ЖАЙДАР — эпизоддук кейипкер. Көкөтөйгө аш берүү кеңешине катышкандардын бири Акбайдын атасы катары ысымы гана аталат (Сагымбай Орозбаков, 3. 76).
жайдары менен бирдей. Ак жайдар сиздей мартта бар (Эл ырлары).
1. открытого характера, сердечный, весёлый; приветливый;
баягы кадимкидей жайдары ачык сүйлөшөт они разговаривают между собой так же сердечно, как прежде;
комузум жок колумда, кор болдум өскөн жайдары фольк. нет в моих руках комуза - я, росший свободно, унижен;
багыбызга Алтынай жайдары кылды чекени стих. на наше счастье Алтынай просветлела лицом;
2. молодец;
Алмамбет уулу Кулчоро жайдары көк жал мен болсом фольк. ведь я молодец-богатырь (см. жал I) Кюльчоро, сын Алмамбета;
3. жайдарым ласк. обращение;
жайдарым жалгыз Алмамбет, энекеңди кыйнадың фольк. мой единственный милый Алмамбет, матушке своей ты причинил страдания;
4. южн. дикорастущий;
жайдары алма дикорастущая яблоня; дикие яблоки.
сын. Шайыр, көңүлдүү, ачык-айрым. Жаш балдары эр чыккан
Жайдары совет элинен («Кыргыз фольклору»). Талыкпай Жумуш кылышат, Кыз-келини жайдары (Осмонкул).
Ачык-айрым, шайыр, көңүлдүү, маанайы ачык. Бетегелүү майданым, Пейли жакшы жайдарым (Токтогул). Айсалкын курбуларынан четтеп, жайдары мүнөзү өзгөрүп, суз болду (Каимов). Уулунун жайдары жүзүн көргөндө Кулбаш мурутунан күлүп койду (Абдукаримов). Жайдарым күлүмсүрөп маңдайы ачык (Турусбеков).
повеселеть; выказывать приветливость; чувствовать себя свободно, непринуждённо;
жайдарыланган болуп күлүмсүрөдү он, как бы выражая приветливость, улыбнулся.
жайдарылан-, жайдарыланбай, жайдарыланган
Эпилдеген жайдары мүнөздө болуу, ачык-айрым, көңүлү куунак, мээримдүү көрүнүштө болуу. Асалхан өтө мээримдүү адамдан бетер жайдарыланды (Жантөшев). Кандай сак-саламат турасыңарбы? – деп Түнкатар да жайдарыланды (Жантөшев).
жайдарылан этишинин кыймыл атоочу.
приветливость, благодушие.