ЖАЙНАКОВА
Энциклопедия "Манас". ч.1.ЖАЙНАКОВА Айнек (1940, Жети-Өгүз району, Тосор айылы) — адабиятчы, илимпоз. Филология илимдеринин кандидаты (1985). 1964-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1968-ж. аспирантурасын бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун «Манас» бөлүмүндө эмгектенет. «Манас» эпосунун ар түрдүү проблемалары боюнча монографиялары бар: «Семетей» эпосунун тарыхый-генеалогиялык негизи» (1982), «Сейтек» — «Манас» трилогиясынын корутунду бөлүмү» (1984) жана «Манас» эпосунун варианттарындагы «С. Каралаевдин айтуусундагы «Семетей», «Сейтек» эпосторунун бөтөнчөлүгү» (1988). Ошондой эле Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манастын 1-томун, «Сейтекти» (Р. 3. Кыдырбаева менен бирдикте) түзүп, баш сөзүн жазган.