.