КЫРТЫШЫН САЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Сүйбөө, анча жактыра бербөө. Асанкулдун көңүлү тырчый кыртышын сала коомайланды («Ала-Тоо»). В.: Кыртышы каалабоо. Кырс мүнөзүм кармаган мен бул терс аяк пенде менен сүйлөшүүнү кыртышым каалабай турду («Кыргызстан маданияты»). Кыртышы сүйбөө. Абил бий ачык эле кыртышы сүйбөй тыржыйып калды (Касымбеков). Ордого жакын киши деп, мурда эле кыртышы сүйбөгөн Бекназар паңсатты жек көрүп калган болучу (Касымбеков). Кайра кайтканда көңүлсүз, кыңырыла сүйбөй, шылкыйып келе жаттык (Жусупов). Сыртын салуу. Сен мага эмне сыртыңды салып калгансың.