Киргизско-русский словарь Юдахина
Перевод жай в русско-кыргызском онлайн переводчике Эл-Создук

жай I
лето;
коон бышып, жай болуп, жердин баары май болуп фольк. когда настало лето и поспели дыни, когда вся земля полна изобилия;
жайы-кышы или жайы-кышы менен или жай-кыш дебей зимой и летом; круглый год;
көргөзмө жайы-кышы менен иштейт выставка работает круглый год;
жайында летом, в летнее время;
жайын в течение лета, всё лето.
жай II
1. место;
эл орношкон жай населённое место, населённый пункт;
силерге орун жок, жайыңарды тапкыла для вас мест нет, места находите сами (сами устраивайтесь);
жайында
1) (он) на своём месте;
2) в порядке, как следует, как надо;
3) редко, послелог о, об, по поводу, в отношении;
трактор ремонту жайында о ремонте тракторов;
2. (чаще үй-жай) дом, жилище, жильё;
жай сал- строить жилище;
көтөрүп койгон жайың жок, кайнатып койгон чайың жок фольк. нет у тебя поставленного жилища, нет у тебя вскипячённого чая;
үй-жай шарттары жилищные условия;
жайы бейиште болсун! да будет ему обителью рай! (о покойнике);
3. заведение, предприятие;
өнөр жай промышленное предприятие;
кагаз өнөр жайы бумажная промышленность;
өнөр жай акча планы уст. промышленно-финансовый план, промфинплан;
окуу жайы
1) учебное заведение;
2) состояние учёбы;
ден соолук жайы
1) орган здравоохранения;
2) состояние здравоохранения;
4. (чаще маани-жай) положение, состояние; суть;
жайыңды айтчы скажи-ка, кто ты и что за человек;
зордук кылган Толтойдун маани-жайын көрөйүн фольк. я посмотрю, что это за Толтой, творящий насилие (я ему покажу!);
жаман, жайын айтам деп, баарын айтат погов. дурной, желая сказать о своём положении, выболтает всё;
деги ашуу ашып көргөн жайың барбы? а вообще-то ты когда-нибудь пробовал переправляться через перевалы?
чын жай или аркы жай тот (загробный) мир;
"барса келбес чын жайды бул эки шер көрдү" деп фольк. эти два богатыря увидели тот мир, откуда нет возврата;
жайына кой оставь (не вмешивайся);
иш жайында всё (букв. дело) в порядке, дело в шляпе;
бардыгы жайында всё в порядке;
атты жайына коюп пустив коня своим ходом (не понукая);
жайы бар в нём есть признаки чего-л.;
туягы чулу мал экен, тулпардык жайы бар экен фольк. копыта у него прочные, у него есть признаки скакуна;
оюң жайынан чыкпай калды тебе не удалось то, что ты задумал; не вышло по-твоему;
жайма-жай медленно, размеренно, спокойно, безмятежно;
Түлкүнүн кызы Канышай кайнатасы өткөнгө кайгырып, ыйлап жайма-жай Какышай, дочь Тюлькю, оплакивала смерть тестя своего размеренно, мелодично (без выкриков);
мен алардын жанында жеримде жатам жайма-жай фольк. при них я живу спокойно на своей земле;
кайдан-жайдан см. кайдан;
кайдагы-жайдагы см. кайдагы.
жай III
1. так себе, просто, без причины;
жайча или жайча эле да так себе (без определённой цели);
жай адам посторонний человек, частное лицо;
жай соода частная торговля;
жай чарба частное, единоличное хозяйство; единоличник;
2. спокойно, медленно, тихо; покой;
жай жүр- двигаться медленно, тихо;
жай алдыр- дать отдохнуть, дать успокоиться;
жаны жай тапканы жок он не знал покоя;
жай таптырбай не давая отдыха, покоя;
жанына жай бер- дать ему покой, перестать его беспокоить;
жайы кеткен он измучен, изнурён;
жайга сал- утихомирить;
ашы менен сыйга алды, кадыр-көңүл менен аларды жайга салды потчуя пищей и оказывая уважение, он утихомирил их;
көңүл жай болсун үчүн для успокоения сердца, для очистки совести;
жай болот он умрёт (букв. успокоится);
кыш эркеси карга да кээде отурган жерииде жай болот (зимой) даже ворона, эта любимица зимы, на месте погибает;
жай кыл- прикончить, убить;
Таластын баарын бай кылып, далай жоону жай кылып фольк. весь Талас он сделал богатым, множество врагов он прякончил;
жайын тап- расправиться с кем-л.; убить, прикончить;
жайыңды табам я с тобой расправлюсь, я на тебя найду управу;
анын жайы табылат он не отвертится; его притянут к ответу;
айтканыма көнбөсөң, азыр табам жайыңды фольк. если ты не согласишься с тем, что я говорю, я тебя сейчас же прикончу;
жай табар пристроившийся, примазавшийся;
жай табар, жан бактылар примазавшиеся и прихлебатели;
жай баракат то же, что жайбаракат;
3. основание, причина;
ыйлай турган жайы жок у него нет основания плакать;
жайынан по причине, из-за того, что...;
жалгыздыктын жайынан кан Темирдин калкына качып кеткен сен болдуң фольк. из-за того, что ты одинок, ты вынужден был бежать к народу хана Темира;
Соке келген жайын сүйлөдү Соке рассказывал о причине своего прихода (приезда);
ууга чыкпай мен жатсам, эки күн багып ардактаар эч кимиңдин жайың жок фольк. если я не буду выходить на охоту, то ведь никто из вас не в состоянии (даже) два дня кормить и пестовать;
жай сүйлөм грам. повествовательное предложение.
жай IV
жай жайла- см. жайла- III;
жай таш см. таш I.
жай- V
1. стлать, расстилать; развешивать (напр. бельё для сушки); распускать (напр. волосы); раскрывать (напр. книгу);
китеп жай- раскрыть книгу;
жайган аш южн. рванцы (кушанье);
кол жай- вытянуть руки (выставив вперёд, ладонями вверх - при благословении);
кол жайып, бата берди он вытянул руки и произнёс благословение;
сен үчүн колум жаярмын фольк. за тебя я произнесу благословение (букв. за тебя вытяну руки);
аргымак оозун жайды конь раскрыл рот;
чач жай- расплести косы (о вдове, оплакивающей. мужа);
чачын жайды она расплела свои косы;
аштыкка суу жай- пустить воду на посев;
сиңер жерге суу жай, угар кишиге сөз айт погов. пускай воду на ту землю, которая впитывает, слово говори тому человеку, который умеет слушать;
бутуман кан жая бериптир из моей ноги кровь всё текла и текла;
башы, көзү кыпкызыл, өнө боюн кан жайып фольк. голова, глаза его красным-красны, всё тело его в крови;
2. распространять;
элге жай- довести до всеобщего сведения, разгласить;
3. пускать на пастьбу;
кой жай- пускать овец на пастьбу;
жайган аты миң болсун, салынганы киш болсун фольк. пусть у него (пасущихся) коней будет тысяча, а подстилкой ему пусть служит соболий мех;
4. охот. пускать беркута на добычу, охотиться с беркутом;
"кара шумкарды жаялы" деп, келдик мы прибыли сюда, чтобы поохотиться с беркутом.
жай VI:
жай-жарак см. жарак.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Жаз айларынан кийин келүүчү мезгил, жаз менен күздүн ортосу. Эгин айдап мал багып, Эмгек кылчу жай келди (Осмонкул). Жай салкыны түн менен, Кызгалдак кызыл гүл менен (Токтогул).
