Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЙЫТ – өсүмдүк өсүп, мал оттотуу үчүн пайдаланылган айыл чарба жерлеринин бир түрү. Табыгый жана жасалма (маданий) жайыттар болот. Маданий жайыт – үстүнкү же түпкү катмары жакшыртылып, оту өскөлөң келген, такай багылып, жер семирткич себилген, которуштуруу жолу менен мал жая турган жайыт участкасы.