Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Өтө көп чачылуу, эң эле көп болуп көрүнүү. Буудай жерге жайнап калды. Жылдыздар жайнап чыгып калыптыр. Жер жайнаган мал. Жайнаган элди кубанткан Жайлата кылган демилгең (Токтогул).
2. өт. Жалжылдоо, жоодуроо; жаркыроо (мис., нур); кулпуруу (мис., гүл). Сагынып көзү жайнаган Жарыңар күгпөгп силерди (Аалы). Жарык нурлар жайнап жерге төгүлдү (Калык). Байчечекей жайнап турат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. широко и во множестве рассыпаться;
жайнаган эл келе атат движется масса народа;
жайнаган кол многочисленное войско;
кумурскадай жайнаган эл народ, кишащий как муравьи; огромная масса народа;
буудай жерде жайнап калды пшеница рассыпалась (в большом количестве);
жылдыздар жайнап чыгып калыптыр звёзды усыпали (небо);
алардын үйү жайнап, толуп турат у них дом - полная чаша;
2. (о глазах) быть красивыми и большими;
ботодой козү жайнайт её красивые глаза широко раскрылись;
3. соблазнительно красоваться;
алдына килкилдеген жаш козунун эти, кымыз, боорсок дебей, жайнап келди перед ним соблазнительно предстали мясо молодого барашка, кумыс и баурсаки (см. боорсок);
4. (о глазах) с завистью или с надеждой широко раскрыться;
пулу бардын оозу чайнайт, пулу жоктун көзү жайнайт погов. у кого деньги есть, у того рот жуёт, у кого денег нет, у того глаза завистливо блестят;
таңдай кургап, көз жайнап, чөлдө калар бекенбиз? фольк. неужели мы останемся в пустыне с сухим нёбом и с глазами (полными) ожидания?
кызыгып, көз жайнап кетти глаза разбежались.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жыбырап, эң эле көп болуу, жайылып-чачылган абалда болуу. Жылдызындай түндөрдүн, Жылкы жатат жайнаган (Үмөталиев). Жайнады дасторконго жемиш толуп (Үмөталиев). 2. Жалжылдоо, жоодураган, балбылдаган көрүнүштө болуу. Балбал этип жайнаса, Адамдын көркү көзүндө («Мендирман»). Жамалдын көздөрү жайнап, кубанычы ташый түштү (Жантөшев). // Шат, нурланган көрүнүштө, кубанычтуу абалда болуу. Кайгы-капа ойлонбой, Жайнап турат, балалык (Токтогул). Карт эне сүйүнгөндөн жайнап күлөт (Үмөталиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙНАК — кырк чоронун бири. Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты Чалаңкөк жыйырма бешинчи болуп келип, Ж. Көгүчкөн деген кызга үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 425). Ж. из кубар мыкты чоро катары белгилүү (Сагымбай Орозбаков, 3. 176).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙНАКЕ — эпизоддук кейипкер, Эштектин Жамгырчысынын байбичеси. Чачыкейден Акшумкардын дайынын билгени арага түшкөн үч байбиченин бири (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 27 — 29). Үмөтөй Семетейге каршылашып келгендеги эпизоддо Каныкей Ж-ни Темиркандын кызы, өзүнүн эжеси экендигин Семетейге айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 2. 274).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙНАКЕ — эпизоддук кейипкер, Кыястын аялы, Жанаалынын кызы. Кыяс аялдары Ж. менен Каракөздүн төрөбөгөнүн Айчүрөккө айтат (Курама варианты, «Сейтек», 81).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЙНАКОВА Айнек (1940, Жети-Өгүз району, Тосор айылы) — адабиятчы, илимпоз. Филология илимдеринин кандидаты (1985). 1964-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1968-ж. аспирантурасын бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунун «Манас» бөлүмүндө эмгектенет. «Манас» эпосунун ар түрдүү проблемалары боюнча монографиялары бар: «Семетей» эпосунун тарыхый-генеалогиялык негизи» (1982), «Сейтек» — «Манас» трилогиясынын корутунду бөлүмү» (1984) жана «Манас» эпосунун варианттарындагы «С. Каралаевдин айтуусундагы «Семетей», «Сейтек» эпосторунун бөтөнчөлүгү» (1988). Ошондой эле Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манастын 1-томун, «Сейтекти» (Р. 3. Кыдырбаева менен бирдикте) түзүп, баш сөзүн жазган.