кырман
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Эгин бастыруу үчүн атайы тазаланып жасалган аянт. Башкарма өзү кырман башында ушинтип демилге берет (Сыдыкбеков). Оморбекти кырман таразачысы кылып дайындады (Баялинов).
♦ Кызыл кырман — бышыкчылык болуп, кырманга эгин толуп турган кез. Жакшы убак.. Кызыл кырман, темин маалы, Көңүлдү кубандырып жаңы даны (Осмонов).
♦ Кызыл кырман — бышыкчылык болуп, кырманга эгин толуп турган кез. Жакшы убак.. Кызыл кырман, темин маалы, Көңүлдү кубандырып жаңы даны (Осмонов).