ЖАЙ II зат. 1. Орун, турак, мекен. Жай таппадым жатарга, Үй таппадым батарга (Токтогул). Күрөктү алып барып шаймандар жаткан жайга таштады (Байтемиров).
  1. 2.                  Төшөк, жата турган орун. Жай сал. Мейманга жайды көрсөттү (Бейшеналиев).
  2. 3.                  Ал-абал, шарт. Ашым иштин жайын эми гана түшүндү (Каимов). Жаман жайын айтам деп, баарын айтат (макал).
  3. 4.                  Мекеме, ишкана, окуу орду. Жапар Караколдо педагогикалык окуу жайынан окуган (Баялинов). Биздин өлкөнүн өнөр жайы зор күч-кубатка ээ болот («Советтик Кыргызстан»).

¨ Жайын табуу — бирөөнү жайлоо, өлтүрүп салуу. Жайыңды табам. Жайынан чыкпай калуу — ордунан чыкпай калуу, орундалбай калуу. Оюң жайынан чыкпай калды. Жаны жай албоо к. жан I.
ЖАЙ III такт. Акырын, шашпай. Бүбүш жай басып барып, арыктын боюна олтурду («Ала-Тоо»). Андрей өзүн токтоо кармоого,.. жай сүйлөөгө тырышты (Байтемиров).
¨ Жай алуу — тынчтанып, тынч алып, жайланышып калуу. Үйгө жай алып отургандан кийин Токобай мейманын сөзгө алды (Каимов). Жай сүйлөм — бир бүткөн ойду жай гана баяндаган сүйлөм.
ЖАЙ IV этиш. 1. Жазуу; төшөө; жазып, илип коюу (мис., жуулган кирди); ачып коюу (мис., китепти); каптатуу, коё берүү (мис., сууну). Бурма кайнаган самоорду алып келип, дасторконду жайды (Каимов). Чачын жайды. Китеп жай. Аштыкка суу жай. Бутуман кан жая бериптир.
  1. 2.                  Таратуу, билдирүү, маалим кылуу. Элге жай. Атагын жай.
  2. 3.                  Малды оттотуу, жайытка чыгаруу. Кой жай. Мал жай.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаз менен күздүн ортосундагы жылдын мезгили – июнь, июль, август айлары. Жайдын көркү ачылат, Жашыл ала гүл менен (Осмонкул). Эгин айдап, мал багып, Эмгек кылчу жай келди (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Орун, турак, мекен. Ушул шаарды, ушул сонун жайды түзгөн эмгекчи эл өзү го (Баялинов). Дагы нарылай түшүп, отурууга жай тандашты (Бейшеналиев). Булардын көбүндө үй да, жай да жок (Сасыкбаев). || Үй, турак жай, чарбак. Ойлодум: сонун жай кимдин жайы (Үмөталиев).Төшөк, жата турган орун. Мейманга жайды көрсөттү (Бейшеналиев). Жай таппадым жатарга (Токтогул). // Кандайдыр бир аныкталгыч сөздөрдөн кийин айтылып, тиешелүү мекемелерди, ишканаларды ж. б. атайын орундарды билдирүүдө колдонулат. Соода жайы. Коомдук жайлар. 2. Кандайдыр бир нерсенин же бир иштин ал-абалы, шарты, жөнү, жагдайы. Ашым иштин жайын эми гана түшүндү (Каимов). Жалкоонун жайы ушундай, Жайкалып уйку салыптыр (Тоголок Молдо). // Өз эркинчелик, өз алдынча болгон абал. Мал катары айдадың, Кедейди койбой жайына (Каралаев). Аябай айласы кеткенде Айганыш кызды жайына койгон (Байтемиров). 4. Жайлуу, орундуу, ылайыктуу. Чылмайран тоо келишкен, Чыбыры тегиз малга жай, Койлору төлдөп эгизден («Олжобай менен Кишимжан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Акырын, шашпай, камырабай. Кулбаш жай басып үйгө кирди (Абдукаримов). Аңгыча Арзыкул каадасынча жай гана сүйлөп калды (Байтемиров). 2. Жайынча, жөнөкөй, өзгөчөлөнбөгөн. Жай сөз. 3. Тынч, жайланышкан, коогалаңы жок. Анык тынып санаасы, Андай азаматтын көөнү жай (Токтогул). Үлөштүрүп берди эми, Көңүлдөрү жай болуп («Сейтек»). Үйгө жай алып отургандан кийин Токобай мейманын сөзгө алды (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир нерсени жазуу, бүктөлбөгөн, жыйылбаган абалга келтирүү, төшөө. Бурма кайнаган самоорду алып келип, дасторконду жайды (Каимов). Дилде төргө шырдак салып, үстүнө көлдөлөң жайып койгон экен (Байтемиров). || Жазып илүү. Тээтигинде кир жайып, Карап турат бураң бел (Турусбеков). 2. Жайылта жиберүү, каптатуу, коё берүү. Ысмайыл сууну эгинге жайып коюп карап турат (Турусбеков). || Агуу, жайыла чыгуу. Бутунан кан жая бериптир. Шилтеген жерден кан жайган. 3. Оттотуу, кайтаруу, жайылтуу.  Кой жайып кетип баратсам, бир кой артта калып калды (Жантөшев). 4. Таратуу, көпчүлүккө маалим кылып жиберүү. Ар кандай сөздөрдү тез эле эл арасына жайып жиберди (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир жаманчылыкка көңүл айтуу, же жакшылык ишке жардам көрсөтүү иретинде бир нерсе берүү, тартуулоо. Биз дагы жай айтып коелу дедик эле (Бердикеев). Жай айтпай анан, мындайда айтпаганда жайды качан айтабыз («Ала-Тоо»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЙ АНЫКТАМА – соттук тергөөнүн жүрүшүндө ашкереленген жана каралып жаткан иштин маңызына тийешеси жок айрым мыйзамдуулукту бузууларга карата соттун мамилесин билдирүүчү соттук токтомдун өзгөчө түрү. Ж. а. анын көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде кабыл алынган чаралар жөнүндө сотко кабарлоого милдеттүү болгон тийешелүү органдарга жана уюмдарга же кызмат адамдарына жөнөтүлөт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
обхаживать;
кызына жаман айтпай, көңүлүн жайгап тур ты пока его дочке плохого не говори, обхаживай её;
ал шум, бизди төрүнө чыгарып жайгап, кымызына сугарып, алдап койсо, тим калат элек если бы тот негодник, посадив нас на почётное место, угодил бы нам, напоил бы нас кумысом да тем расположил бы нас к себе (букв. обманул бы), мы бы и успокоились;
атасына сүйлөшүп, асты дайнын билгизбей, жайгап жүрөт ар күнү фольк. не выдавая себя, ходит он каждый день, разговаривает с отцом её и обхаживает его.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тартипке салуу, жөнгө салуу, орду-ордуна коюу; башкаруу. Жөн билги топ башкарган сүйлөп бак-бак, Жайгарып келгендерди жүрөт баштап (Абдыраманов). Бригадир топучан сылтып баскан, Жайгарып шашып жүрөт «болгула» деп (Абдыраманов).
