Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙНАК — кырк чоронун бири. Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты Чалаңкөк жыйырма бешинчи болуп келип, Ж. Көгүчкөн деген кызга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 425). Ж. из кубар мыкты чоро катары белгилүү (Сагымбай Орозбаков, 3. 176).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙНАКЕ — эпизоддук кейипкер, Кыястын аялы, Жанаалынын кызы. Кыяс аялдары Ж. менен Каракөздүн төрөбөгөнүн Айчүрөккө айтат (Курама варианты, «Сейтек», 81).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙНАКЕ — эпизоддук кейипкер, Эштектин Жамгырчысынын байбичеси. Чачыкейден Акшумкардын дайынын билгени арага түшкөн үч байбиченин бири (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 27 — 29). Үмөтөй Семетейге каршылашып келгендеги эпизоддо Каныкей Ж-ни Темиркандын кызы, өзүнүн эжеси экендигин Семетейге айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 274).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙНАКОВА Айнек (1940, Жети-Өгүз району, Тосор айылы) — адабиятчы, илимпоз. Филология илимдеринин кандидаты (1985). 1964-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1968-ж. аспирантурасын бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун «Манас» бөлүмүндө эмгектенет. «Манас» эпосунун ар түрдүү проблемалары боюнча монографиялары бар: «Семетей» эпосунун тарыхый-генеалогиялык негизи» (1982), «Сейтек» — «Манас» трилогиясынын корутунду бөлүмү» (1984) жана «Манас» эпосунун варианттарындагы «С. Каралаевдин айтуусундагы «Семетей», «Сейтек» эпосторунун бөтөнчөлүгү» (1988). Ошондой эле Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манастын 1-томун, «Сейтекти» (Р. 3. Кыдырбаева менен бирдикте) түзүп, баш сөзүн жазган.