Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мал жайылуучу жер. Шамбет жайлоого чейин жете барып, жайыттагы малды көрүп кайтты (Сыдыкбеков). Айылдын уйлары саалып, жайытына карата бет алдырылган (Жантөшев). Жылкы өз жанын өзү багып, жайы-кышы жайыттарда жүрө берет (Убукеев). 2. Жай, орун, мекен. Жайытың жайсыз болгондур, Жалгызым деп зыркырап (Токтогул). Жайытым жаман тарыды, Жалдырап көңүл арыды (Токтогул).