Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. I. Орун алуу, бир жерге орношуу, жайланышуу. Орунга жайлашып отуруу.
  1. 2.                  Элдешүү, тынчышуу, жай сүйлөшүү.

Жайлашып жолго салайын, Жакшылык
кылып калайын («Манас»). Жайлашып жакшы жөнөткүн («Курманбек»).
  1. 3.                  Өлтүрүү, жок кылуу, түбүнө жетүү. Келди бекен кырылгыр, Олжобайды жайлашып («Олжобай менен Кишимжан»).

ЖАЙЛАШ II жайла I этишинин кош мамилеси.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Орун алуу, жайланышуу, бир жерге орношуу. Жайлоосу берекелүү малдын жери, Жайлашат шаттуулукта кыргыз эли («Сажи»). 2. Элдешүү, жарашуу, жай сүйлөшүү, тынчышуу, жөнгө салуу, жайгаштыруу. Жайлашып жолго салайын, Жакшылык кылып калайын («Манас»). Жайлашып жакшы жөнөткүн («Курманбек»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Орду-ордуна коюу, орноштуруу, жай-жайына коюу. — Апей, иним келип калды көрүнөт, аларды жайлаштырып келе коёюн («Советтик Кыргызстан»).
2. Элдештирүү, жараштыруу, тынчытып коюу. Жакшы жигит белгиси, Айылдан чыккан чатакты Жайлаштырып бүтөгөн (Осмонкул).