Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жыбырап, эң эле көп болуу, жайылып-чачылган абалда болуу. Жылдызындай түндөрдүн, Жылкы жатат жайнаган (Үмөталиев). Жайнады дасторконго жемиш толуп (Үмөталиев). 2. Жалжылдоо, жоодураган, балбылдаган көрүнүштө болуу. Балбал этип жайнаса, Адамдын көркү көзүндө («Мендирман»). Жамалдын көздөрү жайнап, кубанычы ташый түштү (Жантөшев). // Шат, нурланган көрүнүштө, кубанычтуу абалда болуу. Кайгы-капа ойлонбой, Жайнап турат, балалык (Токтогул). Карт эне сүйүнгөндөн жайнап күлөт (Үмөталиев).