2. Сооротуу, тынчтантуу. Элдин көңүлүн жайгарды. Калың кыпчак көп элди Эр Олжобай жайгарган («Олжобай менен Кишимжан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жайлаштыруу, тейлөө, тартипке салуу, жөнгө салуу. Жаткан экен Кулжыгач, Өз элин өзү жайгарып («Олжобай менен Кишимжан»). Көсөл атасынын жоктугун билгизбей жумуштарынын баарын жайгарып коёт (Каимов). 2. Сөз менен көңүлүн көтөрүп, ыраазы кылып коюу, ынандыруу, көңүл сооротуу, тынчытуу. Тамаша кылам, аксакал, кемчилик кимдин башынан өтпөйт – деп Барпы сөз менен жайгарды (Байтемиров). Баары билет, баары күйөт, кайгырат. Бирин бири калп чыгар деп жайгарат (Нуркамал).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тартипке салынуу, иретке келүү.
2. Орношуу, жайланышуу, орун алуу. Камкор жолдошуна ыраазы болгон студент чуркап жетип жакшы орунга жайгашат (Бейшеналиев). Бул имаратта селолук советтин конторасы жайгашкан.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тартипке салынуу, иретке келүү. 2. Орношуу, орун алуу, жайланышуу. Камкор жолдошуна ыраазы болгон студент жакшы орунга жайгашты (Бейшеналиев). Өткөн жылы, курулган үйлөргө 70 үй-бүлө жайгашты («Кыргызстан аялдары»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тартипке салуу, орду-ордуна коюу, орундаштыруу. Малды жайгаштырып коюп [малчылардын] бардыгы от жагылган ыктоону жамаалады (Убукеев). Акман бир жумушту жайгаштырып.. тура калды (Сыдыкбеков).
2. Турууга жай берүү, орноштуруу. Жолоочуларды мейманканага жайгаштырып койгула («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тейлөө, иреттөө, тартипке келтирүү. Малчылар малды жайгаштырып коюп, бардыгы от жагылган ыктоого чогулушту (Убукеев). 2. Орундаштыруу, жайлаштыруу, орун алып берүү, орноштуруу. Мандикерлерди Оштун Пиян базар деген жерине жайгаштырды (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от жайгаштыр-
приведенне в порядок, упорядочивание, устраивание, расстановка по местам; налаживание; размещение;
күчтөрдү жайгаштыруу расстановка сил;
кадрларды тандоо, жайгаштыруу жана тарбиялоо подбор, расстановка и воспитание кадров;
өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу эк. размещение производительных сил.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о всаднице) охлябью (верхом без седла);
жайдак мин- или жайдак атка мин- садиться верхом на лошадь охлябью (без седла и без всякой подкладки);
өзүңдү, жайдак атка мингизип барып, күң кылам фольк. я тебя посажу на лошадь охлябью и сделаю рабынёй;
жайдак күлүк южн. конь, пускаемый на скачках без седока;
"соорусу жайдак болот" деп, үстунө жолборстон кээжим жаптырган фольк. чтобы круп (коня) не был обнажён, он заставил покрыть его тигровой попоной;
2. (о доме) пустой (без обстановки и необитаемый);
эшиги жок жайдак тамда жаткамын я жил в пустом доме, не имеющем дверей;
3. без верхней одежды; голый;
жайдак туруп барып, эшикти ачтым я встал и, не одеваясь, открыл дверь;
жайдак төш открытая грудь; с открытой грудью;
4. голое место; открытая местность;
келин, кыз жүнүн учурса, шамалдын көрку жайдакта фольк. прелесть ветра на открытом месте в том, что он уносит шерсть у молодух и девиц (когда они её треплют, она летит, ни за что не цепляясь);
5. южн. (о женщине) без тюрбана;
жалаң аттуу, жайдак тон см. жалаң.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Ээр-токумсуз, ээр токулбаган. Сопол куйрук жээрде кашканы жайдак минген бирөө,.. чоң көк атты кууп баратат (Жантөшев).
2. Ичинде эч нерсеси жок, адам жашабаган ээн (үй); эл жашабаган, эч нерсе эгилбеген, ээн (талаа). Эшиги жок жайдак тамда жатканмын. Жапайы турмуш, жайдак жерди Жашаңдатып гүл экти (Бөкөнбаев).
¨ Жайдак төш — ачык-айрым, көңүлүндө кири жок, даалдаган.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде жайдак сөзү сын атооч же тактооч сыяктуу касиетке ээ болуп, баяндооч менен да, атооч сөздөр менен да айкалышып айтыла берет. Мисалы: жайдак мин, жайдак чап, жайдак ат, жайдак жер. Бул сөз байыркы түрк жазууларында йадаг, йада-гун, йадаглыг түрүндө айтылып, «жөө» маанисии берген. Болжолу, жайдак сөзү алгачкы йалаң адакун, йалан адаглыг деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан. Эң алгач йалаң адаклык же адагун мин деген учурда айтылып, атка токум токубай, буту менен мингенди гана туюнткан. Кийин ал тизмек кыскарып, йадак// йайдак түрүнө келгенде, адепки сөзмө-сөз мааниси унутулуп, жайдак сөзү жайдак ат, жайдак жер, жайдак төш сыяктуу учурларда да колдоно турган боло баштап сөздүн алгачкы маанисин жана морфемалык курамын ажыратуу кыйындап кеткен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ээр-токумсуз, ээр токулбаган, алдына эч нерсе салынбаган. Тору жоргону жайдак жетелеп бирөө чыкты (Абдукаримов). Жекен кээде жайдак тайга минип алып, чаап кетет (Каимов). 2. өт. Эч нерсеси жок, ээн, бош, ачык. Үйдүн жанында, жайдак короодогу уйлар эбак жуушап калган (Элебаев). Өтмөктүн бели анчалык чоң эмес, үстүнө чыкканда жайдак адыр сыяктуу (Байтемиров). Кырчын кез жалгыз сырап өтмөк экен, Кыргыздын жайдак чабар сары атындай (Садырбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
облегчить, сняв лишние покровы, груз и т.п.;
ат жайдакта- расседлать лошадь (сняв с неё седло и потник);
ат жайдактап алышып, аттарын сууга салышып фольк. расседлав лошадей и искупав их.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ачык-айрым, даалдаган ак көңүл, ичинде эч нерсеси жок. Ал ошондой жайдак төш. 2. Эч нерсеси жок, абдан жупуну, жайсыз. Бой тумары жок барса, шордуу жакыр кызын жайдак төш узатыптыр дешет (Сыдыкбеков). Жалаң от, жайдак төш койчулар Оргочордон орун ала баштады («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
выражать своими движениямя жизнерадостность, веселье; быть жизнерадостным, весёлым; ликовать;
күлө багып, жайдаңдайт фольк. он смотрит восторженно, радостно;
жайдаңдап аттан түшүрдү он с радостью помог (гостю) слезть с коня.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙДАР — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйгө аш берүү кеңешине катышкандардын бири Акбайдын атасы катары ысымы гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 3. 76).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. открытого характера, сердечный, весёлый; приветливый;
баягы кадимкидей жайдары ачык сүйлөшөт они разговаривают между собой так же сердечно, как прежде;
комузум жок колумда, кор болдум өскөн жайдары фольк. нет в моих руках комуза - я, росший свободно, унижен;
багыбызга Алтынай жайдары кылды чекени стих. на наше счастье Алтынай просветлела лицом;
2. молодец;
Алмамбет уулу Кулчоро жайдары көк жал мен болсом фольк. ведь я молодец-богатырь (см. жал I) Кюльчоро, сын Алмамбета;
3. жайдарым ласк. обращение;
жайдарым жалгыз Алмамбет, энекеңди кыйнадың фольк. мой единственный милый Алмамбет, матушке своей ты причинил страдания;
4. южн. дикорастущий;
жайдары алма дикорастущая яблоня; дикие яблоки.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ачык-айрым, шайыр, көңүлдүү, маанайы ачык. Бетегелүү майданым, Пейли жакшы жайдарым (Токтогул). Айсалкын курбуларынан четтеп, жайдары мүнөзү өзгөрүп, суз болду (Каимов). Уулунун жайдары жүзүн көргөндө Кулбаш мурутунан күлүп койду (Абдукаримов). Жайдарым күлүмсүрөп маңдайы ачык (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эпилдеген жайдары мүнөздө болуу, ачык-айрым, көңүлү куунак, мээримдүү көрүнүштө болуу. Асалхан өтө мээримдүү адамдан бетер жайдарыланды (Жантөшев). Кандай сак-саламат турасыңарбы? – деп Түнкатар да жайдарыланды (Жантөшев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙ-ДӨБӨ — топоним. Манас баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп баратып сегиз ай туруп калган жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 161). Географиялык реалияда Кашкардан түндүк-чыгышта, Кара-Теке тоосунун этегинде жайгашкан тайпак какыр талаа.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Акырын кыймылдатуу. Дыйкандар сакалдарын желге жайкап, Карашат эгиндерин эртең байкап (Аалы). Буркурап согуп күзгү жел, Буудандын башын жайкаган (Мидин).
