ЖАЙЛА
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаЭпостордо, жомоктордо жана болмуштарда дуба менен күндү жайлап, жайдын күнү кар жаадырган жадыгөйлөр болгону жөнүндө маалыматтар айтылат. Мындагы жайла сөзү жай+ла бөлүктөрүнөн турат. Анын жай уңгусу жай таш деген учурда айтылат. Бул жай сөзү байыркы түрк эстеликтеринде йат түрүндө айтылган (ДТС, 247). Ал иранча джаду сөзүнө туура келген (ПРС, 144). Байыркы түрктөр жана ирандар йат ташын дубалап, жайчы кишилер кар, жамгыр жаадырат деп ишенишкен. Кыргыз тилиндеги жай таш, жайла, жайчы сөздөрүнүн уңгусун түзгөн жай дегени байыркы түркчө йат сөзүнүн т тыбышы й тыбышына алмашуудан келип чыкса, жадаа, жадыгөй, жадыгөр деген учурларда иранча формасы сакталган.