КЫРТ ЭТМЕСИ КАРМОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жини келип, супсуну сууй түшүү, дароо өзгөрүлүү, иренжигенсип терс кыялы кармай түшүү. Ыбырай жээнинен супсуну сууган өңдөнүп, кырт этмеси кармай калдыбы, салкын гана экөө бактылуу болсун дептир, – деди (Ашымбаев). В.: Кырт дей түшүү. Айласы кеткен Калыйпа ичи бышып, баарын чалынан көрүп, кырт дей түштү (Өмүрбаев).