2. Жөнгө салуу, тынчытуу, аяк-быягын айтып жоошутуу, жайгаруу Алдап-соолап жайкайын. Арада чатак сөз болсо, Жайкай жүрсөң жигиттик (Барпы). Жайкай сүйлөп, Оозунан чаң буркурайт (Аалы).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. трясти;
приводить что-л. в движение;
ак сакалын жайкаган он потряхивал своей (густой и длинной) седой бородой;
2. то же, что жайга-;
кейиген дилин билгизбей, жайкап сүйлөп, токтолду стих. его обиженное сердце незаметно обласкав, он замолчал;
алдап-соолап жайкайын фольк. уловками и хитростью я (всё) улажу;
жакшы сөз менен жайкайын я добрыми речами обойду (его);
бал сөзу менен ары жайкап, бери жайкап своими медовыми речами то так, то этак улещая;
кур сөз менен жайкаган пустыми разговорами он втирал очки.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жөнгө салуу, ыраазы кылуу, жоошутуу, жайгаруу. Мырзагүл оорулуунун ал-жайын сурап, көңүлүн жайкайт (Кыргызстан аялдары). Акылы менен жайкаган, Алты айлык азапты, Көз ачымда байкаган («Манас»). 2. Акырын кыймылдатуу, теңселтүү, ыргоо. Буркурап согуп күзгү жел, Буудайдын башын жайкаган (Алыбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көңүлү куунак капарсыз, шайыр мүнөздө болуу, алчылануу, жагалдануу. 2. Көңүл жубатуу, кошоматтануу, жалпалактоо, жайкаңдоо. Бу куу неме кайра жайкактап соолуга түшүп, анан жайбаракат сүйлөмөк болду (Бектенов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Чайпалуу, теңселүү, ыргалуу; кубулуу, кулпуруу; чоң, узун келип, жайылып туруу (мис., сакал). Жайкала басат. Жайкалып жашыл шибер миң кубулуп, Чачырайт ак байчечек төрдүн гүлү (Үмөталиев). Сакалы жайкалган карыя.
2. Жарашып, келишип туруу. Көйнөгү жайкалып турат. Жакшы айгырдын үйрү өсүп, Жал-куйругу жайкалган (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от жайка-;
1. раскачиваться из стороны в сторону;
жайкала басат он ходит важно, плавно покачиваясь;
сакалың жайкалган у тебя борода лопатой; твоя борода важно расправлена; твоя борода придаёт тебе важный вид;
чөбү жайкалган жер место, покрытое густой и сочной травой;
кызыл ат жүрөт жайкалып, өзөндүн тегиз сазында фольк. по ровному прибрежному болоту величаво расхаживает сивый конь;
2. быть впору и к лицу;
көйнөгу жайкалган на ней платье впору и к лицу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ары-бери ыргалган жагымдуу көрүнүш. Ой-тоо толгон түркүн гүл, Желге ыргалып жайкалган (Барпы). Бул жер болсо мына чөбү чабылып, айдаган сулулар жайкалып калды (Байтемиров). Телтору атты берсеңиз, Жоого минсин жайкалып («Курманбек»). Жайкала басып айылдын келиндери айттап жүрүшөт (Каимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жайдын күнкү, жай мезгилиндеги, жай убагындагы, жай мезгилине таандык. Жердин көркү ачылат, Жайкы жашыл гүл менен (Токтогул). Жайкы бактын ичи кандай салкындап, Жайкы түндө олтурганга адамга (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Жайды бир жерде өткөрүү, жайында бир жерде туруу. Суу сугарып, арык чаап, Саратан чөлдү жайладың (Тоголок Молдо).
ЖАЙЛА II этиш. 1. Жайгаштыруу, орду-ордуна коюу, тартипке салуу; тынчытуу (мис., көңүлдү). Малыңды жайлап болгон соң, Келгиле калбай жабыла (Токтогул). Кыйыштырып сөз сүйлөп, Кыйланын көөнүн жайлаган (Осмонкул).
2. Өлтүрүү, жок кылуу, түбүнө жетүү. Бир канчасын жайлап, далайларын туткунга алдык (Каралаев). Алышкан жоосун жайлаган, Алп мүчөлүү сен кимсиң? («Манас»).
ЖАЙЛА III этиш. Акырындоо, шашпоо, жай кыймылда болуу. Күрпүлдөк суусу жайлап агып, жээгине камыш өнө баштайт (Сыдыкбеков).
ЖАЙЛА IV этиш. эс. Сыйкырлап күн жаадыруу. Кар жаадырган Элдияр, Кара таш салып күн жайлап («Эр Табылды»). Күндү катуу жайладым, Күз булутун байладым («Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жайла- I
1. летовать, быть на летних пастбищах; проводить лето где-л.;
жайында чөлдү жайладың ты лето проводил в степи;
Аксуунун башын жайладык фольк. мы летовали в верховьях Аксу;
2. обитать, пребывать, располагаться;
карарып багы дүмпөйүп, колхоздор жайлап жаткан жер стих. темнеющие густые сады - это место расположения колхозов.
жайла- II
1. приводить в порядок, размещать; благоустраивать;
малды жайла- присматривать за скотом (привязывать, задавать корм и т.д.);
малыңды жайлап болгон соң, келгиле калбай жабыла фольк. когда вы управитесь со скотом, приходите сюда все до одного;
аны-муну жайла приведи в порядок то-сё;
ага конорго туур жайлаптыр фольк. для сидения устроили ему туур (см.);
2. успокоить;
көңүл жайла- успокоить сердце;
сенден өчүм аламын, көөнүмдү жайлап каламын фольк. тебе я отомщу и сердце своё успокою;
3. перен. убить;
жаткан жеринде жайлады он убил его на том месте, где тот лежал.
