Киргизско-русский словарь Юдахина
1. пастьба;
мал жайытын билбейсиң ты не знаешь, где и как пасти скот;
2. пастбище;
малдын жайыты болбой баратат пастбищ для скота не хватает; с пастбищами для скота туго;
жаман койчу жайытын бир күндө түгөтөт погов. дурной пастух овец в один день стравит своё пастбище;
жайыт-сугат трести пастбищно-мелиоративный трест;
жайыт кенен болсун! да будет пастбище просторным! (пожелание перекочёвывающему на новое пастбище или находящемуся со скотом на пастбище);
3. простор, раздолье, ширь;
ээн-жайыт турмуш привольная жизнь;
жайыты кеңиди его поле деятельности расширилось, его сфера влияния расширилась;
чар жайыт то же, что чаржайыт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЙЫТ – өсүмдүк өсүп, мал оттотуу үчүн пайдаланылган айыл чарба жерлеринин бир түрү. Табыгый жана жасалма (маданий) жайыттар болот. Маданий жайыт – үстүнкү же түпкү катмары жакшыртылып, оту өскөлөң келген, такай багылып, жер семирткич себилген, которуштуруу жолу менен мал жая турган жайыт участкасы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мал жайылуучу жер. Шамбет жайлоого чейин жете барып, жайыттагы малды көрүп кайтты (Сыдыкбеков). Айылдын уйлары саалып, жайытына карата бет алдырылган (Жантөшев). Жылкы өз жанын өзү багып, жайы-кышы жайыттарда жүрө берет (Убукеев). 2. Жай, орун, мекен. Жайытың жайсыз болгондур, Жалгызым деп зыркырап (Токтогул). Жайытым жаман тарыды, Жалдырап көңүл арыды (Токтогул).