Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Чайпалуу, теңселүү, ыргалуу; кубулуу, кулпуруу; чоң, узун келип, жайылып туруу (мис., сакал). Жайкала басат. Жайкалып жашыл шибер миң кубулуп, Чачырайт ак байчечек төрдүн гүлү (Үмөталиев). Сакалы жайкалган карыя.
2. Жарашып, келишип туруу. Көйнөгү жайкалып турат. Жакшы айгырдын үйрү өсүп, Жал-куйругу жайкалган (Осмонкул).