жайла- III
(или жай жайла- или күн жайла-)
вызывать изменение погоды при помощи жай таш (см. таш I);
айла менен жай жайлап фольк. хитростью изменив погоду.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Эпостордо, жомоктордо жана болмуштарда дуба менен күндү жайлап, жайдын күнү кар жаадырган жадыгөйлөр болгону жөнүндө маалыматтар айтылат. Мындагы жайла сөзү жай+ла бөлүктөрүнөн турат. Анын жай уңгусу жай таш деген учурда айтылат. Бул жай сөзү байыркы түрк эстеликтеринде йат түрүндө айтылган (ДТС, 247). Ал иранча джаду сөзүнө туура келген (ПРС, 144). Байыркы түрктөр жана ирандар йат ташын дубалап, жайчы кишилер кар, жамгыр жаадырат деп ишенишкен. Кыргыз тилиндеги жай таш, жайла, жайчы сөздөрүнүн уңгусун түзгөн жай дегени байыркы түркчө йат сөзүнүн т тыбышы й тыбышына алмашуудан келип чыкса, жадаа, жадыгөй, жадыгөр деген учурларда иранча формасы сакталган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жайды бир жерде өткөрүү, жайында бир жерде туруу, кандайдыр бир жайлоодо болуу. Суу сугарып, арык чаап, Саратан чөлдү жайлаган (Тоголок Молдо). Жазында жака жайлаган, Жанаша кулун байлаган (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жайгаштыруу, орундаштыруу, иреттөө, иретке келтирүү, тейлөө, камдоо. Асыл меймандардын аттарын жайла (Касымбеков). Зубайда өзүнө бир кишилик башка төшөк жайлап алды (Убукеев). Жеми, чөбүн жайлаңар (Токтогул). 2. Тынчытуу, ыраазы кылуу. Жакып уулунун жана анын жолдошторунун көңүлүн жайлады (Бейшеналиев) 3. өт. Өлтүрүү, жок кылуу, түбүнө жетүү. Баатырлыгы ошондой, Ким сайышса жайлаган («Курманбек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от жайла- II
(обычно с көңүл) разместиться; прийти в норму; успокоиться;
көңүлү жайланды его сердце успокоилось, он успокоился;
бир аз эс алып, көңүлү жайланган он немного отдохнул и пришёл в себя;
жайкын жатып бир күнү, жайланып, тамак ичпедик фольк. ни одного дня мы не чувствовали себя спокойно и спокойно не вкушали пищи.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Орундашуу, иретке келүү, Конок үйгө кожурашып жайланып (Маликов). Жайланып алсаңар сүйлөшүүгө убактыңар жетишер деймин? (Касымбеков). 2. Тынч алуу, жайбаракаттануу, көңүлү тынчуу. Дасторкон жыйналгандан кийин Бурулча жайланып отуруп алып, сөз баштады (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жайланыш I
и. д. от жайлан-.
жайланыш- II
взаимн. от жайлан-
поместиться, разместиться, устроиться, обосноваться; расположиться;
Караколго жайланышып алдым я обосновался, устроился на постоянное жительство в Караколе.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жайлат- I
понуд. от жайла- I;
жайлата всё лето, в течение лета;
жайлата кылган мээнетинин жемиши плоды его трудов за лето;
жайды-жайлата или жайлы-жайлата всё лето, всё лето напролёт.
жайлат- II
понуд. от жайла- II.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. Жайды жайлай, жайы менен, жай бою. Жайнаган элди кубанткан Жайлата кылган эмгегиң (Токтогул).
¨ Жайды жайлата — жайлата, жай бою. Бригаданын мүчөлөрү жайды жайлата мыкты эмгектеништи («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. I. Орун алуу, бир жерге орношуу, жайланышуу. Орунга жайлашып отуруу.
  1. 2.                  Элдешүү, тынчышуу, жай сүйлөшүү.

Жайлашып жолго салайын, Жакшылык
кылып калайын («Манас»). Жайлашып жакшы жөнөткүн («Курманбек»).
  1. 3.                  Өлтүрүү, жок кылуу, түбүнө жетүү. Келди бекен кырылгыр, Олжобайды жайлашып («Олжобай менен Кишимжан»).

ЖАЙЛАШ II жайла I этишинин кош мамилеси.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Орун алуу, жайланышуу, бир жерге орношуу. Жайлоосу берекелүү малдын жери, Жайлашат шаттуулукта кыргыз эли («Сажи»). 2. Элдешүү, жарашуу, жай сүйлөшүү, тынчышуу, жөнгө салуу, жайгаштыруу. Жайлашып жолго салайын, Жакшылык кылып калайын («Манас»). Жайлашып жакшы жөнөткүн («Курманбек»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Орду-ордуна коюу, орноштуруу, жай-жайына коюу. — Апей, иним келип калды көрүнөт, аларды жайлаштырып келе коёюн («Советтик Кыргызстан»).
2. Элдештирүү, жараштыруу, тынчытып коюу. Жакшы жигит белгиси, Айылдан чыккан чатакты Жайлаштырып бүтөгөн (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жайлоо I
и. д. от жайла- II
приведение в порядок, размещение, расположение, распределение.
жайлоо II
джайлау, летовка, летнее пастбище (обычно высокогорное);
чоң жайлоо ист. главная, большая летовка высоко в горах (где летовал скот богачей);
бөксө жайлоо ист. летовка на склонах ближних гор (где летовал скот слабых хозяйств);
кан жайлоо сев.
1) летовка с тучными пастбищами;
2) перен. изобилие;
жайлоо жайла- летовать, проводить время на летних пастбищах;
чарбалар жайлоо жайласын, дыйкандар аштык айдасын фольк. скотоводы пусть летуют на летовках, крестьяне пусть посевы сеют.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы жайлоо сөзүн жай+ла+оо морфемаларына ажыратуу туура эмес. Ал жай деген зат атооч сөзгө -ла мүчөсү уланган жайла этишине зат атооч жасоочу -к мүчөсү жалгануудан келип чыккан (ДТС, 227). Аяккы г тыбышы үндүүгө айланышы созулма үндүүнүн пайда болушуна алып келген: жайлак>жайлов>жайлоо. Ал эми г тыбышы к тыбышына алмашуусунда Ат-Жайлак жайлоосунун аты жаралган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: жайлоолоп жүр- разъезжать по летовкам (без дела, ради развлечения);
окуу тарары менен жайлоолоп, же курорттоп кетчү как только кончалась учёба, он обычно направлялся на летовку или на курорт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жайлуу I
(жайлы)
удобный, хороший, приятный;
мал кыштатууга жайлуу жер место, удобное для зимовки скота;
жайлуу, эптүү мал экен, Маникерди мага бер фольк. ты отдай мне Маникера (коня), ловкое, хорошее животное;
иши бир жайлы болгончо до выяснения его дела, пока его дело не выяснится;
жаткан жери жайлуу болсун! (об умершем) да будет ему земля пухом! (букв. да будет место, где лежит он, удобным);
жайлы-жайлата или жайлы-жайлай на протяжении всего лета.
жайлуу II
(жайлы)
обладатель места где-л.;
үйлүү-жайлуу см. үйлүү 2.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Ыңтайлуу, орунтуктуу. Эртеси Жылдызкандар кеч ойгонушту. Жаткан жери жайлуу болгондуктан, мемиреп уктап калышыптыр (Байтемиров).
