Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир нерсени жазуу, бүктөлбөгөн, жыйылбаган абалга келтирүү, төшөө. Бурма кайнаган самоорду алып келип, дасторконду жайды (Каимов). Дилде төргө шырдак салып, үстүнө көлдөлөң жайып койгон экен (Байтемиров). || Жазып илүү. Тээтигинде кир жайып, Карап турат бураң бел (Турусбеков). 2. Жайылта жиберүү, каптатуу, коё берүү. Ысмайыл сууну эгинге жайып коюп карап турат (Турусбеков). || Агуу, жайыла чыгуу. Бутунан кан жая бериптир. Шилтеген жерден кан жайган. 3. Оттотуу, кайтаруу, жайылтуу.  Кой жайып кетип баратсам, бир кой артта калып калды (Жантөшев). 4. Таратуу, көпчүлүккө маалим кылып жиберүү. Ар кандай сөздөрдү тез эле эл арасына жайып жиберди (Токомбаев).