КЫРДАНЫП КЕТҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Каза болуу, көз жумуу, көзү өтүп кетүү, өлүү. Молдокем кырданып кетиптир деп мага угузду («Ала-Тоо»). 2. Кызматынан түшүп калуу, ишинен бошоп калуу. Мурдагы пейли жок, кызматынан кырданып кеткенге жүдөй түштү («Чалкан»).