¨ Жаткан жери жайлуу болсунөлгөн адамды урматтоо үчүн айтылуучу сөз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ыңгайлуу, ыктуу, орундуу. Кечке чейин жайлуу жер таппай чыйрыккан Жылдызкан мындай ылымта жерде кадимкидей жылый түштү (Байтемиров). Эмгекке дыйкан тунгандай, Эгинге жайлуу жер болот (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. распростёртый, разбросанный, распущенный;
жайма көкүл распущенная чёлка, распущенная косичка; пышная челка, пышный чуб;
жайма куйрук распушённый, распущенный хвост;
жайма базар ист. базар, на котором товары раскладывались на лотках и на земле;
2. уст. мешок, наполненный до краёв (мера сыпучих тел);
эки капка жайма кылып алдым я получил два полных (наполненных до краёв) мешка;
3. фаза скачек с козлом, когда в них принимают участие все (участники скачек, а не отдельные наездники).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Сатылуучу нерселер элге көрүнүп турсун үчүн жайылып коюлган, ар ким өз буюмун көтөрүп сатма (базарга карата). Жайма базардан учурап калдык (Убукеев).
2. Идиштин кыры менен текшилене, жайпама салынган. Эки капка жайма кылып салынган буудай.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сатуучу нерселер элге көрүнүп турсун үчүн жайылып коюлган, ар ким өз буюмун көтөрүп сатма (базарга карата). Жайма базардан учурап калдык (Убукеев). Тебетей жок, издеп калдык жаймадан (Токомбаев). 2. Идиштин кыры менен тең, жайпама, текшилене салынган. Бир чоң чакага жайма кылып ун салып берди. Эки капка жайма кылып алдым. 3. Жайылып, жазылып турган. Жайма көкүл. Жайма тузак.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от жаймала-
сровняться с краями; стать плоским, сровнявшись с краями;
баланын алагай чоң көзү жез чарага жаймаланган боорсокко түшө калды большие на выкате глаза мальчика увидели чашку, до краёв наполненную баурсаками (см. боорсок);
шаттык менен жаймаланган Нуракең тамылжыды чала бышкан алчадай стих. Нураке, преисполненный радости, рдел, как полузрелая вишня.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Өтө көп чачылуу, эң эле көп болуп көрүнүү. Буудай жерге жайнап калды. Жылдыздар жайнап чыгып калыптыр. Жер жайнаган мал. Жайнаган элди кубанткан Жайлата кылган демилгең (Токтогул).
2. өт. Жалжылдоо, жоодуроо; жаркыроо (мис., нур); кулпуруу (мис., гүл). Сагынып көзү жайнаган Жарыңар күгпөгп силерди (Аалы). Жарык нурлар жайнап жерге төгүлдү (Калык). Байчечекей жайнап турат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. широко и во множестве рассыпаться;
жайнаган эл келе атат движется масса народа;
жайнаган кол многочисленное войско;
кумурскадай жайнаган эл народ, кишащий как муравьи; огромная масса народа;
буудай жерде жайнап калды пшеница рассыпалась (в большом количестве);
жылдыздар жайнап чыгып калыптыр звёзды усыпали (небо);
алардын үйү жайнап, толуп турат у них дом - полная чаша;
2. (о глазах) быть красивыми и большими;
ботодой козү жайнайт её красивые глаза широко раскрылись;
3. соблазнительно красоваться;
алдына килкилдеген жаш козунун эти, кымыз, боорсок дебей, жайнап келди перед ним соблазнительно предстали мясо молодого барашка, кумыс и баурсаки (см. боорсок);
4. (о глазах) с завистью или с надеждой широко раскрыться;
пулу бардын оозу чайнайт, пулу жоктун көзү жайнайт погов. у кого деньги есть, у того рот жуёт, у кого денег нет, у того глаза завистливо блестят;
таңдай кургап, көз жайнап, чөлдө калар бекенбиз? фольк. неужели мы останемся в пустыне с сухим нёбом и с глазами (полными) ожидания?
кызыгып, көз жайнап кетти глаза разбежались.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жыбырап, эң эле көп болуу, жайылып-чачылган абалда болуу. Жылдызындай түндөрдүн, Жылкы жатат жайнаган (Үмөталиев). Жайнады дасторконго жемиш толуп (Үмөталиев). 2. Жалжылдоо, жоодураган, балбылдаган көрүнүштө болуу. Балбал этип жайнаса, Адамдын көркү көзүндө («Мендирман»). Жамалдын көздөрү жайнап, кубанычы ташый түштү (Жантөшев). // Шат, нурланган көрүнүштө, кубанычтуу абалда болуу. Кайгы-капа ойлонбой, Жайнап турат, балалык (Токтогул). Карт эне сүйүнгөндөн жайнап күлөт (Үмөталиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙНАК — кырк чоронун бири. Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты Чалаңкөк жыйырма бешинчи болуп келип, Ж. Көгүчкөн деген кызга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 425). Ж. из кубар мыкты чоро катары белгилүү (Сагымбай Орозбаков, 3. 176).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙНАКЕ — эпизоддук кейипкер, Эштектин Жамгырчысынын байбичеси. Чачыкейден Акшумкардын дайынын билгени арага түшкөн үч байбиченин бири (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 27 — 29). Үмөтөй Семетейге каршылашып келгендеги эпизоддо Каныкей Ж-ни Темиркандын кызы, өзүнүн эжеси экендигин Семетейге айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 274).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙНАКЕ — эпизоддук кейипкер, Кыястын аялы, Жанаалынын кызы. Кыяс аялдары Ж. менен Каракөздүн төрөбөгөнүн Айчүрөккө айтат (Курама варианты, «Сейтек», 81).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙНАКОВА Айнек (1940, Жети-Өгүз району, Тосор айылы) — адабиятчы, илимпоз. Филология илимдеринин кандидаты (1985). 1964-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1968-ж. аспирантурасын бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун «Манас» бөлүмүндө эмгектенет. «Манас» эпосунун ар түрдүү проблемалары боюнча монографиялары бар: «Семетей» эпосунун тарыхый-генеалогиялык негизи» (1982), «Сейтек» — «Манас» трилогиясынын корутунду бөлүмү» (1984) жана «Манас» эпосунун варианттарындагы «С. Каралаевдин айтуусундагы «Семетей», «Сейтек» эпосторунун бөтөнчөлүгү» (1988). Ошондой эле Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манастын 1-томун, «Сейтекти» (Р. 3. Кыдырбаева менен бирдикте) түзүп, баш сөзүн жазган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
распластаться; сплошь покрыть, закрыть, широко разлиться;
жерди суу жайпап кетти вода сплошь залила землю;
жер жайпаган козулар множество ягнят, которые сплошь покрыли землю;
жер жайпаган көч массовая кочёвка несметного числа людей.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин бетин каптоо, каптай жайылуу (көбүнчө сууга карата). Алдастап, мөңкүп, оргуштап, Сай жайпап суулар киргенде (Бөкөнбаев). Жаткан экен Ысык-Көл, Толкуну жайпап төгүлүп («Эр Табылды»). 2. Өтө көп болуп көрүнүү, көп болуп каптап кирүү, жайыла кирүү. Түркүн-түркүн сан жылкы, Жерди жайпап калыптыр («Семетей»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Тайпак, терең эмес; жалпак. Аял унчукпай гана жайпак табактагы боорсокту чаранын жанына тартты (Абдумомунов). [Койчу].. бир жайпак таш таап келип, анын бетине сүттөн куюп берди (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жайра I
ир. южн. [жәйрә]
дикобраз.
жайра- II
умереть;
жаштайында жайран калды он умер молодым;
жашыңда (или жаштайыңда) жайрап калгыр (или жайрагыр) ! проклятие чтоб тебе в молодости околеть!
