Киргизско-русский словарь Юдахина
кыраң I
то же, что кыр I 1;
кыраңдан аша бергенче кырк теке атып сулаткан стих. пока горные козлы переваливали через горный хребет, он застрелил сорок;
кыраңы бийик бел перевал с высоким гребнем.
кыраң II
кыраң-каткы см. каткы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Кичирээк кыр, анча бийик эмес тоонун кыры. Айгүл менен Абылбек аттарды кыраңдын ылымта жакы бетине байлаштырып коюшуп, Алыбек менен Темировдун артынан жүрүштү (Жантөшев). Салкын төр, жашыл кыраңдан, Төрт түлүк малы жайылган (Элебаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кичирээк кыр, анча бийик эмес тоонун кыры. Айгүл менен Абылбек аттарды кыраңдын ылымта жаккы бетине байлаштырып коюшту (Жантөшев). Салкын төр, жашыл кыраңдан, Төрт түлүк малы жайылган (Элебаев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КЫРАҢ-КЫР — топоним. Коңурбай капыстан Таласка чабуул жасаганда чек кайтарып жүргөн Кардыгач калың жоо менен катуу кармашып жатып колго түшөт. Жоонун артынан кууп жеткен Манастын колу ушул жерден Кардыгачты туткундан бошотуп алышат. Эпос боюнча К.-К. Иленин боюндагы жерлердин бири.