ЖАЙДАК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАзыркы кыргыз тилинде жайдак сөзү сын атооч же тактооч сыяктуу касиетке ээ болуп, баяндооч менен да, атооч сөздөр менен да айкалышып айтыла берет. Мисалы: жайдак мин, жайдак чап, жайдак ат, жайдак жер.
Бул сөз байыркы түрк жазууларында йадаг, йада-гун, йадаглыг түрүндө айтылып, «жөө» маанисии берген. Болжолу, жайдак сөзү алгачкы йалаң адакун, йалан адаглыг деген эки сөздүн биригишинен келип чыккан.
Эң алгач йалаң адаклык же адагун мин деген учурда айтылып, атка токум токубай, буту менен мингенди гана туюнткан. Кийин ал тизмек кыскарып, йадак// йайдак түрүнө келгенде, адепки сөзмө-сөз мааниси унутулуп, жайдак сөзү жайдак ат, жайдак жер, жайдак төш сыяктуу учурларда да колдоно турган боло баштап сөздүн алгачкы маанисин жана морфемалык курамын ажыратуу кыйындап кеткен.