жайрагыр см. жайра- II.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙСАҢ — топоним. Эпос боюнча Алтай тараптагы Уркун суусунун куймасы (Сагымбай Орозбаков, 1. 246). Географиялык реалияда Зайсаң Чыгыш Казакстандагы тоолуу өрөөн жана андагы суу.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙСАҢ — кырк чоронун бири, Үмөттүн уулу. Чоролордун катарында дайыма аты аталат. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты он сегизинчи келип Ж. тагдырына буюрган Албүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 93, 149, 394, 419, 424; 3. 49, 175; 4. 43).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙСАҢ ЫРЧЫ — манасчы. Ж. ы-нын тарыхта болгондугу жөнүндө маалыматтар жок. 14—18-к. Жайсаң деген ат Юань сулалесинин (1260—1368) мезгилиндеги кытайдын «Цзайсян» деген титулуна байланыштуу пайда болгон ысым. Бул титулдук термин кийинчерээк 14—15-кылымдан тартып ойроттор менен моңголдордун арасына кеңири таралып, алардын феодалдык ак сөөктөрүнө да колдонула баштаган. Ал эми кыргыздарга ойрот-моңголдор аркылуу кийин кирип, энчилүү ысым катары колдонулуп калган. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Ж. ы. Манас менен Кайыпдаңдын урушунан кийинки окуяда эскерилет. Манас Кайыпдаңды согушта жеңип анын кызы Карабөрктү алганда тигилген боз үйдүн жасалгасын:
Салтанатын көргөндө,
Жайсаңчы ырчы дегени
Жалаң үйдүн порумун,
Жарым күнү ырдаган (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 572-инв., 554-б.)
калмак ырчысы катары айтылат. Советтик белгилүү эпос изилдөөчүлөр М. Ауэзов, К. Рахматуллин жана башкалар эмгектеринде «Манасты» жараткан, айтып, эл арасында сактап келген биринчи манасчы ким болгондугу жөнүндө айрым маалыматтар берилет. Манастаануу илиминде биринчи манасчы ким болгон деген суроону койгон жана бул маселе боюнча өзүнүн жоромолун айткан окумуштуу М. Ауэзов болгон. Ал Сагымбай Орозбак уулунун вариантында «Жалаң үйдүн порумун Жарым күнү ырдаган» Ж. ы. деген адам кезигерин эскерип «Манастын» алгачкы ырларын ушул акын түзүшү мүмкүн деген.
С. Алиев

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жыл эсебиндеги (жаңы жыл – нооруз жазгы мезгилден башталган элдердеги) төртүнчү айдын аталышы – 22-июнь менен 21-июлга туура келет. 2. Кыргыздардын жыл эсебинде жайдын толуп турган мезгили – эң ысык эсептелген кырк күн – жайкы чилде. Жай саратан баарына («Манас» С. О.).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙТАШ — аба ырайынын өзгөрүшүнө таасир кылуучу магиялык күчкө ээ таш. Коомдук өнүгүштүн алгачкы учурларында адам табияттын сырын билип, баш ийдирүүгө кылган аракетинен келип чыккан, Ж-тын магиялык касиетке ээ экендиги жөнүндөгү шамандык түшүнүктүн пайда болушуна, биринчиден, эң алгачкы эмгек куралынын болушу, ал таштын көбүнчө суунун түбүндө же башка нерселерде орун алышы түрткү болгон. Ж. моңголдордо «жада», «яда», казактарда «жайтас», якуттарда «сата» деп аталып, сыйкырдуу магиялык күчкө ээ таш катары сүрөттөлөт. Байыркы кыргыздардын ишениминде Ж. көбүнчө койдун же уйдун карынынан табылган. Эпосто жайчылык өнөр жылан-ажыдаар менен байланыштырылат. Мифтик мындай ишенимди дүйнө элдеринин оозеки чыгармаларында кеңири кездешкен суунун ээси жылан, ажыдаар болуп эсептелген белгилүү салттык сюжеттин бир элеси, көрүнүшү катары кароого болот. Ж-ты пайдалана билүү үчүн анын окуусун окуу керектиги түрк-моңгол элдеринин оозеки чыгармаларында көп айтылат. Бирок, башка элдердин эпикалык чыгармаларына караганда «Манас» эпосунун байыркы катмарында жаткан шамандык Ж. өтө кеңири баяндалат. Саякбай Карала уулунун айтуусунда Ж-тын (жайчылыктын) эпикалык душман тарапка түшүргөн алааматы элестүү сүрөттөлөт:
Алтын айдар, чок белбоо,
Азизкандын жалгызы,
Карыкандын жай ташын
Чап жанынан алды эле,
Бир чөйчөктөй кара суу
Кур дегизе салды эле.
Жаканын баары жамгырлап,
Бөксөнүн баары мөндүрлөп
Жайдын күнүн кыш кылып (Саякбай Каралаев, 2. 194).

«Семетейде» да Ж. согуш мезгилдеринде же бир зарыл учурларда колдонулат. Коңурбай, Мурадыл, Карагулдар кысталыш учурларда күндү жайлап, алай-дүлөй түшүрүп, изин жашырып кутулуп кетишет. Ж-ты колдонгондо жайчылардын атайын окула турган магиялык күчкө ээ дубасы болгондугу да айтылат:
Жай ташты көлгө урду эле,
Күндү жайлап турду эле,
Булут ээси Бууракан,
Мунун атын чакырып
Жердин аты Жершамал,
Мунун атын чакырып (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 554 ИНВ., 375-б.), К. Жайчы.

С. Алиев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙЧЫ — жайташтын магиялык күчү менен аба ырайын өзгөртүп жиберүү кудуретине ээ киши. Эпосто көбүнчө аярлар Ж-лык өнөргө ээ. Түрк-моңгол элдеринин оозеки чыгармаларында күндү жайлоо жөнүндө көп айтылат. Мындай сюжеттик мотив «Манас» эпосунан да орун алган. Ж-лык башкы оң каармандардын ичинен Алмамбетке гана мүнөздүү. Алмамбет бала кезинде Аберген деген көлдөгү укмуштуу ажыдаардан Ж-лыктын, аярлыктын окуусун окугандыгы эпосто кеңири баяндалат. Ал Ж-лыгы менен агыны катуу суудан өзү тараптагы жоокерлерди аман өткөрүп, душманды суукка үшүтүп, жеңишке жетишкен учурлары болот. Анын Ж-лыгы чоң казатта айрыкча элестүү сүрөттөлөт:
Каптап кытай келгенде,
Караандуу жоону көргөндө,
Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Ала канчык шыбыргак,
Алмамбет жайын салды эле:
Ошондо бөксөнүн башы мөндүрлөп,
Жаканын баары жамгырлап,
Асмандан булут сабалап,
Көктөн булут күркүрөп,
Жер жүзүнө камалып,
Тик каптаган кытай журт
Күн көрөргө зар болуп,
Согуш кылган чоң майдан
Найза бою кар болуп,
Жай убакта кыш болуп,
Жабылган кытай, көп манжу
Ошондо кыңшылаган кыз болуп (Саякбай Каралаев, 2. 194).

Душман бир жагынан суукка тоңсо, экинчи жагынан Манас баатыр баштаган кыргыз Жоокерлеринин катуу чабуулунан кырылат. Эпосто Ж-нын чагылдырылышы табияттын ар кандай кубулуштарынын ички сырларын үйрөнүүгө, аны адамдын эркине баш ийдирүүгө болгон ой-мүдөө болуп эсептелет, к. Жайташ.
