КЫРДАН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кырынан келген абалда болуу. Ал кырданып жаткан боюнча магдырап көзү илинди («Ала-Тоо»). 2. Кырынан жыгылуу. Кыргыздар сайса жөө калмак, Кырданып кетет талп этип («Эр Табылды»). Кара калмак балбаны, Кырдана түшүп бадирек, Аяктап тура калганы («Манас»). 3. өт. Бой көтөрүү, менменсинүү, мыктысынуу. Кыйынсынып кыйкырып кырданганың дуруспу (Осмонкул). Татыбек мурдагыдан бетер кырдана басып дегеле адамды көзүнө илбейт (Байтемиров).