Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙСАҢ — кырк чоронун бири, Үмөттүн уулу. Чоролордун катарында дайыма аты аталат. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты он сегизинчи келип Ж. тагдырына буюрган Албүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 68, 93, 149, 394, 419, 424; 3. 49, 175; 4. 43).