С. Алиев

Киргизско-русский словарь Юдахина
жайчылык I
спокойствие, тишина; мирное время; досуг;
зар заманда жайчылык таба албадым Токтогул в тяжёлые времена (царизма) не нашёл я, Токтогул, покоя;
Айбанбоз - Манастын жайчылыкта мине турган аты Айбанбоз - имя коня, на котором ездил Манас в будни (не в торжественных случаях, не в походе);
жайчылыкта жазарбыз как-нибудь на досуге напишем.
жайчылык II
способности или действия жайчы (см.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
распростёртый, раскинувшийся; широкий;
жайык бет широколицый; с плоским лицом;
көк жайык зелёная горная поляна;
төш жайыгын караса, дөбөлүү тоонун керидей фольк. если посмотреть на ширину его груди, она подобна бугристому склону горы;
алды жайык удачливый, счастливый;
жалпы-жайык см. жалпы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Жазы, кең; жалпак; жайылып жаткан, түз тегиздик. [Кыштактын]., чыгыш тарабы да кичине көтөрүлө түшүп, анан жайык сайдын нугу менен чектелет (Таштемиров). Кең көкүрөк жайык төш, Келберсиген шер экен («Семетей»). Жайык бет, Кашаттын үстү кыйла жерге мелтиреп жаткан чоң жайык (Байтемиров).,

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙЫК (Орол, Урал) — топоним. Эпос боюнча түрк уруулары мекендеген жерлердин бири: «Эдил, Жайык жери бар, Эне-атабыз өскөн деп, Бир кыйла элдин кеби бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 16),— деп айтылат. Түштүк Урал жана Каспий бою ойдуңундагы дарыя. Эдил (Волга), Ж. (Урал) дарыялары түркчө мурдагы аталышы менен «Манас» эпосунда гана эмес, казак-кыргыздардын оозеки чыгармаларында алар качандыр бир кездерде мекендеп келген жерлер катары көп эскерилет. Бул Чыңгызкандын тукумдары негиздеген Алтын-Ордонун талкаланып, анын курамындагы айрым уруулардын кийин казак-кыргыздардын арасына келип сиңип кетиши менен байланыштуу.
Географиялык реалияда Урал 1775-ж. чейин Жайык деп аталган. Түштүк Урал жана Каспий бою ойдуңундагы дарыя.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жазы, кенен, жайылып жаткан түздүк. Биз айылдан чыгып кечмелиги жайык өзөн сууга туш келдик (Каимов). Ошонун эки өйүзү бизге карайт, жана да белден берки жайык талаа (Турусбеков). Кашаттын үстү кыйла жерге мелтиреп жаткан, чоң жайык (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жайыл I
ар.
(о человеке) свирепый, злой, злющий.
жайыл II
ар.
злоба, злобствование;
жайылым кармады я страшно обозлился.
жайыл- III
возвр.-страд. от жай- IV
1. разостлаться; распростереться, распространиться вширь; разойтись, раскинуться во все стороны;
2. распространиться, развернуться;
жаман кагазга сыя жайылып кетет на плохой бумаге чернила расплываются;
кеңири жайылган широко распространённый;
жайылды элге атагым стих. слава обо мне распространилась в народе;
этек, жеңи жайылган (о человеке, народе) живущий привольно и в полном благополучии (букв. с распущенными полами и рукавами);
этек, жеңи жайылсын желаю ему привольной и благополучной жизни;
күн жайылып ачылды погода стала ясной;
жайыл тасторкон скатерть-самобранка;
ак көрпө жайыл (о женщине) идеальная, совершенная во всех отношениях (степенная, разумная, хозяйственная, приветливая и т.п.);
күндүн мурду жайыла см. мурун I.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жыйнаксыз, эндекей. Жерге кирсин жайыл деп желкеге кылыч бир уруп («Манас»). 2. Айкөл, берешен, жайыл дасторкон, кең пейил. Жайыл Манас көрбөсүн («Манас»). Ар бири кээде ойчул, кээде шайыр, Ар бири кээде сараң, кээде жайыл.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Үйүнөн тамак-ашы үзүлбөгөн, бапырап жайнап турган, казан-аштуу, берешен, меймандос. Берекеси жайнаган бир жайыл дасторкон өңдөнөт (Бердикеев). Силер мени сараң, дейсиңер, байлыгым ашып-ташып турганда мен жайыл дасторконмун (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үйүнөн тамак-ашы үзүлбөгөн, бапырап жайнап турган, казан-аштуу, берешен, меймандос. Берекеси жайнаган бир жайыл дасторкон өңдөнөт (Бердикеев). Силер мени сараң дейсиңер, байлыгым ашып-ташып турганда мен жайыл дасторконмун (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жайылуу I
и. о. от жайыл- III.
жайылуу II
разостланный, распростёртый, раскинутый, распущенный;
тасторкон жайылуу скатерть разостлана;
кара чачы жайылуу фольк. её чёрные волосы распущены;
мисте менен бадамы капта турат жайылуу стих. (у торговца) фисташки и миндаль стоят в мешки насыпаны.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жок кылуу, көзүн тазалоо, өлтүрүп коюу. Айтканыма көнбөсөң, Азыр табам жайыңды (фольк.). 2. Кандайдыр бир иштин аткарылышынын мүмкүнчүлүгүн, ыгын келтирүү. Анын жайын өзүбүз табабыз («Ала-Тоо»). Ошонун жайын таба албасак, өлгөн экенбиз, - деп Адыл каткыра Мадыны далыга кагып койду (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жок кылуу, көзүн тазалоо, өлтүрүп коюу. Айтканыма көнбөсөң, Азыр табам жайыңды (фольк.). 2. Кандайдыр бир иштин аткарылышынын мүмкүнчүлүгүн, ыгын келтирүү. Анын жайын өзүбүз табабыз («Ала-Тоо»). Ошонун жайын таба албасак, өлгөн экенбиз, – деп Адыл каткыра Мадыны далыга кагып койду (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. пастьба;
мал жайытын билбейсиң ты не знаешь, где и как пасти скот;
2. пастбище;
малдын жайыты болбой баратат пастбищ для скота не хватает; с пастбищами для скота туго;
жаман койчу жайытын бир күндө түгөтөт погов. дурной пастух овец в один день стравит своё пастбище;
жайыт-сугат трести пастбищно-мелиоративный трест;
жайыт кенен болсун! да будет пастбище просторным! (пожелание перекочёвывающему на новое пастбище или находящемуся со скотом на пастбище);
3. простор, раздолье, ширь;
ээн-жайыт турмуш привольная жизнь;
жайыты кеңиди его поле деятельности расширилось, его сфера влияния расширилась;
чар жайыт то же, что чаржайыт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЙЫТ – өсүмдүк өсүп, мал оттотуу үчүн пайдаланылган айыл чарба жерлеринин бир түрү. Табыгый жана жасалма (маданий) жайыттар болот. Маданий жайыт – үстүнкү же түпкү катмары жакшыртылып, оту өскөлөң келген, такай багылып, жер семирткич себилген, которуштуруу жолу менен мал жая турган жайыт участкасы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мал жайылуучу жер. Шамбет жайлоого чейин жете барып, жайыттагы малды көрүп кайтты (Сыдыкбеков). Айылдын уйлары саалып, жайытына карата бет алдырылган (Жантөшев). Жылкы өз жанын өзү багып, жайы-кышы жайыттарда жүрө берет (Убукеев). 2. Жай, орун, мекен. Жайытың жайсыз болгондур, Жалгызым деп зыркырап (Токтогул). Жайытым жаман тарыды, Жалдырап көңүл арыды (Токтогул).